# 15-берене. Мейкиндик дайындарынын мамлекеттик фонду

- Документ: [Геодезия, картография жана мейкиндик дайындары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230045410)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 58 "Геодезия, картография жана мейкиндик дайындары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230045410/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5744/edition/52293/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230045410/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Геодезия, картография жана мейкиндик дайындары жөнүндө, 15-берене (29.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230045410/st-15

---

1. Мейкиндик дайындарынын мамлекеттик фонду ыйгарым укуктуу органдын карамагында болот.

2. Мейкиндик дайындарынын мамлекеттик фондун жүргүзүүдө ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:

1) геодезиялык жана картографиялык иштин субъекттерине иштер пландалган тилкелердеги жерлердин геодезиялык жана картографиялык изилденгендиги жөнүндө маалыматтарды берүүнү;

2) мейкиндик дайындарын, метадайындарды кабыл алууну жана интероперабелдүүлүгүн текшерүү жана аларды Мейкиндик дайындарынын улуттук инфратүзүмүнүн мамлекеттик геопорталында жайгаштырууну;

3) Мейкиндик дайындарынын мамлекеттик фондунун курамына киргизилген материалдарды жана дайындарды эсепке алууну, жыйноону, сактоону жана сакталышын камсыз кылууну.

3. Мейкиндик дайындарынын мамлекеттик фондунун геодезиялык жана картографиялык иштин субъекттери менен өз ара аракеттенүүсү жана маалыматтарды берүүсү географиялык маалымат тутуму аркылуу жана (же) кагаз түрүндө ишке ашырылат.

4. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен геодезиялык жана картографиялык иштин натыйжасында алынган жана Мейкиндик дайындарынын мамлекеттик фондунун курамына киргизилген санариптик жана (же) окшош түрдөгү мейкиндик дайындары мамлекеттик менчикте болот.

5. Мейкиндик дайындарынын мамлекеттик фондунан маалыматтарды берүү акысыз жүргүзүлөт. Ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипке ылайык мейкиндик дайындарын түзүү жана сактоо боюнча чыгымдарды жабууга акы алат.

6. Геодезиялык жана картографиялык ишти жүзөгө ашыруучу субъекттер Мейкиндик дайындарынын мамлекеттик фондуна дайындардын электрондук вариантын акысыз берүүгө милдеттүү.

Материалдардын жана дайындардын тизмеги, аларды Мейкиндик дайындарынын мамлекеттик фондуна берүүнүн тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталуучу Мейкиндик дайындарынын мамлекеттик фондунун маалыматтарын түзүүнүн, жыйноонун, сактоонун, пайдалануунун жана берүүнүн эрежелери менен белгиленет.

7. Мейкиндик дайындарынын мамлекеттик фондунун мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды камтыган материалдары жана дайындары менен иштөө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырлар жөнүндө мыйзамдарын сактоо менен жүзөгө ашырылат.

8. Геодезиялык жана картографиялык иштин субъекттери мамлекеттик сырды түзгөн алынган маалыматтардын сакталышын камсыз кылууга, аларды ачыкка чыгарбоого жана материалдарды ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген мөөнөттө кайтарып берүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230045410/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230045410/st-16)
