# Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 12-мартындагы №2/3 "Жайыт категориясындагы жерди «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которуу жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 12-мартындагы №2/3 "Жайыт категориясындагы жерди «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которуу жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2/3
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.03.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230045204>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-54603/edition/52063/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.03.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 12-мартындагы №2/3 "Жайыт категориясындагы жерди «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которуу жөнүндө" Токтому (12.03.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230045204

---

ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ КЕЗЕКТЕГИ XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ II СЕССИЯСЫ

2026-жылдын 12-марты № 2/3

Жайыт категориясындагы жерди «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 149 Жер кодексинин 13-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 «Жерлерди категорияларга киригизүү жана аларды бир категориядан башкага которуу (трансформациялоо) жана жерлердин бир түрүнөн башка түрүнө которуу» жөнүндө Мыйзамын жетекчиликке алып, Эмгек-Талаа айылдык кенеши токтом кылат:

1. Эмгек-Талаа айыл аймагынын Ак-Талаа айылында 1516 контурунда жайгашкан жалпы аянты 1,0 га түзгөн жер аянтына парк уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 149 Жер кодексинин 13-беренесинин 2 абцасында «Мында калктуу конуштардын чек араларында жерлердин түрүн өзгөртүү шаар куруу документтеринин негизинде бир түрдөн башкасына которуусуз (трансформациялоосуз) жүргүзүлөт» деп белгиленген, ушуга ылайык жана Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 «Жерлерди категорияларга киригизүү жана аларды бир категориядан башкага которуу (трансформациялоо) жана жерлердин бир түрүнөн башка түрүнө которуу» жөнүндө Мыйзамын жетекчиликке алып, макулдук берилсин.

2. Мыйзамга ылайык иш алып баруу жагы Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Ушул токтом айыл өкмөтү аркылуу каттодон өткөрүлүп, emgektalaa/naryn-region.kg

веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз республикасынын Ченемдик актыларын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

Төрага

Р. Касымов
