# 5-берене. Геодезиялык жана картографиялык ишти жүзөгө ашыруунун принциптери

- Документ: [Геодезия, картография жана мейкиндик дайындары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230045410)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 58 "Геодезия, картография жана мейкиндик дайындары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230045410/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5744/edition/52293/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230045410/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Геодезия, картография жана мейкиндик дайындары жөнүндө, 5-берене (29.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230045410/st-5

---

Геодезия, картография, геомаалыматтык технологиялар жана мейкиндик дайындары чөйрөсүндөгү коомдук мамилелерди мамлекеттик жөнгө салуу төмөнкүдөй принциптерге негизденет:

1) геодезиялык жана картографиялык ишти жүзөгө ашыруунун тутумдуулугу жана үзгүлтүксүздүгү;

2) мейкиндик дайындарынын топтомдорунун толуктугу, ишенимдүүлүгү жана актуалдуулугу;

3) геодезиялык, картографиялык, геомаалыматтык, топографиялык жана гравиметриялык иштерди аткарууда өлчөөлөрдүн бирдейлиги;

4) бирдиктүү стандарттарды колдонуу;

5) мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды. жайылтылышы чектелген кызматтык маалыматты жана мыйзам менен корголуучу башка маалыматтарды кошпогондо, мейкиндик дайындарынын жеткиликтүүлүгү жана ачыктыгы;

6) бекитилген эсептөө тутумдарын пайдалануу;

7) интероперабелдүүлүк;

8) геодезия, картография, геомаалыматтык технологиялар жана мейкиндик дайындары чөйрөсүн өнүктүрүүгө дем берүү.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230045410/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230045410/st-6)
