# Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 56 "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 56 "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 56
- Кабыл алынган күнү: 23.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230045292>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5743/edition/52161/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230045292.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 56 "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (23.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230045292

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2026-жылдын 23-апрели № 56

"Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230045292/st-1)

"Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы 2000-ж., № 2, 103-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 9-статьянын үчүнчү бөлүгүнүн бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- он сегиз жаш куракка толгонго чейинки балдар, кесиптик башталгыч, орто, жогорку билим берүү уюмдарында билим алуучулар - алар жыйырма бир жаш куракка толгонго чейин (сырттан же кечки бөлүмдө окугандарды кошпогондо);".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230045292/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2026-жылдын 1-апрелинде

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
