Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
2026–2027-жылдарга Кыргыз Республикасында атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планы (Тиркеме Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесине)
Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 297-т тескемесине)
2026–2027-жылдарга Кыргыз Республикасында атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планы
№
Милдеттер
Чаралар/ аракеттер
Ишке ашыруу мөөнөтү
Күтүлүүчү натыйжалар
Жооптуу аткаруучулар
Ишке ашырууга каражаттар
1-глава. Газдаштыруу. 1
Бишкек шаарынын жана ага чектеш аймактардын калктуу конуштарын газдаштыруу
Ак-Босого, Эне-Сай, Селекционное 2, 69 Га, Биримдик турак жай массивдерин газ менен камсыз кылуу
2027-жылдын IV кварталы
Турак жай массивдериндеги 10,0 миңге жакын үй чарбасы жаратылыш газына кошулду
«Газпром Кыргызстан» ЖЧК (макулдашуу боюнча), ЭМ, Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча)
Инвестициялык каражаттар, бюджеттен тышкаркы каражаттар
2
Кыргыз Республикасынын Ош, Жалал-Абад облустарын туруктуу негизде жаратылыш газы менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү
«Ош» ГБСинин жана «Манас» ГБСинин алдында жаратылыш газынын басымын турукташтыруу максатында 98–124 км участогундагы «Хаваст – Фергана» МГТнын иштөө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү
2027-жылдын II кварталы
Жаратылыш газына туруктуу жеткиликтүүлүк камсыздалды
«Газпром Кыргызстан» ЖЧК (макулдашуу боюнча), ЭМ, КРП Ош жана Жалал-Абад облустарындагы ЫУӨ, Ош, Манас шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча)
Инвестициялык каражаттар, бюджеттен тышкаркы каражаттар
2-глава. Жылуулук менен камсыздоо жана отундун сапаты
3
Бишкек ЖЭБинен атмосферага булгоочу заттардын чыгышын азайтууну камсыз кылуу
От казан агрегаттарындагы чаң-газ тазалоочу орнотмолордун (ЧГТО) эскилиги жеткен электр чыпкаларын оңдоо, модернизациялоо
2026-жылдын III кварталы
№ 23 от казан агрегатынын электр чыпкаларына капиталдык оңдоо жүргүзүлдү
ЭМ, Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), «Бишкек жылуулук электр борбору» МИ (макулдашуу боюнча)
Жергиликтүү бюджеттин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар
4
Жеке турак үйлөрдү жана жеке уюмдарды жылытуу үчүн экологиялык таза чечимдерди киргизүүнү колдоо
Жеке жана юридикалык жактарга альтернативдүү, экологиялык жылытуу булактарына (газдаштыруудан тышкары) жеңилдетилген кредиттерди берүүнү камсыз кылуу
2026-жылдын IV кварталы
Экологиялык жылытуу булактарына өтүү үчүн жеңилдетилген каржылоо программасы киргизилди
ФМ, ЖРЭТКМ, «Элдик Банк» ААК (макулдашуу боюнча), «АБанк» ААК (макулдашуу боюнча)
Дүйнөлүк банктын (ДБ) инвестициялык каражаттары
5
Муниципалдык көмүр от казандарын альтернативдүү энергия булактарына өткөрүү, ошондой эле аларды ЧГТО менен камсыз кылуу
Көмүр от казандарын алмаштыруу
2027-жылдын III кварталы
Кеминде 6 көмүр от казаны альтернативдүү энергия булактарына которулду
Бишкек, Ош, Манас шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча)
Жергиликтүү бюджеттин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар
3-глава. Жашылдандыруу жана ирригация
6
Көп батирлүү үйлөрдүн короолорун жана турак жай массивдерин жашылдандыруу
Жашыл өсүмдүктөрдүн учурдагы абалын инвентаризациялоо, бак-дарактарды, бадалдарды отургузуу жана гүлзарларды түзүү, жергиликтүү тургундарды жашыл зоналарды тейлөөгө жана сактоого тартууну камсыз кылуу
Дайыма
Жашыл зоналар көбөйтүлдү, чаңдын жана булгоочу заттардын деңгээли азайды, ошондой эле турак жай райондорундагы микроклимат жакшыртылды
Бишкек, Ош, Манас шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча)
Жергиликтүү бюджеттин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар
7
Жашыл өсүмдүктөрдүн ооруларынын алдын алуу жана жайылуу коркунучун азайтуу
Пландуу профилактикалык жана коргоочу иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү
Дайыма
Жашыл өсүмдүктөрдүн фитосанитардык абалы жакшырды, оорулардын жайылуу коркунучу төмөндөдү жана өсүмдүктөрдүн атмосфералык абанын булгануусуна туруктуулугу жогорулады
Бишкек, Ош, Манас шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча)
Жергиликтүү бюджеттин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар
8
Жашыл өсүмдүктөрдү сугат суу менен камсыз кылуу үчүн ирригациялык инфраструктураны өнүктүрүү
Жашыл өсүмдүктөрдү сугаруу үчүн суу муктаждыктарына изилдөө жүргүзүү, турак жай массивдеринде жана парктарда ирригациялык тармактарды куруу жана реконструкциялоо, экологиялык ченемдерди эске алуу менен жаңы скважиналарды бургулоо, ошондой эле сууну үнөмдөө үчүн тамчылатып сугаруу системаларын киргизүү
2026-жылдын IV кварталы
Туруктуу жана натыйжалуу сугаруу камсыздалды, жашыл өсүмдүктөрдүн абалы жакшыртылды жана алардын узак өсүүсү жогорулады, ошондой эле нымдуулуктун жогорулашынын эсебинен чаңдын деңгээли азайды
Бишкек, Ош, Манас шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча)
Жергиликтүү бюджеттин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар
9
Шаарларда жашылдандырылган жана көрктөндүрүлгөн аймактарды кеңейтүү
Парк зоналарын, скверлерди жана чакан эс алуу зоналарын көрктөндүрүү жана куруу
2027-жылдын IV кварталы
Скверлердин жана чакан эс алуу зоналарынын аянты көбөйтүлдү
Бишкек, Ош, Манас шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча)
Жергиликтүү бюджеттин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар
10
Бишкек шаарын жашылдандырууну жакшыртуу
Шаардык абанын булганышын азайтуу үчүн атайын иштелип чыккан жашыл тилке түрүндө шаарды жашылдандыруу боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизүү
2027-жылдын IV кварталы
Шаардын сыртынан келген шамал учурган чаңдын таасири жумшартылды
ЖРЭТКМ, Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча)
ДБнын инвестициялык каражаттары
11
Шаарлардын аймактарында парктарды жана питомниктерди уюштуруу
Шаарлардын аймактарында парктарды курууга жана питомниктерди уюштурууга ылайыктуу жер тилкелерин аныктоо
2027-жылдын III кварталы
Шаарлардын аймактарында парктар жана питомниктер уюштурулду
Бишкек, Ош, Манас шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча)
Жергиликтүү бюджеттин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар
12
Бишкек шаарынын аймагындагы ирригациялык системанын жана көчөттөрдү эсепке алуунун санариптик базасын иштеп чыгуу
Шаардын ирригациялык системаларынын санарип картасын иштеп чыгуу, «e-meria» маалыматтык системасына коомдук контролдоо мүмкүнчүлүгү менен отургузулган дарактардын саны жөнүндө маалыматтарды чагылдыруу функциясын киргизүү
2027-жылдын IV кварталы
Шаардын ирригациялык системасын жана жашыл өсүмдүктөрдү башкаруу үчүн заманбап санариптик инфраструктура түзүлдү
Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча)
Жергиликтүү бюджеттин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар
4-глава. Транспорт жана жол инфраструктурасы
13
Ош шаарында экологиялык таза коомдук транспортко өтүү, муниципалдык электр транспорт каражаттарынын санын көбөйтүү
Жаңы электр автобустарын сатып алуу, электр транспорту үчүн учурдагы инфраструктураны жаңылоо (заряддоо станциялары, депо)
2027-жылдын IV кварталы
Экологиялык таза отун менен жүрүүчү транспорт каражаттарынын саны көбөйдү
Ош шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), Ош шаардык муниципалдык автотранспорт ишканасы (макулдашуу боюнча)
Инвестициялык каражаттар (ЕРӨБ, гранттык жана кредиттик линиялар)
14
Велосипед инфраструктурасын өнүктүрүү
Велосипед транспортун өнүктүрүү үчүн инфраструктура түзүү:
– велосипед жолдорунун, тилкелердин тармагын түзүү;
– велосипед токтотуучу жайлардын тармагын түзүү
2027-жылдын II кварталы
Көчөлөрдө, рекреациялык жана жашылдан-дырылган аймактарда велосипед тилкелеринин жана велосипед жолдорунун, велосипед токтотуучу жайлардын тармагы өнүктүрүлдү
Бишкек, Ош, Манас шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча)
Республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин алкагында
15
Жолдордун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жана коомдук транспортту пайдалануунун жагымдуулугун жогорулатуу
Коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкелерди уюштуруу менен автобустун ылдам жүрүү системасын киргизүү
2026-жылдын IV кварталы
Муниципалдык коомдук транспорттун өткөрүү жөндөмдүүлүгү жакшыртылды, коомдук транспортто жол жүрүү убактысы кыскартылды, көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты жогорулады, коомдук транспорт менен жүргүнчүлөрдү ташуу учурунда жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу камсыздалды
Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча)
Жергиликтүү бюджеттин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар
16
Республикалык маанидеги шаарларда жана автожолдорунда электр заряддоо инфраструктурасын өнүктүрүү
Электр заряддоо станцияларын орнотуу
2027-жылдын IV кварталы
Электр заряддоо станцияларынын саны 50 % чейин электромобил-дердин заряддоо муктаждыктарын камсыздайт
ЭМ, ТКМ, КРП Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарындагы ЫУӨ, Бишкек, Ош, Манас шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча)
Жергиликтүү бюджеттин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар
17
Шаардык транспорт инфраструктурасын өркүндөтүү
Реконструкция-ланган жолдордун санын көбөйтүү жана жөө жүргүнчүлөргө жана жеке мобилдүүлүккө багытталган жаңы автомобиль жолдорун куруу
2027-жылдын III кварталы
Жөө жүргүнчүлөр жана жеке мобилдүүлүк каражаттары үчүн артыкчылык менен көчө инфраструктурасын өнүктүрүү аркылуу коопсуз, жеткиликтүү жана экологиялык жактан таза шаардык чөйрө түзүлдү
Бишкек, Ош, Манас шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча)
Жергиликтүү бюджеттин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар
5-глава. Курулуш жана долбоорлоо
18
Ош шаарындагы катуу тиричилик калдыктарын жайгаштыруучу полигонду рекультивациялоо
Долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүү, долбоордук документтерди даярдоо жана бекитүү, ошондой эле жер иштерин жүргүзүү жана көрктөндүрүү
2027-жылдын IV кварталы
Полигонду рекультивациялоо жүргүзүлдү, экологиялык коркунучту жоюуга жана аймакты чарбалык жүгүртүүгө же коопсуз абалга кайтарууга багытталган комплекстүү натыйжа түзүлдү
Ош шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), «Ош-Тазалык» МИ (макулдашуу боюнча)
Инвестициялык каражаттар (ЕРӨБ, гранттык жана кредиттик линиялар)
19
Ош шаарында таштандыларды өрттөөчү заводду куруу
Ош шаарында таштандыларды өрттөөчү заводду эксплуатациялоого киргизүү
2027-жылдын IV кварталы
Электр энергиясын иштеп чыгуу менен таштандыларды өрттөөчү завод эксплуатациялоого киргизилди
Ош шаарынын мэриясы (макулдашуу бюнча), ЖРЭТКМ
Инвестициялык каражаттар («Хунан Цзюнсин» компаниясы)
20
Шамалдын багытын эске алуу менен объекттерди долбоорлоо боюнча методикалык колдонмону (нускамаларды) иштеп чыгуу
Объекттерди шамалдын багытын эске алуу менен долбоорлоо боюнча методикалык колдонмону (нускаманы) бекитүү
2026-жылдын IV кварталы
Шамалдын багытын эске алуу менен объекттерди долбоорлоо боюнча методикалык колдонмо иштелип чыкты
Курулуш министрлиги, ӨКМ, УИА
Республикалык бюджеттин алкагында
21
Кара-Кече кенинде көмүрдү байытуу жана брикеттөө
Кара-Кече кенинде көмүрдү сорттоо, байытуу жана брикеттөө фабрикасын куруу
2027-жылдын IV кварталы
Калк сапаттуу байытылган көмүр менен камсыздалды, атмосфералык абага зыяндуу заттардын чыгышы кыскартылды, көмүр продукциясын импорттоого болгон муктаждык азайтылды, энергетикалык көз карандысыздык камсыздалды
ЭМ, ЭКМ, ЖРЭТКМ
Республикалык бюджеттин каражаттарынын, бюджеттен тышкаркы каражаттардын, инвестициялык каражаттардын алкагында
6-глава. Калктын саламаттыгы
22
Калктын аялуу категорияларынын ден соолугун коргоо
Абанын булгануу деңгээли жогору болгон региондордогу улгайган жарандар жана майыптыгы бар адамдар, анын ичинде майыптыгы бар балдар үчүн үзгүлтүксүз медициналык скринингдерди, анын ичинде социалдык стационардык мекемелерде (дем алуу системасы, жүрөк-кан тамыр оорулары) уюштуруу
Дайыма
Үзгүлтүксүз скринингдер социалдык стационардык мекемелердин камкордугундагы-лардын дем алуу жана жүрөк-кан тамыр системаларынын ооруларын эрте аныктоону камсыз кылды, бул өз убагында алдын алууга жана оорулардын кабылдоо тобокелдигин азайтууга мүмкүндүк берди
ССМ, ЭСКММ
Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар
23
Жашыл зоналарда сейилдөөлөрдү, дем алуу гимнастикасын, ооруларды алдын алууну камтыган экологиялык компоненти бар «Активдүү узак жашоо» программасын иштеп чыгуу
2030-жылга чейин «Активдүү узак жашоо» мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө КР МК токтомунун долбоорун иштеп чыгуу
2026-жылдын IV кварталы
КР МК токтомунун долбоору иштелип чыкты
ЭСКММ, Курулуш министрлиги, ЖРЭТКМ
Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында
7-глава. ЧУА контролдоо жана мониторинг жүргүзүү, өркүндөтүү
24
Ишкердик субъекттери тарабынан көмүрдү, мазутту жана тыюу салынган предметтерди (тигүү калдыктары, пластик жана башкалар) отун катары колдонууга жол бербөө
Объекттерди инвентаризациялоо жана Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарын сактоо боюнча контролдук-рейддик иш-чараларды күчөтүү
Дайыма
Үзгүлтүксүз рейддик иш-чаралар өткөрүлүүдө, калктын маалымдуулугу жогорулатылууда
ЖРЭТКМ, ИИМ, Бишкек, Ош, Манас шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча)
Тартылган министрликтер жана ведомстволор үчүн тиешелүү жылга каралган республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында
25
Конуштардагы жеке мончолордун от казандарынан чыккан булгоочу заттардын чыгарылышын азайтуу
Жылытуу үчүн отундун альтернативдүү түрлөрүн (электр энергиясын, табигый газды жана башкаларды) пайдаланган муниципалдык, социалдык мончолордун курулушун жүзөгө ашыруу
2027-жылдын IVкварталы
Жылытуу үчүн альтернативдүү отундун түрлөрүн пайдаланган муниципалдык социалдык мончолор ишке киргизилди
Бишкек, Ош, Манас шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), Курулуш министрлиги
Жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын алкагында
26
Ар бир региондо аймактарды бирдей камтуу менен жер үстүндөгү транспорт каражаттарына техникалык кароо жүргүзүү үчүн мамлекеттик диагностикалык борборлордун тармагын түзүү жана кеңейтүү
Жер үстүндөгү транспорт каражаттарын техникалык кароо боюнча мамлекеттик диагностикалык борборлордун системасын иштеп чыгуу
2027-жылдын IV кварталы
Техникалык кароо боюнча мамлекеттик диагностикалык борборлордун системасы түзүлдү
ЭКМ, КРПИБ караштуу ТКАККМБ (макулдашуу боюнча), ИИМ
Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында
27
Жер үстүндөгү транспорт каражаттарына техникалык кароо жүргүзүү жаатындагы ЧУА иштеп чыгуу
Жер үстүндөгү транспорт каражаттарына техникалык кароо жүргүзүү тартибин иштеп чыгуу
2026-жылдын IV кварталы
Транспорт каражаттарына техникалык кароо жүргүзүү тартиби киргизилди
ЭКМ, КРПИБ караштуу ТКАККМБ (макулдашуу боюнча), ИИМ
Жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын алкагында
28
Атмосфералык абанын булганышына мониторинг жүргүзүү үчүн датчиктерди эксплуатациялоо боюнча ченемдерди жана талаптарды аныктоо жана белгилөө
Ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу
2027-жылдын IV кварталы
Датчиктерди пайдалануу боюнча талаптар жана ченемдер бекитилди
ЖРЭТКМ, ӨКМ, Кыргызгидромет, ЭКМ
Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар
8-глава. Маалыматтык-агартуу иши
29
Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча маалыматтык өнөктүк өткөрүү
Айлана-чөйрөнүн абалы жөнүндө жана шаарлардагы экологиялык кырдаалды жакшыртуу боюнча чараларды көрүү жөнүндө ЖМК тартуу менен калк үчүн маалыматтык өнөктүк өткөрүү
Дайыма
Калктын маалымдуулугу жогорулоодо
ММЖСМ, ЖРЭТКМ, ССМ, Агартуумин, ИЖБИМ, ТКМ, ӨКМ, Бишкек, Ош, Манас шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча)
Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар
30
Адамдын жашоо-турмушунун процессинде атмосфералык абанын булганышын алдын алуу максатында калктын экологиялык аң-сезимин калыптандыруу
Билим берүү иш-чараларын уюштуруу, экологиялык акцияларды өткөрүү, ошондой эле экологиялык долбоорлорго катышуучуларды тартуу
Дайыма
Калктын маалымдуулугу жогорулоодо
Агартуумин, ИЖБИМ, ЖРЭТКМ, ССМ, ММЖСМ
Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар
Кыскартуулардын тизмеси
ААК
–
ачык акционердик коом
Агартуумин
–
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги
ГБС
–
газ бөлүштүрүү станциясы
ДБ
–
Дүйнөлүк банк
ЕРӨБ
–
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы
ЖЧК
–
жоопкерчилиги чектелген коом
ЖЭБ
–
жылуулук электр борбору
ИЖБИМ
–
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги
ИИМ
–
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги
КР МК
–
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети
КРП облустардагы ЫУӨ
–
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү
КРПИБ караштуу ТКАККМБ
–
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор
Курулуш министрлиги
–
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги
Кыргызгидромет
–
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат
МИ
–
муниципалдык ишкана
ММЖСМ
–
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги
ӨКМ
–
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги
ССМ
–
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
ТКМ
–
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги
УИА
–
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республтикасынын Улуттук илимдер академиясы
ФМ
–
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
ЧГТО
–
чаң-газ тазалоочу орнотмолор
ЧУА
–
ченемдик укуктук актылар
ЭКМ
–
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги
ЭМ
–
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги
ЭСКММ
–
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги
«Хаваст – Фергана» МГ
–
«Хаваст – Фергана» магистралдык газ өткөргүчү
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.