# Гавриловка айылдык аймагынын Гавриловка айылдык кеңешинин 2026-жылдын 3-февралындагы № 12/86 "Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасын колдонууга киргизүү жана ставкасын белгилөө жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Гавриловка айылдык аймагынын Гавриловка айылдык кеңешинин 2026-жылдын 3-февралындагы № 12/86 "Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасын колдонууга киргизүү жана ставкасын белгилөө жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 12/89
- Кабыл алынган күнү: 03.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230045171>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-54587/edition/52031/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230045171.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Гавриловка айылдык аймагынын Гавриловка айылдык кеңешинин 2026-жылдын 3-февралындагы № 12/86 "Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасын колдонууга киргизүү жана ставкасын белгилөө жөнүндө" токтому (03.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230045171

---

ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

XXIX-чакырылыштын12 кезектеги сессиясы 2026-жылдын 3-февралы № 12/86 Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасын колдонууга киргизүү жана ставкасын белгилөө жөнүндө Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 73, 74, 75-беренелерине, 76-беренесинин 2- жана 3-бөлүктөрүнө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрында №662 токтомунун калктуу конуштардын аймактарынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым боюнча эсептөөнү толтуруу жана берүү тартибинин 3-пунктуна ылайык, Гавриловка айылдык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Гавриловка айыл аймагынын аймагында таштанды чыгаруу үчүн жыйым ишке киргизилсин.

2. Гавриловка айыл аймагынын жеке жана юридикалык жактар - ишкердик иши үчүн төлөмдөр төмөнкүдөй бекитилсин:

1) Таштанды чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасы ар бир иштеген кызматкерге жыл сайын 100 сом өлчөмүндө.

2) Таштанды чыгаруу үчүн жыйымды эсептөө мөөнөтү жыл сайын 1-апрелге чейин.

3) Таштанды чыгаруу үчүн жыйымды төлөө мөөнөтү жыл сайын 1-апрелге чейин.

3. Гавриловка айылдык кеңешинин 2025-жылдын 14-марттагы №31 токтому жокко чыгарылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Д.У.Картанбаевага жүктөлсүн.

Төрага

Б.М. Мамыркулов
