# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 284 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 284 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 284
- Кабыл алынган күнү: 25.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230045135>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-54570/edition/51982/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230045135.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 284 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (25.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230045135

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 25-апрели № 284

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 «Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2026-жылдын 19-мартындагы № 1 КПҮ чечимине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 «Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегинде:

- «Мамлекетти башкаруу үчүн мааниси бар объектилер» графасындагы «А» категориясы (өтө маанилүү объектилер)» бөлүмүнүн 1-пункту «аймактар» деген сөздөн кийин «, ошондой эле кайтарылуучу адамдарды андан ары жайгаштыруу үчүн арналган курулуп жаткан объектилер» деген сөздөр менен толукталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик күзөт кызматы ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 32 (3792) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
