Кыргыз Республикасынын «Которулма жана жөнөкөй векселдерге бирдиктүү мыйзам белгилеген Конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулушу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 23-апрели № 55
"Которулма жана жөнөкөй векселдерге бирдиктүү мыйзам белгилеген Конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене "Которулма жана жөнөкөй векселдерге бирдиктүү мыйзам белгилеген Конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 2, 73-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда аталган Мыйзамга карата Тиркеменин 2-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2-статья. Вексель кагазда (кагаз жүзүндө) же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптар сакталганда санарип кол тамганы колдонуу менен электрондук түрдө түзүлүшү керек.".
2-берене Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. «Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 24-апрелиндеги № 31 (3791) саны менен жарыяланды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н.Жапаров
2026-жылдын 9-апрелинде
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 9-апрели № 379-VIII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 9-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү…Постановление · 09.04.2026 · № 379-VIII
- О присоединении Кыргызской Республики к конвенции, устанавливающий единообразный закон о переводном и простом векселяхЗакон · 15.01.2003 · № 7
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 9-апрелиндеги № 374-VIII "Которулма жана жөнөкөй векселдерге бирдиктүү мыйзам белгилеген Конвенцияга Кыргыз Республикасынын…Постановление · 09.04.2026 · № 374-VIII