# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-апрелиндеги №282 “Көз карандысыз киберкоопсуздук аудитин жүргүзүү боюнча ишти аккредитациялоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-апрелиндеги №282 “Көз карандысыз киберкоопсуздук аудитин жүргүзүү боюнча ишти аккредитациялоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 282
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230045374>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-54720/edition/52251/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230045374.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-апрелиндеги №282 “Көз карандысыз киберкоопсуздук аудитин жүргүзүү боюнча ишти аккредитациялоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтому (24.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230045374

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 24-апрели № 282

Көз карандысыз киберкоопсуздук аудитин жүргүзүү боюнча ишти аккредитациялоо тартибин бекитүү жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 1-бөлүгүнүн 9-пунктчасын, 15-беренесин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Көз карандысыз киберкоопсуздук аудитин жүргүзүү боюнча ишти аккредитациялоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 32 (3792) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
