Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-октябрындагы № 673 „Кыргыз Республикасында баалоочулар жана баалоочу уюмдар тарабынан колдонууга милдеттүү болгон мүлктү баалоо стандарттарын бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 18-апрели № 261 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-октябрындагы № 673 «Кыргыз Республикасында баалоочулар жана баалоочу уюмдар тарабынан колдонууга милдеттүү болгон мүлктү баалоо стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасында баалоо ишин мындан ары өнүктүрүү максатында, «Баалоо иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-октябрындагы № 673 «Кыргыз Республикасында баалоочулар жана баалоочу уюмдар тарабынан колдонууга милдеттүү болгон мүлктү баалоо стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген баалоонун негизги түшүнүктөрүнүн жана принциптеринин стандартында:
– 21-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Эгерде баалоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен инвестордун ортосунда түз сүйлөшүүлөр жолу менен түзүлгөн инвестициялык макулдашуунун алкагында мамлекеттик менчик объекттерин инвесторго ээликтен ажыратуу максатында жүргүзүлсө, рыноктук нарк инвестициялык макулдашуунун шарттарын эске алуу менен, анын ичинде бирок төмөнкүлөр менен гана чектелбестен аныкталат:
1) инвесторго берилүүчү укуктардын курамы жана көлөмү;
2) объекттерди пайдаланууда белгилүү бир оордотуулардын (чектөөлөрдүн) болушу;
3) объекттерге менчик укугунун өтүү мөөнөттөрү жана шарттары;
4) инвестордун милдеттенмелери, анын ичинде инвестициялык, курулуш жана башка милдеттенмелер, анын ичинде объекттерди бузуу жана алардын аймагын бошотуу зарылдыгына байланыштуу;
5) баалоо объектинин наркына таасир этүүчү башка шарттар.»;
– 22-пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен инвестордун ортосунда түз сүйлөшүүлөр жолу менен түзүлгөн инвестициялык макулдашуунун алкагында мамлекеттик мүлктү ээликтен ажыратуунун рыноктук наркын аныктоо инвестициялык макулдашуунун шарттарын эске алуу менен, анын ичинде, бирок ушул стандарттын 21-пунктунда көрсөтүлгөн шарттар менен чектелбестен жүргүзүлөт.»;
– төмөнкүдөй мазмундагы 231-пункт менен толукталсын:
«231. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен инвестордун ортосунда түз сүйлөшүүлөр жолу менен түзүлгөн инвестициялык макулдашуулардын алкагында ээликтен ажыратылуучу мамлекеттик менчик объекттеринин рыноктук наркын аныктоодо инвестициялык макулдашуунун шарттары эске алынат, анын ичинде, бирок ушул стандарттын 21-пунктунда көрсөтүлгөн шарттар менен чектелбейт. Мамлекеттик менчик объектинин ээсинин объекттин наркы, инвестициялык долбоордун наркы же ээликтен ажыратылуучу мамлекеттик менчик объектинин рыноктук наркын аныктоо үчүн көмөкчү маалымат катары колдонулган башка көрсөткүчтөр боюнча сунуштарын пайдаланууга жол берилет.»;
– 24-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Министрлер Кабинети менен инвестордун ортосунда түз сүйлөшүүлөр жолу менен түзүлгөн инвестициялык макулдашуунун шарттарын, анын ичинде, бирок ушул стандарттын 21-пунктунда көрсөтүлгөндөр менен чектелбестен эсепке алуу, аныкталуучу наркты инвестициялык, атайын же башка рыноктук эмес наркка таандык кылуу үчүн негиз болуп саналбайт.».
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген кыймылсыз мүлктү баалоо стандартында:
– 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
«Министрлер Кабинети менен инвестордун ортосунда түз сүйлөшүүлөр жолу менен түзүлгөн инвестициялык макулдашуулардын алкагында ээликтен ажыратылуучу кыймылсыз мүлк объекттерин баалоодо, баалоочу инвестициялык макулдашуунун шарттарынын экономикалык таасирин эске алат, анын ичинде, бирок алар менен чектелбестен:
1) инвесторго өткөрүлүп берилүүчү укуктардын курамы жана көлөмү;
2) пайдаланууга белгилүү оордотуулардын (чектөөлөрдүн) болушу;
3) менчик укугунун өтүү мөөнөттөрү жана шарттары;
4) инвестордун милдеттенмелери, анын ичинде инвестициялык, курулуш жана башка милдеттенмелер, анын ичинде объекттерди бузуу жана алардын аймагын бошотуу зарылдыгы менен байланыштуу;
5) баалоо объектинин наркына таасир этүүчү башка шарттар.»;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген баалоо жөнүндө отчеттун мазмунуна жана аны тариздөөгө талаптардын стандартында:
– 51-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Министрлер Кабинети менен инвестордун ортосунда түз сүйлөшүүлөр жолу менен түзүлгөн инвестициялык макулдашууну ишке ашыруу максатында аткарылган баалоо жөнүндө отчет төмөнкүлөрдү да камтышы керек:
1) инвестициялык макулдашуунун наркка таасир этүүчү шарттары;
2) инвестициялык макулдашуунун шарттарын ишке ашыруудан келип чыгуучу чыгымдарды эсептөө;
3) тиешелүү эсептөөлөрдү көрсөтүү менен инвестициялык макулдашуунун шарттарынын баалоо объектинин наркынын акыркы чоңдугун жогорулатууга же төмөндөтүүгө тийгизген таасирин негиздөө.».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 32 (3792) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Баалоонун негизги түшүнүктөрүнүн жана принциптеринин СТАНДАРТЫСтандарт · 16.10.2025 · № 673
- Кыймылсыз мүлктү баалоо СТАНДАРТЫСтандарт · 16.10.2025 · № 673
- Баалоо жөнүндө отчеттун мазмунуна жана аны тариздөөгө талаптардын СТАНДАРТЫСтандарт · 16.10.2025 · № 673
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетини 2025-жылдын 16-октябрындагы № 673 "Кыргыз Республикасында баалоочулар жана баалоочу уюмдар тарабынан колдонууга милдеттүү болгон…Постановление · 16.10.2025 · № 673
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Баалоо иши жөнүндөЗакон · 22.12.2021 · № 155