15-берене. Мейкиндик дайындарынын мамлекеттик фонду
Күчүндө · 29.04.2026 редакциясы · 2-глава
1. Мейкиндик дайындарынын мамлекеттик фонду ыйгарым укуктуу органдын карамагында болот.
2. Мейкиндик дайындарынын мамлекеттик фондун жүргүзүүдө ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) геодезиялык жана картографиялык иштин субъекттерине иштер пландалган тилкелердеги жерлердин геодезиялык жана картографиялык изилденгендиги жөнүндө маалыматтарды берүүнү;
2) мейкиндик дайындарын, метадайындарды кабыл алууну жана интероперабелдүүлүгүн текшерүү жана аларды Мейкиндик дайындарынын улуттук инфратүзүмүнүн мамлекеттик геопорталында жайгаштырууну;
3) Мейкиндик дайындарынын мамлекеттик фондунун курамына киргизилген материалдарды жана дайындарды эсепке алууну, жыйноону, сактоону жана сакталышын камсыз кылууну.
3. Мейкиндик дайындарынын мамлекеттик фондунун геодезиялык жана картографиялык иштин субъекттери менен өз ара аракеттенүүсү жана маалыматтарды берүүсү географиялык маалымат тутуму аркылуу жана (же) кагаз түрүндө ишке ашырылат.
4. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен геодезиялык жана картографиялык иштин натыйжасында алынган жана Мейкиндик дайындарынын мамлекеттик фондунун курамына киргизилген санариптик жана (же) окшош түрдөгү мейкиндик дайындары мамлекеттик менчикте болот.
5. Мейкиндик дайындарынын мамлекеттик фондунан маалыматтарды берүү акысыз жүргүзүлөт. Ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипке ылайык мейкиндик дайындарын түзүү жана сактоо боюнча чыгымдарды жабууга акы алат.
6. Геодезиялык жана картографиялык ишти жүзөгө ашыруучу субъекттер Мейкиндик дайындарынын мамлекеттик фондуна дайындардын электрондук вариантын акысыз берүүгө милдеттүү.
Материалдардын жана дайындардын тизмеги, аларды Мейкиндик дайындарынын мамлекеттик фондуна берүүнүн тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталуучу Мейкиндик дайындарынын мамлекеттик фондунун маалыматтарын түзүүнүн, жыйноонун, сактоонун, пайдалануунун жана берүүнүн эрежелери менен белгиленет.
7. Мейкиндик дайындарынын мамлекеттик фондунун мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды камтыган материалдары жана дайындары менен иштөө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырлар жөнүндө мыйзамдарын сактоо менен жүзөгө ашырылат.
8. Геодезиялык жана картографиялык иштин субъекттери мамлекеттик сырды түзгөн алынган маалыматтардын сакталышын камсыз кылууга, аларды ачыкка чыгарбоого жана материалдарды ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген мөөнөттө кайтарып берүүгө милдеттүү.
Берененин тексти 29.04.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин 2026-жылдын 24-августундагы № 10-1/245…Приказ · 24.08.2026 · № 10-1/245
- Кыргыз Республикасынын Мейкиндик дайындарынын мамлекеттик фондунун маалыматтарын түзүүнүн, жыйноонун, сактоонун, пайдалануунун жана берүүнүн эрежелери (Кыргыз Республикасынын…Правила · 24.08.2026 · № 10-1/245
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230045410/st-15" title="15-берене - Геодезия, картография жана мейкиндик дайындары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>