# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-апрелиндеги № 266 "Мамлекеттик менчикте турган транспорт каражаттарын сатуу тартибинин маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-апрелиндеги № 266 "Мамлекеттик менчикте турган транспорт каражаттарын сатуу тартибинин маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 266
- Кабыл алынган күнү: 20.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230045215>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-54614/edition/52074/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230045215.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-апрелиндеги № 266 "Мамлекеттик менчикте турган транспорт каражаттарын сатуу тартибинин маселелери жөнүндө" токтому (20.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230045215

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 20-апрели № 266 Мамлекеттик менчикте турган транспорт каражаттарын сатуу тартибинин маселелери жөнүндө

Мамлекеттик мүлктү ээликтен ажыратуу тартибин оптималдаштыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Мамлекеттик менчикте турган транспорт каражаттарын сатуу тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 19-мартындагы № 143 «Менчиктештирүү объекттеринин наркын баалоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө» токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-сентябрындагы № 414 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 19-мартындагы № 143 «Менчиктештирүү объекттеринин наркын баалоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июлундагы № 357 «Менчиктештирүү объекттеринин мүлкүнүн наркын баалоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 19-мартындагы № 143 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы № 463 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 2-пункту;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы № 309 «Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 1-пункту.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 24-апрелиндеги № 31 (3791) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
