# 14-берене. Жергиликтүү объекттер жөнүндө маалыматтарды берүү

- Документ: [Геодезия, картография жана мейкиндик дайындары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230045410)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 58 "Геодезия, картография жана мейкиндик дайындары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230045410/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5744/edition/52293/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230045410/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Геодезия, картография жана мейкиндик дайындары жөнүндө, 14-берене (29.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230045410/st-14

---

1. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан каржылоонун эсебинен түзүлүүчү дайындар, мейкиндик дайындарынын жана геосервистердин метадайындары Мейкиндик дайындарынын улуттук инфратүзүмүнүн мамлекеттик геопорталында жайгаштырылууга тийиш.

2. Атайын, топографиялык карталарда жана пландарда чагылдырылууга тийиш болгон жерлердин объекттери жөнүндө мейкиндик дайындарынын ээлери болгон мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары картографиялык жана геодезиялык материалдардын көчүрмөлөрүн тиешелүү аймакта геодезиялык жана картографиялык иштерди республикалык жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен аткарган геодезиялык жана картографиялык иштин субъекттеринин суроо-талаптары боюнча, ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган тартипте берет.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230045410/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230045410/st-15)
