# 12-берене. Эсептөө тутумдары

- Документ: [Геодезия, картография жана мейкиндик дайындары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230045410)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 58 "Геодезия, картография жана мейкиндик дайындары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230045410/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5744/edition/52293/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230045410/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Геодезия, картография жана мейкиндик дайындары жөнүндө, 12-берене (29.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230045410/st-12

---

1. Геодезиялык жана картографиялык иштер мамлекеттик, жергиликтүү жана шарттуу болгон координаттык, бийиктик жана ар түрдүү датумдарга негизденген гравиметриялык эсептөө тутумдарын пайдалануу менен аткарылат.

2. Жердин формасынын жана гравитациялык талаасынын параметрлери, башка параметрлер мамлекеттик координаттык, бийиктик, гравиметриялык эсептөө тутумдарын белгилөөнүн алкагында аныкталат.

3. Геодезиялык жана картографиялык иштин бардык субъекттери мамлекеттик жана жергиликтүү координаттар тутумдарынын ортосундагы кайра түзүүнүн бекитилген параметрлерин колдонууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230045410/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230045410/st-13)
