Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «2022-жылдын 21-декабрында Жидда шаарында кол коюлган Коррупция менен күрөшүү чөйрөсүндө укук колдонуу жаатындагы кызматташтык жөнүндө Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Мекке конвенциясына Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 28-апрели № 302
2022-жылдын 21-декабрында Жидда шаарында кол коюлган Коррупция менен күрөшүү чөйрөсүндө укук колдонуу жаатындагы кызматташтык жөнүндө Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Мекке конвенциясына Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2022-жылдын 21-декабрында Жидда шаарында кол коюлган Коррупция менен күрөшүү чөйрөсүндө укук колдонуу жаатындагы кызматташтык жөнүндө Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Мекке конвенциясына кошулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жогоруда аталган Мекке конвенциясын ишке ашыруу үчүн жооптуу мамлекеттик органдар болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Ислам Кызматташтык Уюмунун Башкы катчылыгына 2022-жылдын 21-декабрында Жидда шаарында кол коюлган Коррупция менен күрөшүү чөйрөсүндө укук колдонуу жаатындагы кызматташтык жөнүндө Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Мекке конвенциясына Кыргыз Республикасынын кошулгандыгы тууралуу кабарласын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 12-майындагы № 34 (3794) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64