# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 299 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин социалдык стационардык тейлөө мекемелеринде жашаган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларды багуунун минималдуу социалдык ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 299 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин социалдык стационардык тейлөө мекемелеринде жашаган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларды багуунун минималдуу социалдык ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 299
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230045160>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-54584/edition/52012/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230045160.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 299 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин социалдык стационардык тейлөө мекемелеринде жашаган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларды багуунун минималдуу социалдык ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтому (28.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230045160

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 28-апрели № 299

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин социалдык стационардык тейлөө мекемелеринде жашаган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларды багуунун минималдуу социалдык ченемдерин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин мекемелеринде социалдык ченемдерди актуалдаштыруу жана социалдык стационардык тейлөөнүн сапатын жакшыртуу максатында, «Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 12-статьяларына, «Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин социалдык стационардык тейлөө мекемелеринде жашаган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларды багуунун минималдуу социалдык ченемдери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги:

1) бюджеттин долбоорун түзүүдө социалдык стационардык тейлөө мекемелеринде жашаган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларды багуунун минималдуу социалдык ченемдеринин сакталышын камсыз кылсын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине зарыл болгон финансы-экономикалык эсептөөлөрдү жөнөтсүн;

2) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

3) ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы № 640 «Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин социалдык стационардык мекемелеринин жана реабилитациялоо борборлорунун мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн алуучуларды багуунун мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-январындагы № 30 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 1-пункту;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-июлундагы № 492 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы № 640 «Социалдык стационардык мекемелерде жана Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борборунда тейленүүчүлөрдү багуунун мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-декабрындагы № 667 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы № 640 «Социалдык стационардык мекемелерде жана Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борборунда тейленүүчүлөрдү багуунун мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;

5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-декабрындагы № 358 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн социалдык чөйрөнүн мекемелеринде тамактануунун акчалай ченемдери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомунун 1-пункту;

6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 372 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы № 640 «Социалдык стационардык мекемелерде жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн реабилитациялоо борборлорунда тейленүүчүлөрдү багуунун мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 1-майындагы № 33 (3793) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин социалдык стационардык тейлөө мекемелеринде жашаган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларды багуунун минималдуу социалдык ченемдери

## 1-глава. Социалдык стационардык тейлөө мекемелеринде бир адамга жашоо аянтынын ченемдери

Социалдык стационардык тейлөө мекемелеринин түрлөрү

Ченем бирдиги

1 адамга жашоо аянтынын ченеми

Улгайган жарандар жана улуу курактагы майыптыгы бар адамдар үчүн социалдык стационардык тейлөө мекемеси

кв.м/1 адам

6 кв.м

Улуу курактагы адамдар үчүн психоневрологиялык социалдык стационардык тейлөө мекемеси

кв.м/1 адам

6 кв.м

Майыптыгы бар балдар үчүн социалдык стационардык тейлөө мекемеси

кв.м/1 адам

4,8 кв.м

Балдар үчүн психоневрологиялык социалдык стационардык тейлөө мекемеси

кв.м/1 адам

4,8 кв.м

Турмуштук оор кырдаалда турган балдар үчүн социалдык стационардык тейлөө мекемеси

кв.м/1 адам

4,8 кв.м

## 2-глава

. Социалдык стационардык тейлөө мекемелеринде кийим-кечени, бут кийимди жана төшөнчү буюмдарын пайдалануунун социалдык ченемдери жана мөөнөттөрү

Аталышы

1 адамга ченем

Пайдалануу мөөнөтү (жыл менен)

§ 1. Улгайган жарандар, майыптыгы бар адамдар, ошондой эле майыптыгы бар балдар жана турмуштук оор кырдаалда турган балдар үчүн социалдык стационардык тейлөө мекемелеринде жашагандар үчүн

Пальто, куртка

1 даана

3

Аялдар костюму

1 даана

3

Эркектер костюму

1 даана

3

Кебез кездемеден же штапелден көйнөк

3 даана

2

Кебез кездемеден сырт көйнөк (кофта)

2 даана

1

Кебез кездемеден юбка (шым)

1 даана

1

Ботинка, туфли (жайкы)

1 жуп

1

Ботинка, өтүк (кышкы)

1 жуп

2

Кур

1 даана

5

Баш кийим (кышкы)

2 даана

3

Баш кийим (жайкы)

1 даана

2

Жүн байпак

3 жуп

1

Кебез жиптен токулган байпак (узун байпак)

7 жуп

1

Жүн жиптен узун байпак (колготки)

2 жуп

1

Бет аарчы

3 даана

1

Жоолук (алдардын)

1 даана

2

Жүн аралашма жоолук (аялдардын)

1 даана

2

Түктүү халат

2 даана

1

Кебез кездемеден халат

2 даана

1

Пижама

2 даана

1

Жемпер, жүн кофта

1 даана

1

Токулган майка

3 даана

1

Трусы (аялдардын жана кыз балдар үчүн)

6 даана

1

Трусы (эркектердин жана эркек балдар үчүн)

6 даана

1

§ 2. Улуу курактагы адамдар үчүн психоневрологиялык социалдык стационардык тейлөө мекемелеринде жашагандар үчүн

Пальто, куртка

1 даана

2

Кебез кездемеден же штапелден көйнөк

3 даана

2

Кебез кездемеден сырт көйнөк (кофта)

2 даана

1

Кебез кездемеден юбка (шым)

2 даана

1

Спорт костюму

2 даана

1

Ботинка, туфли (жайкы)

2 жуп

1

Ботинка, өтүк (кышкы)

2 жуп

1

Баш кийим (кышкы)

2 даана

3

Баш кийим (жайкы)

1 даана

2

Жүн байпак

3 жуп

1

Кебез жиптен токулган байпак (узун байпак)

8 жуп

1

Жүн жиптен узун байпак (колготки)

2 жуп

1

Бет аарчы

2 даана

1

Жоолук (аялдардын)

2 даана

2

Жүн аралашма жоолук (аялдардын)

1 даана

2

Түктүү халат

2 даана

1

Кебез кездемеден халат

2 даана

1

Пижама

2 даана

1

Жемпер, жүн кофта

2 даана

1

Токулган майка

3 даана

1

Трусы (аялдардын)

8 даана

1

Трусы (эркектердин)

8 даана

1

Резинадан сланцы

1 жуп

1

§ 3. Балдар үчүн психоневрологиялык социалдык стационардык тейлөө мекемелеринде жашагандар үчүн

Пальто, куртка

1 даана

1

Кебез кездемеден же штапелден көйнөк

5 даана

2

Кебез кездемеден сырт көйнөк (кофта)

2 даана

1

Кебез кездемеден юбка (шым)

1 даана

1

Түктүү халат

2 даана

1

Кебез кездемеден халат

2 даана

1

Пижама

2 даана

1

Жемпер, жүн кофта

1 даана

1

Токулган майка

6 даана

1

Токулган футболка

4 даана

1

Баш кийим (кышкы)

2 даана

3

Баш кийим (жайкы)

1 даана

1

Жүн байпак

10 жуп

1

Кебез жиптен токулган байпак

12 жуп

1

Жүн колготки

2 жуп

1

Бет аарчы

3 даана

1

Кыз бала үчүн трусы

10 даана

1

Эркек бала үчүн трусы

10 даана

1

Кышкы өтүк

1 жуп

1

Ботинка

2 жуп

1

Спорттук бут кийим (кроссовка)

2 жуп

1

Резинадан сланцы

1 жуп

1

§ 4. Төшөнчү буюмдар

Шейшеп комплекти

3 компл.

1

Жаздыктын кабы (ички)

3 даана

1

Тордолуп токулган сүлгү

3 даана

1

Тармалдантып токулган сүлгү

2 даана

1

Жүн же кебез салынган жууркан

1 даана

2

Түктүү жууркан

1 даана

2

Синтепондон жаздык

1 даана

1

Керебет жапкыч

2 даана

3

Пикеден жасалган кебез жиптен токулган жапкыч

2 даана

3

Матрац

2 даана

3

Жалаяк

10 даана

1

## 3-глава

. Социалдык стационардык тейлөө мекемелеринде жумшак эмерек, катуу буюм-теримдер жана оргтехника менен камсыздоонун социалдык ченемдери

Аталышы

Ченем

Пайдалануу мөөнөтү (жыл менен)

Керебет

1 адам/1 даана

5

Керебет жанына коюлуучу тумбочка

1 адам/1 даана

5

Орто жумшак отургуч

1 адам/1 даана

3

Дат баспаган болоттон кашык

1 адам/1 даана

2

Биринчи жана экинчи тамактар үчүн табак

1 адам/1 даана

0,6

Эмалданган кружка

1 адам/1 даана

1

Стол

1 даана/1 бөлмө

3

Шифоньер

1 даана/1 бөлмө

10

Жумшак эмерек - диван

1 даана/1 топко

10

Штора

1 даана/1 терезе

3

Парда

1 даана/1 терезе

2

Карниздер

1 даана/1 терезе

3

Керебеттин астына килемдер, жолчолор

1 даана/1 бөлмө

5

Тумбочкага салфетка

1 адам/1 даана

1

Стол жапкыч

1 даана/1 бөлмө

2

Телевизор

1 даана/1 корпус

5

Клеенка (тамак-аш блогу үчүн)

50 м

1

Жазуу столу

10 даана/1 мекеме

10

Компьютер

20 даана/1 мекеме

10

Үч функциялуу принтер

20 даана/1 мекеме

10

Түстүү принтер

3 даана/1 мекеме

10

Проектор

1 даана/1 мекеме

10

Видеобайкоо камерасы

30 даана/1 мекеме

10

Кеңсе креслосу

4 даана/1 мекеме

10

Кеңсе буюмдарынын топтому

1 компл./1 мекеме

1

Өнүктүрүүчү оюнчуктардын топтому

1 компл./1 мекеме

1

Холл үчүн кеңейүүчү стол

1 даана/1 мекеме

7

Эмалданган чака

10 даана/1 мекеме

2

Цинктелген чака

10 даана/1 мекеме

2

Алюминий же цинк табак

10 даана/1 мекеме

3

Пластмасса табак

10 даана/1 мекеме

1

Эскертүү. Социалдык стационардык тейлөө мекемелеринде иш техникасы менен камсыз кылуу ченемдери жана бир мекемеге белгиленүүчү ченемдер мекеменин иш жүзүндөгү кубаттуулугун жана административдик персоналдын санын эске алуу менен эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет.

## 4-глава

. Социалдык стационардык тейлөө мекемелеринде жууп-тазалоочу каражаттар жана жеке колдонулуучу санитардык-гигиеналык предметтер менен камсыздоонун социалдык ченемдери

Аталышы

1 адамга ченем

Пайдалануу мөөнөтү (күн, ай менен)

Тиш пастасы

3 г

1 күн

Тиш щеткасы

1 даана

3 ай

Подгузник

3 даана

1 күн

Аялдардын гигиеналык пакети

25 даана

1 ай

Самын

1 даана

1 ай

Кир самын

1 даана

1 ай

Шампунь

5 г

1 күн

Эскертүү:

1. Бир унитазды же даараткананын жерге киргизилип орнотулган унитазын санитардык тазалоодо айына 5 кг дезинфекциялоочу (тазалоочу) каражат пайдаланылат.

2. Кирлерди жана кездемелердин башка түрлөрүнөн жасалган буюмдарды жууда - күнүнө 0,5 кг кирге жана кездемелердин башка түрлөрүнөн жасалган буюмдарга 30 г синтетикалык жуучу каражаттар (кир жуучу порошок) пайдаланылат.

3. Кирлерди жана кездемелердин башка түрлөрүнөн жасалган буюмдарды жууда - күнүнө 0,3 кг кирге жана кездемелердин башка түрлөрүнөн жасалган буюмдарга 30 г кальцинацияланган сода чыгымдалат.

4. Идиш жууда - айына 180 грамм идиш тазалоочу каражат пайдаланылат.

5. Бир унитазды же даараткананын жерге киргизилип орнотулган унитазын санитардык тазалоодо күнүнө 3 г хлор пайдаланылат.

6. Кирлерди жана кездемелердин башка түрлөрүнөн жасалган буюмдарды дезинфекциялоодо күнүнө 3 кг кирге жана кездемелердин башка түрлөрүнөн жасалган буюмдарга 2 г хлор пайдаланылат.

## 5-глава. Социалдык стационардык тейлөө мекемелери үчүн социалдык физиологиялык азык-түлүк топтомдору жана ченемдери

№

Азык-түлүктөрдүн аталышы

Жалпы режим

Төшөктө жатуу режими

Брутто (г)

Брутто (г)

§ 1. Социалдык стационардык тейлөө мекемелеринде жашаган улгайган жарандар жана майыптыгы бар адамдар үчүн сунушталган суткалык азык-түлүк топтомдору жана ченемдери

Нан, акшак жана башка дан азыктары

1

Буудай наны

150

120

2

Кара буудай наны

150

120

3

Буудай уну

45

39

4

Акшактар (күрүч, гречка, сулу, арпа, таруу ж.б.) жана буурчак өсүмдүктөрү (төө буурчак, маш, нокот ж.б.)

134

108

5

Макарондор

16

13

6

Нан күкүмдөрү

4

3

Жашылчалар

7

Картөшкө

230

192

8

Башка жашылчалар, көк чөптөр, бакча өсүмдүктөрү

414

335

9

Томат пюреси же пастасы

4

3

Жемиштер жана ширелер

10

Жаңы жемиштер, мөмөлөр, жаңгактар

136

113

11

Кургатылган жемиштер

18

15

12

Табигый ширелер

180

150

Эт жана эт азыктары, канаттуу, жумуртка жана балык

13

Эт (уй эти, кой эти, жылкы эти, топоз эти)

93

71

14

Колбаса азыктары

11

9

15

Тоок эти

39

25

16

Балык

43

34

17

Жумуртка (даана)

1

1

Сүт жана сүт азыктары

18

Сүт

180

135

19

Быштак

20

16

20

Айран, кефир, ряженка, йогурт, кымыз

150

120

21

Каймак

20

16

22

Сырлар

15

12

Суюк май жана май азыктары

23

Каймак майы

25

20

24

Өсүмдүк майы

20

16

Кондитер азыктары жана башка азыктар

25

Кант\*, кондитер азыктары (бал, кыям, момпосуйлар, бышырылган нан азыктары)

70

56

26

Чай

1

0,8

27

Какао порошогу, кофе ичимдиги

2

1,6

28

Крахмал

1

0,8

29

Ачыткы

2

1,6

30

Йоддолгон тамак-аш тузу

5

4

31

Татымалдар

0,3

0,3

§ 2. Психоневрологиялык социалдык стационардык тейлөө мекемелеринде жашаган улуу курактагы жарандар үчүн сунушталган суткалык азык-түлүк топтомдору жана ченемдери

Нан, акшак жана башка дан азыктары

1

Буудай наны

160

120

2

Кара буудай наны

160

120

3

Буудай уну

46

40

4

Акшактар (күрүч, гречка, сулу, арпа, таруу ж.б.) жана буурчак өсүмдүктөрү (төө буурчак, маш, нокот ж.б.)

134

108

5

Макарондор

17

14

6

Нан күкүмдөрү

4

3

Жашылчалар

7

Картөшкө

242

202

8

Башка жашылчалар, көк чөптөр, бакча өсүмдүктөрү

435

352

9

Томат пюреси же пастасы

4

3

Жемиштер жана ширелер

10

Жаңы жемиштер, мөмөлөр, жаңгактар

140

120

11

Кургатылган жемиштер

19

16

12

Табигый ширелер

190

160

Эт жана эт азыктары, канаттуу, жумуртка жана балык

13

Эт (уй эти, кой эти, жылкы эти, топоз эти)

95

79

14

Колбаса азыктары

12

10

15

Тоок эти

37

31

16

Балык

45

36

17

Жумуртка (даана)

1

1

Сүт жана сүт азыктары

18

Сүт

180

150

19

Быштак

21

17

20

Айран, кефир, ряженка, йогурт, кымыз

160

130

21

Каймак

21

17

22

Сырлар

16

13

Суюк май жана май азыктары

23

Каймак майы

26

21

24

Өсүмдүк майы

21

17

Кондитер азыктары жана башка азыктар

25

Кант\*, кондитер азыктары (бал, кыям, момпосуйлар, бышырылган нан азыктары)

74

59

26

Чай

1

0,8

27

Какао порошогу, кофе ичимдиги

2

1,6

28

Крахмал

1

0,8

29

Ачыткы

2

1,6

30

Йоддолгон тамак-аш тузу

5

4

31

Татымалдар

0,3

0,3

§ 3. Психофизикалык өнүгүүсүнүн өзгөчөлүктөрү бар майып балдар үчүн сунушталган суткалык азык-түлүк топтомдору жана ченемдери

№

Азык-түлүктөрдүн аталышы

4-10 жаштагы балдар

11-17 жаштагы балдар

Жалпы режим

Төшөктө жатуу режими

Жалпы режим

Төшөктө жатуу режими

Брутто (г)

Брутто (г)

Брутто (г)

Брутто (г)

Нан, акшак жана башка дан азыктары

1

Буудай наны

130

120

150

140

2

Кара буудай наны

130

120

150

140

3

Буудай уну

37

34

45

41

4

Акшактар (күрүч, гречка, сулу, арпа, таруу ж.б.) жана буурчак өсүмдүктөрү (төө буурчак, маш, нокот ж.б.)

110

103

125

116

5

Макарондор

10

9

16

15

6

Нан күкүмдөрү

4

4

4

4

Жашылчалар

7

Картөшкө

166

150

230

207

8

Башка жашылчалар, көк чөптөр, бакча өсүмдүктөрү

320

288

414

370

9

Томат пюреси же пастасы

4

4

4

4

Жемиштер жана ширелер

10

Жаңы жемиштер, мөмөлөр, жаңгактар

102

92

136

122

11

Кургатылган жемиштер

18

17

18

17

12

Табигый ширелер

150

140

150

140

Эт жана эт азыктары, канаттуу, жумуртка жана балык

13

Эт (уй эти, кой эти, жылкы эти, топоз эти)

62

54

93

80

14

Колбаса азыктары

11

10

11

10

15

Тоок эти

29

24

39

32

16

Балык

36

32

43

39

17

Жумуртка (даана)

1

1

1

1

Сүт жана сүт азыктары

18

Сүт

200

200

180

180

19

Быштак

20

18

25

23

20

Айран, кефир, ряженка, йогурт, кымыз

100

90

150

140

21

Каймак

15

14

20

18

22

Сырлар

10

10

13

13

Суюк май жана май азыктары

23

Каймак майы

20

18

20

18

24

Өсүмдүк майы

15

15

15

15

Кондитер азыктары жана башка азыктар

25

Кант\*, кондитер азыктары (бал, кыям, момпосуйлар, бышырылган нан азыктары)

40

36

60

54

26

Чай

1

1

1

1

27

Какао порошогу, кофе ичимдиги

2

2

2

2

28

Крахмал

1,5

1,5

1,5

1,5

29

Ачыткы

2

2

2

2

30

Йоддолгон тамак аш тузу

3

3

5

5

31

Татымалдар

0,3

0,3

0,3

0,3

§ 4. Азык-түлүк топтомунун сунушталган тамак-аш баалуулугу

Социалдык стационардык тейлөө мекемелеринде жашаган улгайган жарандар жана майыптыгы бар адамдар үчүн азык-түлүк топтомунун сунушталган тамак-аш баалуулугу

Белоктор (г)

Майлар (г)

Углеводдор (г)

Энергетикалык баалуулук (ккал)

Жалпы режим

79

79

303

2239

Төшөктө жатуу режими

63

63

242

1791

Психоневрологиялык социалдык стационардык тейлөө мекемелеринде жашаган улуу курактагы жарандар үчүн азык-түлүк топтомунун сунушталган тамак-аш баалуулугу

Белоктор (г)

Майлар (г)

Углеводдор (г)

Энергетикалык баалуулук (ккал)

Жалпы режим

83

83

318

2351

Төшөктө жатуу режими

66

66

254

1874

Психофизикалык өнүгүүсүнүн өзгөчөлүктөрү бар майып балдар үчүн азык-түлүк топтомунун сунушталган тамак-аш баалуулугу

4-10 жаштагы балдар

11-17 жаштагы балдар

Белоктор (г)

Майлар (г)

Углеводдор (г)

Энергетикалык баалуулук (калл)

Белоктор (г)

Майлар (г)

Углеводдор (г)

Энергетикалык баалуулук (калл)

Жалпы режим

67

65

228

1765

82

73

293

2157

Төшөктө жатуу режими

60

59

205

1589

74

66

264

1941

Эскертүү:

- (\*) таза түрдө күнүнө 48 г көп эмес;

- буудай унунун ченеми - 30 г, эгерде нан жана кондитердик азыктар күндө даярдалса;

- буудай унунун ченеми - 15 г, эгерде нан жана кондитердик азыктар күн өткөрүп даярдалса;

- I категориядагы тоок эти, эт сатып алынат;

- жаңы балыкты жана жаңы тоңдурулган балыкты колдонууга болот, деңиз балыгын колдонуу артык. Бутерброд үчүн туздалган сельдь же балык консерваларын колдонууга болот;

- момпосуйлар, бал, кыям колдонулса кант колдонулбайт. Кант диабети менен ооруган жарандар үчүн канттын ченеми пропорциялуу түрдө кант алмаштыруучуга (мисалы, сорбит, ксилит) алмаштырылат;

- алар жок болгон учурда, азык-түлүктөрдү курамы боюнча бирдей азык-түлүктөргө алмаштырууга жол берилет;

- жай мезгилинде жаңы жемиштер, жашылчалар жана көк чөптөр, кыш мезгилинде - кургатылган жемиштер (компоттор үчүн) колдонулат;

- менюда тамактардын аталыштары кезектелип кайталанат, тамактардын же кулинардык азыктардын күндө же бир күндөн кийин кайталанылышына жол берилбейт;

- күн мурунтан түзүлүүчү меню 14 күндөн кем эмес күнгө түзүлөт;

- менюда орун алган азык-түлүктөр, технологиялык (кулинардык) карталар боюнча эсептөөлөргө ылайык тамактарды даярдоодо азык-түлүктөр милдеттүү түрдө тараза менен текшерилет;

- менюда суткалык физиологиялык азык-түлүк ченеминен жана суткалык акчалай ченемден жол берилген четтөөлөр, ошондой эле нарксыз гуманитардык линия боюнча келип түшкөн азык-түлүктөргө жана товарларга, мекеменин кошумча чарбасынан алынган азык-түлүктөргө баа белгилөө механизми эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет;

- азык-түлүктөрдү биринчи иштетүүдө (брутто менен неттонун ортосунда) жана жылуулук менен иштетүүдө жол берилген жоготуулар эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет.

## 6-глава. Социалдык стационардык тейлөө мекемелеринде дары препараттары менен камсыз кылуунун суткалык ченемдери

Социалдык стационардык тейлөө мекемелеринин түрлөрү

1 адамга суткалык ченем (сом)

Улгайган жарандар жана майыптыгы бар чоңдор үчүн социалдык стационардык тейлөө мекемеси

25

Чоңдор үчүн психоневрологиялык социалдык стационардык тейлөө мекемеси

26

Майыптыгы бар балдар үчүн социалдык стационардык тейлөө мекемеси

26

Балдар үчүн психоневрологиялык социалдык стационардык тейлөө мекемеси

26

Турмуштук оор кырдаалда турган балдар үчүн социалдык стационардык тейлөө мекемеси

26

Эскертүү.

- социалдык стационардык тейлөө мекемелеринде мамлекеттик кызматтарды алуучуларды багуунун социалдык ченемдери жыл сайын кайра каралууга тийиш;

- кымбат баалуу товарларды жана эмеректерди сатып алуу гуманитардык жардамдын эсебинен жүзөгө ашырылат;

- муниципалдык жана мамлекеттик эмес социалдык мекемелерге мамлекеттик кызматтарды алуучуларды багуунун социалдык ченемдерин колдонуу сунушталат, белгиленген өлчөмдөрдү жана көлөмдөрдү жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен же Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында тыюу салынбаган каражаттардын эсебинен көбөйтүү жагына өзгөртүүгө жол берилет.

End\_nocompare
