# 17-берене. Мейкиндик дайындарынын топтомдору

- Документ: [Геодезия, картография жана мейкиндик дайындары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230045410)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 58 "Геодезия, картография жана мейкиндик дайындары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230045410/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5744/edition/52293/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230045410/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Геодезия, картография жана мейкиндик дайындары жөнүндө, 17-берене (29.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230045410/st-17

---

1. Мейкиндик дайындарынын топтомдору Мейкиндик дайындарынын улуттук инфратүзүмүнө белгиленген тартипте киргизилет. Ар бир мейкиндик дайындарынын топтомуна жана бул топтомдордун сервистерине метадайындар милдеттүү түрдө тиркелет.

2. Мейкиндик дайындарынын топтомдоруна жеткиликтүүлүк геосервистер аркылуу же ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган тартипте мейкиндик дайындарын пайдалануучуга берүү жолу менен камсыз кылынат.

3. Мамлекеттик базалык жана тематикалык мейкиндик дайындарынын топтомдору Мейкиндик дайындарынын улуттук инфратүзүмүнүн негизги компоненттери болуп саналат.

4. Тематикалык мейкиндик дайындарынын топтомдору базалык мейкиндик дайындарынын топтомдорун эсепке алуу менен түзүлөт жана жаңыланат.

Мейкиндик дайындарынын улуттук инфратүзүмүнө киргизилүүчү тематикалык мейкиндик дайындарынын топтомдору мамлекеттик электрондук маалымат ресурстарынын маалыматтарынан, мамлекеттик кадастрлардын курамынан, регистрлерден, реестрлерден, дайындар базаларынан, анын ичинде мамлекеттик географиялык маалымат тутумдарынан жана ресурстарынан түзүлөт.

5. Мейкиндик дайындарынын улуттук инфратүзүмүнө киргизилген базалык жана тематикалык мейкиндик дайындарынын топтомдору мамлекеттик географиялык маалымат тутумдарын жана ресурстарын түзүүдө жана (же) жаңылоодо пайдаланууга милдеттүү болуп саналат.

6. Башка маалымат булактарынын маалыматтарынан түзүлгөн базалык жана тематикалык мейкиндик дайындарынын топтомдору Мейкиндик дайындарынын улуттук инфратүзүмүнүн курамына киргизилет.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230045410/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230045410/st-18)
