# 25-берене. Мамлекеттик геодезиялык, нивелирдик жана гравиметриялык тарамдардын пункттарын коргоо

- Документ: [Геодезия, картография жана мейкиндик дайындары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230045410)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 58 "Геодезия, картография жана мейкиндик дайындары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230045410/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5744/edition/52293/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230045410/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Геодезия, картография жана мейкиндик дайындары жөнүндө, 25-берене (29.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230045410/st-25

---

1. Мамлекеттик геодезиялык, нивелирдик жана гравиметриялык тарамдардын пункттары, анын ичинде бул пункттардын жер үстүндөгү белгилери жана борборлору мамлекеттик менчик болуп саналат жана мамлекеттин коргоосунда болот.

Геодезиялык пункттарды бузуу же кайра салуу (которуу) ыйгарым укуктуу органдын уруксаты менен гана жүргүзүлөт. Ыйгарым укуктуу орган геодезиялык пункттардын тыгыздыгы жетишсиз, иштеп жаткан геодезиялык тарамды өнүктүрүүнүн жана жаңылоонун келечеги жок болгон учурда аларды бузуудан же кайра салуудан (которуудан) баш тартууга укуктуу.

2. Жер тилкелерин аларда геодезиялык пункттарды жайгаштыруу үчүн берүү Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

3. Аймагында геодезиялык пункттар жайгаштырылган жер тилкелеринин менчик ээлери жана жер пайдалануучулар төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) ыйгарым укуктуу органга геодезиялык пункттар бузулган же жок кылынган учурлар жөнүндө кабарлоого;

2) геодезиялык жана картографиялык иштерди жүргүзүү үчүн геодезиялык пункттарга кирүү (келүү) мүмкүнчүлүгүн берүүгө.

4. Геодезиялык жана картографиялык иштин субъекттери геодезиялык жана картографиялык иштерди аткарууда геодезиялык пункттардын сакталышын камсыз кылууга милдеттүү.

5. Геодезиялык пункттарды, туруктуу иштеген референцтик станцияларды жок кылуу же бузуу Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга алып келет.

6. Мамлекеттик геодезиялык, нивелирдик жана гравиметриялык тарамдардын пункттарына келтирилген зыяндын орду ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталуучу тартипте толтурулат.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230045410/st-23)  
Кийинки берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230045410/st-26)
