# 19-берене. Мейкиндик дайындарынын улуттук инфратүзүмүнүн мамлекеттик геопорталы

- Документ: [Геодезия, картография жана мейкиндик дайындары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230045410)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 58 "Геодезия, картография жана мейкиндик дайындары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230045410/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5744/edition/52293/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230045410/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Геодезия, картография жана мейкиндик дайындары жөнүндө, 19-берене (29.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230045410/st-19

---

1. Мейкиндик дайындарынын улуттук инфратүзүмүнүн мамлекеттик геопорталынын программалык-техникалык каражаттарынын комплексин жүргүзүүнү, программалык-техникалык коштоону жана модернизациялоону ыйгарым укуктуу орган камсыз кылат.

2. Мейкиндик дайындарынын улуттук инфратүзүмүнүн курамына киргизилген мейкиндик дайындарынын топтомдорунун ээлери мейкиндик дайындарынын топтомдорун геосервистердин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карты келбеген башка ыкмалардын жардамы менен өздөрүнүн веб-порталдарында жайгаштырууга, ошондой эле аларга пайдалануучулардын жана Мейкиндик дайындарынын мамлекеттик фондунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү. Мейкиндик дайындарынын топтомдорунун ээсинин өзүнүн веб-порталы жок болгон учурда ал өзү түзгөн мейкиндик дайындарынын топтомдорун жайгаштыруу жана бул топтомдор менен башка аракеттерди жасоо үчүн ыйгарым укуктуу органга кайрылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230045410/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230045410/st-20)
