Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин «Кыргызстандын энергетика тутумундагы бөлүштүрүүчү орнотмолорунун, электр станцияларынын, көмөк чордондорунун жабдууларынын жана 0,4-500 кВ электр өткөрүүчү аба чубалгыларынын диспетчердик (ыкчам) аталыштарын түзүү боюнча типтүү нускамасын бекитүү жөнүндө» буйругу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ 2026-жылдын 17-апрели № 17-5 Кыргызстандын энергетика тутумундагы бөлүштүрүүчү орнотмолорунун, электр станцияларынын, көмөк чордондорунун жабдууларынын жана 0,4-500кВ электр өткөрүүчү аба чубалгыларынын диспетчердик (ыкчам) аталыштарын түзүү боюнча типтүү нускамасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 4-июнундагы № 319 “Мамлекеттик органдардын укуктук мүнөзгө ээ актыларын кабыл алуу тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык, буйрук кылам:
1. Кыргызстандын энергетика тутумундагы бөлүштүрүүчү орнотмолорунун, электр станцияларынын, көмөк чордондорунун жабдууларынын жана 0,4-500кВ электр өткөрүүчү аба чубалгыларынын диспетчердик (ыкчам) аталыштарын түзүү боюнча типтүү нускама тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Адам ресурстары жана иш кагаздарын жүргүзүү башкармалыгы ушул буйрукту каттоо жөнүндө өзүнчө журналда каттоосун жүргүзсүн жана “Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы” автоматташтырылган маалымат системасына киргизсин.
3. Электр энергетика башкармалыгы:
- ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин расмий веб-сайтына мамлекеттик жана расмий тилдерде катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде жарыяласын;
- ушул буйруктун электрондук версиясын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу катталган күндөн тартып жети жумушчу күндүн ичинде Укук маалыматтарынын борбордоштурулган банкына киргизүү үчүн жөнөтсүн.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө электр энергетика башкармалыгына жүктөлсүн.
2026-жылдын 22-апрелинде https://minenergo.gov.kg/media/nla_documents/%D0%94%D0%98%D0%A1%D0%9F%D0%95%D0%A2%D0%A7._%D0%9D%D0%90%D0%98%D0%9C_compressed_RSGlfOG.pdf расмий сайтында жарыяланды
Министрдин м.у.а., Министрдин биринчи орун басары
Ө.Ж. Жеңишбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · ага шилтеме бергендер: 1 · байланышкандар: 1
Документке шилтеме берген актылар (1)
Документ шилтеме берген актылар (1)
Байланышкан документтер (1)
Расмий булактын маалыматы боюнча, кайсы акт кайсы актыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.