Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 29-апрели № 307 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 15-августундагы № 193 «Маданият, искусство жана спорт чөйрөсүн мамлекеттик колдоонун кечиктирилгис чаралары жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү программасы (мындан ары – Программа) 1-тиркемеге ылайык;
2) Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык;
3) Программанын бюджети 3-тиркемеге ылайык;
4) Программанын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун матрицасы 4-тиркемеге ылайык.
2. Иш-чаралар планын ишке ашырууга тартылган Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, административдик ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын жетекчилери:
1) Иш-чаралар планын өз убагында жана милдеттүү түрдө аткарууну камсыз кылсын;
2) Иш-чаралар планынын аткарылышына туруктуу талдоо жана мониторинг жүргүзсүн;
3) жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги:
1) Иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча ишти жалпы координациялоону жүргүзсүн;
2) жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты берсин.
4. Бул токтомду ишке ашыруу тартылган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү жана кийинки жылдарга республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каралган каражаттарынын чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 12-майындагы № 34 (3794) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү программасынын бюджетинин (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги №…Приложение · 29.04.2026 · № 307
- 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү программасы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 307 токтому…Программа · 29.04.2026 · № 307
- 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү программасынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун матрицасы (Кыргыз…Матрица · 29.04.2026 · № 307
- 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…План · 29.04.2026 · № 307
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 15-августундагы ПЖ № 193 "Маданият, искусство жана спорт чөйрөсүн мамлекеттик колдоонун кечиктирилгис чаралары жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 15.08.2023 · № 193