Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Жылуулук энергиясына тарифтерди эсептөө жана субсидиялардын өлчөмүн аныктоо МЕТОДИКАСЫ
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-февралындагы N 132 токтомуна)
Жылуулук энергиясына тарифтерди эсептөө жана субсидиялардын өлчөмүн аныктоо МЕТОДИКАСЫ
1. Жалпы жоболор
1. Бул Методика жылуулук энергиясын жана ысык сууну иштеп чыгуу, өткөрүп берүү, бөлүштүрүү жана керектөөчүлөргө берүү тарифтерин калыптандыруу тартибин аныктайт, ал төмөндө көрсөтүлгөн үч этаптан турат:
1) борборлоштурулган жылуулук менен камсыздоо ишканаларынын (мындан ары - ЖКИ) талап кылынган кирешесин аныктоо;
2) керектөөчүлөрдүн топторун аныктоо жана талап кылынган кирешени ошол керектөөчүлөрдүн топторунун арасында бөлүштүрүү;
3) керектөөчүлөрдүн бул тобуна таандык болгон чыгымдардын ордун толтуруучу акыркы керектөөчүлөр үчүн тарифтерди иштеп чыгуу.
2. Бул Методика бир эле учурда жылуулук жана электр энергиясын керектөөчүлөргө сатуу максатында иштеп чыккан, жеткирген, бөлүштүргөн айкаштырылган ЖКИнин чыгымдарын бөлүштүрүүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен бардык ЖКИнин ишине карата колдонулат.
3. Жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого тарифтерди отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилейт.
4. Жылуулук энергиясына болгон тарифтер ЖКИнин бардык негиздүү чыгымдарын чагылдырууга, натыйжалуу иштешине дем берүүгө, ошондой эле калктын аялуу топтору үчүн жылуулук энергиясынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга тийиш.
5. ЖКИ тарифтик жөнгө салуу үчүн финансылык эсепке алуу үчүн колдонулган эсептер планын жана бухгалтердик эсеп эрежелерин колдонууга милдеттүү.
6. ЖКИ тарифтерди белгилөө процессинде берилген жана жарыяланган маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат. Эгерде тескери жагы тастыкталбаса, анда тарифтерди белгилөө процессинде мындай маалыматтар анык деп эсептелет.
2. ЖКИнин талап кылынган кирешесин аныктоо
7. Талап кылынган киреше (RR) белгиленген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана кабыл алынган эл аралык сапат стандарттарына ылайык өз керектөөчүлөрүн борборлоштурулган жылуулук менен камсыздоо жана ысык суу менен камсыздоо үчүн ЖКИ белгилүү бир мезгил ичинде тартышы керек болгон бардык негиздүү чыгымдардын жыйындысын чагылдырат. Талап кылынган кирешеге ушул Методикага ылайык белгиленген ЖКИ инвестицияларына жол берилген пайда да кирет. Талап кылынган киреше төмөнкүдөй аныкталат:
RR = FC + EPC + WPC + OMC + DEPR + PRF + LRC + PR + MGF + RGF
мында: RR - талап кылынган киреше; FC - технологиялык максаттар үчүн отун; ЕPC - жылуулук жана электр энергиясын сатып алууга кеткен чыгымдар; WPC - толуктоочу сууну сатып алууга кеткен чыгымдар; OMC - операциялык чыгымдар; DEPR - амортизациялык чыгымдар; PRF - инвестицияларга жол берилген пайда; LRC - бул Методикада белгиленген учурларда талап кылынган кирешеге киргизилүүгө тийиш болгон кредиттерди тейлөөгө кеткен чыгымдар; PR - өткөн тарифтик мезгилдеги чыгымдарга түзөтүүлөрдү киргизүү; MGF - бул Методикада белгиленген учурларда тарифке киргизилүүгө тийиш болгон компанияны башкаруу үчүн төлөм; RGF - отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан жөнгө салуу үчүн төлөм.
8. Талап кылынган кирешени эсептөөдө:
1) чыгымдар эсептелип жаткан мезгилге жакын жана чыгымдар боюнча ишенимдүү маалыматтары бар акыркы 12 айлык мезгилдеги (иш жүзүндөгү жыл) маалыматтарга негизделиши керек;
2) жылдык чыгымдарды нормалдаштыруу жүргүзүлүшү керек, ал аркылуу иш жүзүндөгү жыл ичиндеги чыгымдар өзгөчө кырдаалдарга жана жыл сайын күтүлбөгөн бир жолку чыгымдарга же кирешелерге байланыштуу бир жолку чыгымдарды жокко чыгаруу үчүн түзөтүлүшү керек;
3) чыгымдар орду толтурулуучу салыктардын наркын камтыбашы керек.
9. Талап кылынган кирешенин курамындагы чыгымдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана кабыл алынган эл аралык ченемдерге ылайык жылуулук энергетикасы үчүн колдонулуучу типтүү ченемдин негизинде аныкталган чийки заттын, материалдардын, отундун техникалык жана технологиялык чыгым ченемдердин, ченемдик техникалык жоготууларды, персоналдын ченемдик санын колдонуу менен аныкталууга тийиш.
10. Талап кылынган кирешенин эсептөөсүнө башында киргизилбеген чыгымдардын ордун толтуруу шарты ушул Методикада каралбаган учурда ЖКИ аны талап кыла албайт. Мындай чыгымдарга байланыштуу тобокелдиктерди ЖКИ толугу менен өзүнө алат.
2.1. Технологиялык максаттар үчүн отун
11. "Технологиялык максаттар үчүн отун" (FC) чыгымдар беренеси ЖКИнин талап кылынган кирешесин аныктоо үчүн колдонулат жана жылуулук энергиясын өндүрүүгө түздөн-түз сарпталган технологиялык отундун гана наркын камтыйт. Отунга кеткен чыгымдар белгиленген ченемдердин жана анын керектөөсүнүн негизинде аныкталат:
1) белгиленген иштеп чыгуу көлөмүнө, продукциянын бирдигине эсептелген отундун салыштырмалуу чыгымдарына жана бир тонна отундун баасына ылайык жылуулук энергиясын иштеп чыгуу боюнча технологиялык керектөөлөр үчүн;
2) технологиялык максаттар үчүн отун чыгымдарына оңдоодон, от жагуудан кийин казандарды кургатууга сарпталган бардык отун жана ысык резерв кирет.
12. Технологиялык максаттар үчүн отундун наркы төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат:
Begin_nocompare , End_nocompare
мында: FRC - резервдерди толуктоо үчүн отундун кайсы гана түрү болбосун наркы, эгерде бул резервдер мурдагы тарифтик мезгилдин ичинде колдонулган болсо. Отундун түрлөрү жана жалпы резервдердин саны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүгө тийиш;
- жаратылыш газын колдонуу менен иштеген станцияларда жылуулук энергиясын өндүрүүнүн болжолдонгон көлөмү;
- ушул станциялардагы жаратылыш газынын салыштырмалуу чыгымы;
- тарифтик мезгил үчүн жаратылыш газынын болжолдонгон орточо баасы, ал тарифтерди эсептөө учуруна карата жылуулук энергиясын өндүрүү үчүн бул отунду берүүгө белгиленген тарифтерге ылайык аныкталат;
- көмүр колдонуу менен иштеген станцияларда жылуулук энергиясын өндүрүүнүн болжолдонгон көлөмү;
- ушул станциялардагы көмүрдүн салыштырмалуу чыгымы;
- тарифтик мезгил үчүн көмүрдүн болжолдонгон орточо наркы. Көмүрдүн наркына берүүчүлөрдүн келишимдик баалары боюнча отундун наркы, анын ичинде отундун сапатынын төмөндөшүнө (жогорулашына) байланыштуу баага берилген арзандатуулар (кошумча үстөк) (күлдүүлүктүн жана нымдуулуктун эсептик ченемдеринин айырмасы үчүн), темир жол тарифи, ошондой эле жүктөө жана жеткирүү үчүн чыгымдар (эгерде башка уюмдардын транспорту болсо), бажы алымдары жана ЖКИнин сактоочу кампасына чейинки башка чыгымдар кирет;
- мазутту колдонуу менен иштеген станцияларда жылуулук энергиясын өндүрүүнүн болжолдонгон көлөмү;
- ушул станциялардагы мазуттун салыштырмалуу чыгымы;
- тарифтик мезгил үчүн мазуттун болжолдонгон орточо наркы. Мазуттун наркына берүүчүлөрдүн келишимдик баалары боюнча отундун наркы, анын ичинде отундун сапатынын төмөндөшүнө (жогорулашына) байланыштуу баага берилген арзандатуулар (кошумча үстөк) (күлдүүлүктүн жана нымдуулуктун эсептик ченемдеринин айырмасы үчүн), темир жол тарифи, ошондой эле жүктөө жана жеткирүү үчүн чыгымдар (эгерде башка уюмдардын транспорту болсо), бажы алымдары жана ЖКИнин сактоочу кампасына чейинки башка чыгымдар кирет.
- отундун башка түрлөрүн колдонуу менен иштеген станцияларда жылуулук энергиясын өндүрүүнүн болжолдонгон көлөмү;
- ушул станциялардагы отундун башка түрлөрүнүн салыштырмалуу чыгымы;
- тарифтик мезгил үчүн отундун башка түрлөрүнүн болжолдонгон орточо наркы. Отундун башка түрлөрүнүн наркына берүүчүлөрдүн келишимдик баалары боюнча отундун наркы, анын ичинде отундун сапатынын төмөндөшүнө (жогорулашына) байланыштуу баага берилген арзандатуулар (кошумча үстөк) (күлдүүлүктүн жана нымдуулуктун эсептик ченемдеринин айырмасы үчүн), темир жол тарифи, ошондой эле жүктөө жана жеткирүү үчүн чыгымдар (эгерде башка уюмдардын транспорту болсо), бажы алымдары жана ЖКИнин сактоочу кампасына чейинки башка чыгымдар кирет.
2.2. Сатып алынуучу жылуулук жана электр энергиясы
13. "Сатып алынган жылуулук жана электр энергиясы" (EPC) чыгымдар беренеси бардык ЖКИнин талап кылынган кирешесин аныктоо үчүн колдонулат жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) керектөөчүлөргө берүү үчүн, ошондой эле ЖКИнин технологиялык жоготууларына, башка технологиялык максаттарга жана чарбалык муктаждыктарга (жайларды, материалдык кампаларды жана башка өндүрүштүк эмес имараттарды жылытуу) сарпталган сатып алынуучу жылуулук энергиясынын наркын (EPCte);
2) ЖКИнин технологиялык жоготууларына, башка технологиялык максаттарга жана чарбалык муктаждыктарга (жайларды, материалдык кампаларды жана башка өндүрүштүк эмес имараттарды жарыктандыруу жана жылытуу) сарпталган сатып алынуучу электр энергиясынын наркын (EPCеe).
14. Сатып алынуучу жылуулук жана электр энергиясынын наркы төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат:
EPC = EPC������������ + EPC������������,
15. Сатып алынуучу жылуулук энергиясынын наркы төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат:
Begin_nocompare , End_nocompare
мында:
- ЖКИнин керектөөчүлөрүнө берүү үчүн сатып алынуучу жылуулук энергиясынын болжолдуу көлөмү;
- ЖКИнин технологиялык жоготууларына сарпталган сатып алынуучу жылуулук энергиясынын болжолдуу көлөмү;
- ЖКИнин технологиялык жоготууларына, башка технологиялык максаттарга жана чарбалык муктаждыктарга (жайларды, материалдык кампаларды жана башка өндүрүштүк эмес имараттарды жылытуу) сарпталган сатып алынуучу жылуулук энергиясынын болжолдуу көлөмү;
- керектөөчүлөргө берүү үчүн, ошондой эле ЖКИнин технологиялык жоготууларына, башка технологиялык максаттарга жана чарбалык муктаждыктарга (жайларды, материалдык кампаларды жана башка өндүрүштүк эмес имараттарды жылытуу) сарпталган сатып алынуучу жылуулук энергиясынын болжолдуу тарифи.
16. Сатып алынуучу электр энергиясынын наркы төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат:
Begin_nocompare , End_nocompare
мында:
- ЖКИнин технологиялык жоготууларына, башка технологиялык максаттарга жана чарбалык муктаждыктарга сарпталган сатып алынуучу электр энергиясынын болжолдуу көлөмү;
- ЖКИнин технологиялык жоготууларына, башка технологиялык максаттарга жана чарбалык муктаждыктарга сарпталган сатып алынуучу электр энергиясынын болжолдуу тарифи.
2.3. Сатып алынуучу толуктоочу суу
17. "Сатып алынуучу толуктоочу суу" (WPC) чыгымдар беренеси бардык ЖКИнин талап кылынган кирешесин аныктоо үчүн колдонулат жана борбордук жылытуу системасындагы толуктоочу суу үчүн сарпталган сатып алынуучу суунун наркын өзүнө камтыйт.
18. Толуктоочу суунун наркы төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат:
Begin_nocompare , End_nocompare
мында:
- сатып алынуучу толуктоочу суунун болжолдуу саны;
- толуктоочу суунун болжолдуу тарифи.
2.4. Операциялык чыгымдар
19. "Операциялык чыгымдар" (OMC) чыгымдар беренеси бардык ЖКИнин талап кылынган кирешесин аныктоо үчүн колдонулат жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
OMC = WGS + MRC + MTC + TFC + ADM + PRC + INC + BSF + NFT + OOC,
мында: WGS - эмгек акы төлөө, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген тартипте төлөнүүчү компенсациялар боюнча чыгымдар, отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган өлчөмдөрдө Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин талаптарына ылайык жамааттык келишимде каралган дем берүүчү мүнөздөгү төлөмдөр (сый акылар ж.б.) жана эмгек акы төлөө менен байланышкан башка чыгымдар; MRC - оңдоо иштеринин жана техникалык тейлөөнүн наркы, ал негизги каражаттардын же анын курамдык бөлүктөрүнүн ресурсун калыбына келтирүү жана оң абалын же иштөө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү, ошондой эле жабдууларды арналышы боюнча пайдалануу, тейлөө, сактоо жана ташуу учурунда иштөө жөндөмдүүлүгүн жана оң абалын сактоо боюнча операциялардын комплексине кеткен чыгымдардан турат. Оңдоо иштеринин наркы жаңы активдерди курууга, реконструкциялоого, модернизациялоого жана учурдагы активдерди алмаштырууга чегерүү менен байланышкан капиталдык салымдарга кеткен чыгымдарды камтыбашы керек; MTC - негизги каражаттарды же анын курамдык бөлүктөрүн учурдагы тейлөө үчүн материалдарды, комплекттөөчү буюмдарды жана жарым фабрикаттарды, ошондой эле жабдууларды, инструменттерди, шаймандарды, инвентарларды, приборлорду, лабораториялык жабдууларды, атайын кийимдерди жана башка материалдарды оңдоо үчүн запастык бөлүктөрдү сатып алууга чыгымдар; TFC - отунга, башка күйүүчү-майлоочу материалдарга жана транспорт каражаттарын техникалык тейлөөгө кандай болбосун чыгымдарды өзүнө камтыган транспорт чыгымдары; ADM - административдик чыгымдар, анын ичинде кеңсе буюмдары, техникалык башкаруу каражаттары, байланыш түйүндөрү, сигнализация каражаттары, эсептөө борборлору жана башка техникалык башкаруу каражаттары, иш сапарлары, персоналды окутуу жана башка тиешелүү чыгымдарга байланышкан кандай болбосун чыгымдар; PRC - мүлктү ижарага алуу, анын ичинде өндүрүштүк жана кеңсе имараттары, курулмалар, транспорт каражаттары же башка жабдуулар үчүн кандай болбосун ижара акысы; INC - камсыздандыруу чыгымдары, ал кызматкерлердин ден соолугун камсыздандыруу, транспорт каражаттарын же активдерди камсыздандыруу менен байланышкан кайсы болбосун камсыздандыруу чыгымдарын камтыйт; BSF - банктык чыгымдар, эсептерди тейлөө, валюта операциялары же акча каражаттарын которуу үчүн комиссиялар, ошондой эле керектөөчүлөрдөн акча каражаттарын чогултууга байланыштуу чыгымдар, же башка банктык кызмат көрсөтүүлөр же продукттар үчүн башка төлөмдөр; NFT - сатуудан алынуучу салыктар жана кошумча нарк салыгы, алар акыркы керектөөчүлөр (калк) тарабынан кайтарылбайт, жер салыгы, мүлк салыгы, бажы алымдары жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка жыйымдар жана милдеттүү чегерүүлөр; OOC - ЖКИнин коопсуз жана ишенимдүү иштеши үчүн же жөнгө салынуучу уюмдар үчүн керектөөчүлөргө сапаттуу кызматтарды көрсөтүү боюнча зарыл болгон башка операциялык жана өндүрүштүк чыгымдар, ошондой эле башка негиздүү жана күтүлбөгөн чыгымдар.
2.5. Кредиттерди тейлөө
20. "Кредиттерди тейлөө" (LRC) чыгымдар беренеси муниципалдык ЖКИнин гана талап кылынган кирешесин аныктоо үчүн колдонулат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кепилдиги менен алынган узак мөөнөттүү кредиттерди тейлөөнүн наркын камтыйт жана капиталдык салымдардын долбоорлорун ишке ашырууга багытталат. Кредиттерди (LRC) тейлөөгө чыгашалар, эгерде алардын чоңдугу амортизациянын (DEPR) жана кирешенин (PRF) жалпы суммасынан 85%га көп болсо, талап кылынган ЖКИ кирешесинин курамына кошулат. Эгерде тарифтерди белгилөө учурунда отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан карыздык милдеттенмелердин учурдагы деңгээлинин башка пайыздык катышы колдонулбаса, талап кылынган кирешеге кредиттерди тейлөөгө амортизациянын жана кирешенин 85%ынан ашканы гана кирет.
21. Узак мөөнөттүү зайымдардын негизги суммасы жана пайыздары боюнча чыгашалар кредиттөө жөнүндө макулдашуунун шарттарында жазылгандай тарифти так түзүүгө ар жылдык арызга киргизилет жана төмөндөгү формула боюнча аныкталат:
Begin_nocompare , End_nocompare
мында: LFC - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кепилденген жана бериле турган кредиттөө жөнүндө жаңы макулдашууну бекитүү жана каржылоо менен байланышкан кандай болбосун чыгымдарды камтыган башка финансылык чыгымдар; LB - кредиттөө жөнүндө макулдашуу боюнча тарифтик мезгилдин ичинде тиешелүү кредиттин негизги карызын жоюу суммасы. Эгерде тарифтик мезгилдин ичинде негизги карыз боюнча төлөө каралбаса, бул компонент нөлгө барабар деп эсептелет; LI - кредиттөө жөнүндө макулдашуу боюнча тарифтик мезгилдин ичинде тиешелүү кредиттин пайыздарын жоюу суммасы. Эгерде тарифтик мезгилдин ичинде пайыздар боюнча төлөө каралбаса, бул компонент нөлгө барабар деп эсептелет; FXLRC - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен кредиттөө жөнүндө макулдашуу түзүлгөн чет өлкө валютасына карата сомдун болжолдуу алмашуу курсу.
2.6. Активдердин жөнгө салынуучу базасы
22. Активдердин жөнгө салынуучу базасы (РАБ же RAB) ЖКИнин киреше алууга уруксатына карата активдердин наркын өзүнө камтыйт. Ал бардык ЖКИ үчүн аныкталат жана төмөнкүдөй үч негизги элементтен турат:
1) баштапкы РАБ (RABrbv);
2) жаңы активдердин наркы (FIA);
3) жүгүртүү капиталы (WC).
23. РАБ төмөндөгү факторлорду эсепке алуу үчүн жылына кеминде бир жолу кайра эсептелет:
1) материалдык жана материалдык эмес активдерге жаңы инвестициялар;
2) топтолгон амортизациялык чегерүүлөр;
3) жүгүртүү капиталынын чоңдугунун өзгөрүшү.
24. Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган ЖКИден РАБга киргизилиши керек болгон жаңы түзүлгөн активдердин натыйжасында инвестициялык долбоорлорду макулдашууну талап кылууга укуктуу.
25. РАБ төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат:
RAB = RABrbv + FIA + WC - DEPR,
мында: RABrbv - ушул Методиканын 2.7-главасына ылайык аныкталган активдердин жөнгө салынуучу базасы; FIA - RABrbv аныкталгандан кийин түзүлгөн жаңы киргизилген материалдык жана материалдык эмес активдердин ушул Методиканын 2.8-главасына ылайык аныкталган наркы; WC - ушул Методиканын 2.9-главасына ылайык аныкталган жүгүртүү капиталы; DEPR - ушул Методиканын 2.10-главасына ылайык аныкталган амортизациялык чыгашалар.
2.7. Баштапкы РАБ
26. ЖКИ үчүн биринчи тарифтик мезгил убагында баштапкы РАБ (RABrva) материалдык жана материалдык эмес активдердин баштапкы баланстык наркынын негизинде аныкталат․
27. Кийинки тарифтик мезгилдерде баштапкы РАБ (RABrva) өткөн тарифтик мезгилди эсептөө убагында колдонулган деңгээлде кабыл алынат.
2.8. Жаңы активдердин наркы
28. RABrba аныкталгандан кийин түзүлгөн жаңы киргизилген материалдык жана материалдык эмес активдердин (FIA) наркы төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат:
FIA = FIAibv - FIAgf - FIAsld - FIAmnt,
мында: FIAibv - RABrbv аныкталгандан кийин түзүлгөн бухгалтердик эсептин маалыматтарына ылайык жаңы киргизилген материалдык жана материалдык эмес активдердин наркы; FIAgf - эгерде келишим боюнча бул активдерди башкасына өткөрүп берүү жөнүндө каралбаса, RABrbv аныкталгандан кийин бул активдерди түзүү үчүн колдонулган акысыз алынган кандай болбосун каражаттарды кошо алганда, акысыз алынган жаңы киргизилген материалдык жана материалдык эмес активдердин наркы; FIAsld - RABrbv аныкталгандан кийин сатылган же жоюлган кандай болбосун материалдык жана материалдык эмес активдердин наркы; FIAmnt - мониторинг жүргүзүүнүн жана отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын текшерүүлөрүнүн натыйжасы боюнча жылуулук энергиясын өндүрүү, берүү жана бөлүштүрүү боюнча кызматтарды көрсөтүү үчүн пайдалуу эмес же колдонулбайт же болбосо наркы жарым-жартылай жогорулатылган деп толук же жарым-жартылай таанылган, RABrbv курамына кирген, жаңы киргизилген материалдык жана материалдык эмес активдердин наркы.
2.9. Жүгүртүү капиталы
29. Жүгүртүү капиталы (WC) бардык ЖКИнин учурдагы ишин каржылоо үчүн активдердин жөнгө салынуучу базасын эсептөөгө киргизилет жана төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат:
WC = OMC x Dwc / 365,
мында: Dwc - ЖКИ жүгүртүү капиталына муктаж боло турган мезгил (күндөрдүн саны). Эгерде тарифти эсептөөдө отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган башка мөөнөттү белгилебесе, Dwc 30 күнгө барабар деп кабыл алынат.
2.10. Амортизациялык чыгашалар
30. "Амортизациялык чыгашалар" (DEPR) чыгымдар беренеси бардык ЖКИнин талап кылынган кирешесин аныктоо үчүн колдонулат жана RAB курамына кирген материалдык жана материалдык эмес активдердин баштапкы баланстык наркына карата түз сызыктуу метод менен эсептелет. Амортизациялык чыгашалар төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат:
DERP = RABibv х DR
мында: RABibv - RAB курамына кирген материалдык жана материалдык эмес активдердин баштапкы наркы; DR - ЖКИ материалдык жана материалдык эмес активдерге карата өзүнүн акыркы жарыялаган финансылык отчетунда колдонгон амортизациянын орточо өлчөнгөн ченеми.
2.11. Жол берилген киреше
31. "Жол берилген киреше" (PRF) чыгымдар беренеси бардык энергетикалык ишканалардын талап кылынган кирешесин аныктоо үчүн колдонулат жана RAB карата төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
Begin_nocompare
End_nocompare
мында: RoR - ушул Методиканын 32-пунктуна ылайык аныкталган жол берилген кирешенин орточо өлчөнгөн ченеми. T - киреше салыгынын ставкасы.
32. Жол берилген кирешенин орточо өлчөнгөн ченеми (RoR) отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан муниципалдык ЖКИ жана жеке компаниялар үчүн орточо маани катары капиталдын орточо өлчөнгөн наркынын (WACC) болжолдуу баасына жараша белгиленет жана ар бир үч жылда кайра каралат. RoR төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат:
RoR = Е x Re + D x Rd x (1 - T)
мында: E - өздүк капиталынын эсебинен түзүлгөн РАБ ЖКИ курамындагы материалдык жана материалдык эмес активдердин баалоо салмагы; D - зайымдык капиталдын эсебинен түзүлгөн РАБ ЖКИ курамындагы материалдык жана материалдык эмес активдердин баалоо салмагы; Re - өздүк капиталга жол берилген кирешенин ченеми мамлекеттик облигациялардын кирешелүүлүгүнүн деңгээлинде белгиленет жана отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан сунуш кылынат; Rd - материалдык жана материалдык эмес активдерди түзүү үчүн колдонула турган зайымдар боюнча пайыздык ставкаларды эске алуу менен эсептелген зайымдык капиталдын орточо баалоо наркы.
2.12. Мурдагы тарифтик мезгилдин чыгашаларын түзөтүү
33. "Мурдагы тарифтик мезгилдин чыгашаларын түзөтүү" чыгымдар беренеси (PR) бардык ЖКИнин талап кылган кирешесин аныктоо үчүн колдонулат жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) отундун наркын түзөтүү;
2) кредиттерди тейлөөгө чыгашаларды түзөтүү;
3) жылуулук энергиясын иштеп чыгуу, берүү жана бөлүштүрүү үчүн тартылган активдерди пайдалануудан түшкөн башка кирешелер.
34. Мурдагы тарифтик мезгилдин чыгашаларын түзөтүү (PR) төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат:
PR = FCR + LRCR - OFI,
мында: FCR - эгерде отун чет өлкө валютасына сатып алынганда отундун наркы же алмашуу курсу өзгөргөндүгүнөн улам келип чыккан финансылык жоготууларды компенсациялоо же кошумча кирешелерди эсептөө үчүн технологиялык максаттарга отундун наркын түзөтүү; LRCR - финансылык жоготууларды компенсациялоо же сомдун тиешелүү чет өлкө валютасына карата алмашуу курсу өзгөргөндүгүнөн улам пайда болгон кошумча кирешелерди эсептөө үчүн кредиттерди тейлөөгө кеткен чыгашаларды түзөтүү; OFI - жылуулук энергиясын иштеп чыгуу, берүү жана бөлүштүрүү үчүн тартылган же ушул Методиканы сактабагандыктын натыйжасында алынган активдерди пайдалануудан алынган башка кирешелер.
35. Мурдагы тарифтик мезгилдин (FCR) технологиялык максаттарына отундун наркын түзөтүү төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат:
FCR = FC - FCA,
мында: FCA - отундун иш жүзүндөгү наркын колдонуу менен ушул Методиканын 12-пунктуна ылайык аныкталган FCнин иш жүзүндөгү наркы.
36. Мурдагы тарифтик мезгилдеги кредиттерди тейлөөгө кеткен чыгашаларды түзөтүү (LRCR) төмөнкү формула боюнча аныкталат:
LRCR = LRC - LRCA,
мында:
LRCA - иш жүзүндөгү маалыматтарды колдонуу менен ушул Методиканын 21-пунктуна ылайык аныкталган LRC боюнча иш жүзүндөгү чыгашалар.
2.13. Компанияны башкаруу үчүн төлөм
37. "Компанияны башкаруу үчүн төлөм" (MGF) чыгымдар беренеси жөнгө салынуучу активдер базасы толугу менен амортизацияланган, активдер акысыз алынган же ижарага алынган учурларда ЖКИнин талап кылынган кирешесин аныктоо үчүн колдонулат. "Компанияны башкаруу үчүн төлөм" (MGF) төмөнкү формула боюнча аныкталат:
MGF = (FC + EPC + WPC + OMC + DEPR + PRF + LRC + PR) x RMGF,
мында: RMGF - отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан бул ЖКИ менен талкуулоо боюнча белгиленген компанияны башкаруу үчүн төлөмдү аныктоочу көрсөтүлгөн чыгашалардын пайызы, бирок 10%дан ашпайт.
2.14. Жөнгө салуу үчүн төлөм
38. "Жөнгө салуу үчүн төлөм" (RGF) чыгымдар беренеси бардык ЖКИлердин талап кылынган кирешесин аныктоо үчүн колдонулат жана төмөнкү формула боюнча аныкталат:
RGF = (FC + EPC + OMC + DEPR + PRF + LRC + PR - SB) x RRGF,
мында: SB - бул жөнгө салынуучу компания республикалык бюджеттен алууга тийиш болгон субсидиянын суммасы; RRGF - отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан жөнгө салуу үчүн төлөмдү аныктоочу көрсөтүлгөн чыгашалардын пайызы, ал 0,15%ды түзөт. Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан жөнгө салынуучу компаниялардан жөнгө салуу үчүн төлөм электр жана жылуулук энергиясын сатуудан жана берүүдөн түшкөн иш жүзүндөгү акчасына жараша алынат.
3. Талап кылынган кирешени бөлүштүрүү
39. Талап кылынган кирешени бөлүштүрүү - бул талап кылынган кирешенин бир бөлүгүн ар бир керектөөчүлөр тобуна бекитүү процесси. Топтор боюнча талап кылынган кирешенин көрсөткүчтөрү чыгашалардын келип чыгышына жараша аныкталат. Керектөөчүлөрдүн конкреттүү тобу боюнча кирешеге болгон талап бул топту тейлөө наркын эсепке алуу менен белгиленет. Ар бир керектөөчүлөр тобу боюнча бөлүштүрүлгөн талап кылынган киреше бул топту тейлөө үчүн ЖКИ тарткан чыгымдарды чагылдырат. Ар бир керектөөчүлөр тобуна карата кирешенин көлөмүн кайрадан эсептөө чыгашаларды бөлүштүрүү болуп саналат. Чыгашаларды бөлүштүрүү процесси төмөнкүдөй үч этаптан турат:
1) чыгашаларды функционалдаштыруу;
2) чыгашаларды классификациялоо;
3) чыгашаларды бөлүштүрүү.
40. Функционалдаштыруу - бул негизги функцияларга ылайык төмөндө көрсөтүлгөндөй чыгашаларды бөлүштүрүү:
1) жылуулук энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана керектөөчүлөргө берүүгө кеткен чыгымдар;
2) ысык суу менен камсыздоону өндүрүүгө, бөлүштүрүүгө жана керектөөчүлөргө берүүгө кеткен чыгымдар.
41. Классификация - ушул кызмат көрсөтүүнүн мүнөздөмөсү менен байланышкан топтор боюнча чыгашаларды бөлүштүрүүнүн төмөндө көрсөтүлгөндөй кийинки кадамы:
1) жылуулук энергиясынын көлөмүнө жараша өзгөрүлүп турган товардык же энергетикалык чыгашалар. Товардык чыгашаларга отунга, сатып алынган жылуулук жана электр энергиясына кеткен чыгымдар жана өз кубаттуулуктарын эксплуатациялоого жана техникалык жактан тейлөөгө кеткен бир катар чыгымдар кирет;
2) белгилүү болгон эң көп жүктөмгө же болбосо керектөөчүлөр тарабынан жылуулук энергиясына суроо-талаптын деңгээлине жараша өзгөрүлүп турган кубаттуулукка кеткен чыгымдар. Белгилүү болгон эң көп жүктөмгө кеткен чыгашалар орточо системалуу жүктөмдөрдөн жогорку деңгээлдерди канааттандыруу үчүн талап кылынган ар кандай жабдууну же болбосо өндүрүштүк объекттерди камтыйт;
3) керектөөчүлөрдү тейлөөгө кеткен чыгашалар. Керектөөчүлөрдү тейлөөгө кеткен чыгашалар керектөөчүлөргө кызматтарды көрсөтүүдөн түзүлөт жана жылуулук энергиясын пайдалануу ченемдеринен көз каранды эмес. Керектөөчүлөрдү тейлөөгө кеткен чыгашалар ушул керектөөчүнүн эсепке алуу приборлорун тейлөөгө кеткен чыгашаларды, эсептерди коюу жана төлөмдөрдү иштеп чыгуу менен көрсөткүчтөрдү алуу жана билинг системасы менен байланышкан, ошондой эле колл-борборлордун иши менен байланышкан чыгашаларды өзүнө камтыйт.
42. Бөлүштүрүү процесси керектөөчүлөрдүн топтору боюнча чыгашаларды бул чыгашалар кандайча коротулгандыгына жараша так жана пропорционалдуу салыштыруу менен түшүндүрүлөт. Чыгашалардын бир бөлүгү бардык керектөөчүлөрдү тейлөөдөн түзүлөт жана керектөөчүлөрдүн тигил же бул тобу менен ассоциацияланбайт. Керектөөчүлөрдүн ар бир тобу үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн мүнөздөмөлөрүнүн маалыматтары бөлүштүрүү факторлорун иштеп чыгуу үчүн пайдаланылат.
43. ЖКИнин талап кылынган кирешеси бөлүштүрүлгөндөн кийин керектөөчүлөрдүн ар түрдүү топтору боюнча жылуулук энергиясына, ысык суу менен камсыздоого тарифтерди же башка тарифтик ставкаларды пайдалануу менен керектөөчүлөрдүн топторунун ортосунда талап кылынган кирешени бөлүштүрө турган тарифтердин түзүмү иштелип чыгат.
4. Комбинацияланган ЖКИнин чыгашаларын бөлүштүрүү өзгөчөлүктөрү
44. Керектөөчүлөргө сатуу максатында жылуулук жана электр энергиясын бир эле учурда өндүргөн, ташыган, бөлүштүргөн комбинацияланган ЖКИнин чыгашаларын бөлүштүрүү талап кылынган кирешени аныктоо учурунда төмөнкүдөй ыкмалар колдонулат:
1) жылуулук энергиясы үчүн ЖКИнин талап кылынган кирешеси (RRDH) ушул пункттун 2 жана 3-пунктчаларына ылайык эки компоненттин (RRDH1, RRDH2) суммасы катары аныкталат;
2) биринчи компонентти (RRDH1) аныктоодо технологиялык максаттар үчүн отунга (FC), электр энергиясын сатып алууга (ЕРC) кеткен чыгашалар, операциялык чыгашалар (ОМС), амортизациялык чыгашалар (DEPR), инвестицияларга жол берилген киреше (PRF), кредиттерди тейлөөгө кеткен чыгашалар (LRC), өткөн тарифтик мезгилдеги чыгашаларды оңдоо (PR), компанияны башкаруу үчүн төлөм (MGF) жана отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын жөнгө салуусу үчүн төлөм (RGF) төмөнкү формула боюнча жылуулук жана электр энергиясын өндүрүү көлөмдөрүнө ылайык жылуулук менен электр энергиясынын ортосунда пропорционалдуу бөлүштүрүлөт:
Begin_nocompare , End_nocompare
мында:
- жылуулук энергиясын өндүрүү көлөмү;
- 1 ГКал = 1163 кВтс жылуулук коэффициенти боюнча аныкталган электр энергиясын өндүрүү көлөмү;
3) экинчи компоненттин (RRDH2) курамына толуктоочу сууну (WPC) сатып алууга кеткен чыгашалар гана кирет, алар толугу менен жылуулук энергиясына тиешелүү жана ысык суу менен камсыздоонун наркын аныктоо үчүн колдонулат.
5. Тарифтерди аныктоо
45. ЖКИнин керектөөчүлөрү үчүн төмөнкүдөй тарифтер белгиленет:
1) жылуулук энергиясына тариф;
2) ысык суу менен камсыздоо тарифи.
46. Жылуулук энергиясы жана ысык суу менен камсыздоо үчүн эсепке алуу приборлору менен жабдылган керектөөчүлөр эсептегич менен өлчөнгөн чыгымдын негизинде төлөйт.
47. Жылуулук энергиясын же ысык суу менен камсыздоо үчүн эсепке алуу приборлору менен жабдылбаган тиричилик керектөөчүлөрү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык имараттын жылуулук энергиясын керектөөнү эсептөө боюнча методикага ылайык белгиленген керектөө деңгээлинин бирдиги үчүн ченемдик тарифтердин негизинде төлөйт.
48. Керектөөчүлөрдүн ар түрдүү топтору үчүн тарифтер Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык колдонулат.
49. Тиричилик жана тиричилик эмес керектөөчүлөрү үчүн жылуулук энергиясына тариф (TDH, сом/Гкал) орточо өлчөнгөн тарифке жараша белгиленет, ал төмөнкү формула боюнча аныкталат:
Begin_nocompare , End_nocompare
мында:
- ушул Методиканын 2-главасына ылайык аныкталган, керектөөчүлөргө жылуулук энергиясын берүү үчүн ЖКИнин талап кылынган кирешеси;
- ЖКИ керектөөчүлөрүнүн жылуулук энергиясын болжолдонгон керектөөсү;
- ЖКИ үчүн үмүтсүз карыздардын жол берилген деңгээли;
HOL - жылуулук энергиясын өндүрүүнүн жана керектөөнүн теңдемсиз болгондугунун натыйжасында келип чыккан жылуулук энергиясын ченемден ашыкча жоготуулардагы отундун наркы жана ЖКИ негиздей албайт:
HOL = FC / QDH х QOL,
мында: QOL - жылуулук энергиясынын теңдемсиздиги.
50. Тиричилик жана тиричилик эмес керектөөчүлөрүнүн айрым топтору үчүн жылуулук энергиясына тарифтер жылуулук энергиясынын орточо өлчөнгөн тарифин камсыз кылгандай болуп белгиленет. Тиричилик керектөөчүлөрү үчүн тарифтерди белгилөөдө социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунуштарынын негизинде калктын аялуу топторуна карата социалдык фактор эске алынат.
51. Ысык суу менен камсыздоого тариф (THW, сом/куб.м) төмөнкү формула боюнча белгиленет:
THW = TDH x kHW + T������ ,
мында: kHW - муздак сууну жылытууга кеткен жылуулук энергиясынын ченеми, ал 0,046 Гкалга барабар; TW - ушул ЖКИ керектөөчүлөрү үчүн муздак суу жана сууну чыгаруу тарифи. ЖКИ толуктоочу сууну сатып алган учурларда, TW төмөнкү формула боюнча аныкталат:
Begin_nocompare , End_nocompare
мында:
- ЖКИ тарабынан толуктоочу сууну болжолдонгон сатып алуу;
- эсепке алуу приборлору жок болгон жана керектөө ченемдери колдонулган ЖКИ керектөөчүлөрү үчүн ысык суу менен камсыздоонун мүмкүн болгон толук эсепке албай калуусун эске алуу менен толуктоочу суунун болжолдонгон жоготуулары. Мындай учурларда жөнгө салуучу керектөөчүлөрдүн жана ЖКИнин кызыкчылыктары балансталган кийинки жөнгө салуу мезгилдерине жоготууларды азайтуунун максаттуу көрсөткүчтөрүн белгилей алат.
52. Эгерде жылуулук энергиясын жана ысык суу менен камсыздоону сатуудан түшкөн эсептик киреше ЖКИнин талап кылынган кирешесин камсыз кылбаса, отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган төмөнкүдөй кадамдарды жасайт:
1) ЖКИнин талап кылынган кирешеси камсыздалганга чейин киреше ченемин (RoR) төмөндөтүү же эгерде киреше ченемин төмөндөтүү менен талап кылынган кирешени камсыз кылуу мүмкүн болбосо, талап кылынган кирешени эсептөөдөн кирешени (PRF) толугу менен алып салуу;
2) ЖКИнин талап кылынган кирешеси өз деңгээлине чейин камсыз болгонго чейин керектөөчүлөр үчүн тарифтик планды аныктоонун жалпы мамилелерине таянуу менен керектөөчүлөрдүн айрым топтору же бардыгы үчүн жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого колдонуудагы тарифтерди жогорулатуу;
3) ЖКИнин тартыштыгын (DefDH) аны жөнгө салуу мезгилине карата талап кылынган кирешесине карата республикалык бюджеттен же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын бюджетинен бул тартыштыкты каржылоо үчүн аныктайт. Тартыштык болгон учурда тарифти эсептөөгө киреше, ошондой эле жылуулук энергиясын жана ысык суу менен камсыздоону тиричилик эмес керектөөчүлөргө сатуудан түшкөн тартыштык киргизилбейт. ЖКИнин тартыштыгы төмөнкү формула боюнча аныкталат:
DefDH = (TDHCR − TDHHC) x QDHHC + (THWCR − THWHC) x QHWHR,
мында: TDHCR - ушул Методиканын 49-пунктуна ылайык аныкталган ЖКИнин чыгашаларын толугу менен жабуучу жылуулук энергиясынын тарифи; TDHНС - тиричилик керектөөчүлөрү үчүн белгиленген жылуулук энергиясына социалдык тариф; QDHНС - социалдык тариф боюнча тиричилик керектөөчүлөрүнүн жылуулук энергиясын керектөөсү; THWCR - ушул Методиканын 51-пунктуна ылайык аныкталган ЖКИнин чыгашаларын толугу менен жабуучу ысык суу менен камсыздоо тарифи; THWHC - тиричилик керектөөчүлөрү үчүн белгиленген ысык суу менен камсыздоого социалдык тариф; QHWHR - социалдык тариф боюнча тиричилик керектөөчүлөрүнүн ысык сууну керектөөсү.
53. Эгерде ЖКИнин тартыштыгын республикалык бюджеттен же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын бюджетинен каржылоо чечими кабыл алынса, анда субсидиянын өлчөмү төмөнкүдөй түрдө аныкталат:
1) ЖКИ субсидиясынын пландуу өлчөмү ушул Методиканын 52-пунктунун 3-пунктчасына ылайык тарифтерди белгилөө учурунда отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген ЖКИнин пландуу техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн негизинде аныкталат. Субсидиянын өлчөмү өткөн жылы алынган субсидиянын суммасынан 8% ашпашы керек.
2) субсидиянын пландуу өлчөмү финансы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан ЖКИнин иш жүзүндөгү жылдык техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн негизинде түзөтүлөт. ЖКИнин иш жүзүндөгү жылдык техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү финансы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан учурдагы жылдын 1-июнуна чейин берилет. Отчеттук мезгилде субсидиялардын ашыкча же жетишсиз каржыланышы кийинки отчеттук мезгилдин каржылоо көлөмүнө кошулат. Каржылоонун ашыкча бөлүгү республикалык бюджеттин кирешесине алынууга жатпайт.
54. Республикалык бюджеттен берилген субсидия тартыштыкты толук жаппаса, анда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жетишпеген бөлүгүн жергиликтүү бюджеттен субсидиялай алат.
6. Тарифтерди белгилөө
55. ЖКИ үчүн тарифтер отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан бул ЖКИнин тейлөө аймагынан көз карандысыз белгиленет.
56. ЖКИ кийинки тарифтик мезгилге тарифтерди белгилөө үчүн учурдагы жылдын 1-октябрына чейин отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга тарифтик өтүнмө берүүгө милдеттүү.
57. Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарифтик өтүнмөнүн толуктугун текшерет, тарифтик өтүнмө алынган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде ЖКИге текшерүү процессинин жыйынтыгы жөнүндө жазуу жүзүндө маалымдайт.
58. Зарыл документтер жок болгон учурда отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан тарифтик өтүнмө каралбайт. Документтерди кароодон баш тартуу отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга документтер келип түшкөн учурдан тартып 10 жумуш күндөн кеч эмес отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан жөнөтүлөт жана ушул Методиканын 64-пунктуна ылайык жетишпеген маалыматтардын тизмегин камтууга тийиш. Мында документтер (эсептик материалдар) кайтарылбайт. Мындай учурларда ЖКИ кемчиликтерди жоет жана отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга жаңыланган тарифтик өтүнмөнү берет. Эгерде мурунку тарифтик өтүнмөгө тиркелген документтерде көрсөтүлгөн маалыматтар жаңыланган тарифтик өтүнмө берилген учурда өзгөрбөсө, ЖКИ аларга шилтеме жасайт. ЖКИ жаңыланган тарифтик өтүнмөлөрдү отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга учурдагы жылдын 1-ноябрынан кечиктирбестен берүүгө тийиш.
59. Кабыл алынган тарифтик өтүнмө бир айдын ичинде каралат.
60. Тарифтик өтүнмөнү кароодо ЖКИнин тарифтерди эсептөөдө чыгашалары жана алардын керектөөчүлөр тарабынан орду толтурулушу эске алынат. Негиздемеге ээ, рационалдуу жана керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүү жана тейлөө үчүн зарыл болгон чыгашалар максатка ылайыктуу деп эсептелет.
61. Акыркы керектөөчүлөр үчүн жылуулук энергиясына тарифтерди кайра карап чыгуу жөнүндө чечим ушул Методикага ылайык кабыл алынган учурда төмөнкү иш-чаралар аткарылат:
1) кызыкдар тараптарды, анын ичинде керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча уюмдарды тааныштыруу жана сунуштарды берүү үчүн тарифтик өтүнмө отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын расмий интернет-сайтында жарыяланат;
2) тарифтик өтүнмөдө келтирилген негиздемелерди жана түшүндүрмөлөрдү кызыкдар тараптарга берүү үчүн ЖКИ ачык коомдук угууну уюштурат. Коомдук угуулар өткөрүлүүчү убакыт жана орду өткөрүлө турган күнгө чейин кеминде 3 жумуш күн мурда жарыяланат;
3) жаңы тарифтер жөнүндө чечимдин долбоорун бекитүүгө берүүгө 15 жумуш күн калганда отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан даярдалган сунушталган тарифтердин эсептөөлөрү анын интернет-сайтына жайгаштырылат;
4) сунушталган тарифтердин эсептөөлөрү интернет-сайтта жарыялангандан кийин отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган кызыкдар тараптарга, анын ичинде керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча уюмдарга өзүнүн сунуштарын киргизүү жана түшүндүрмөлөрдү алуу мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн чечимдин долбоорун ачык коомдук угууну уюштурат.
62. Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган ЖКИнин экономикалык ишинин, инвестициялык программаларынын жана керектөөчүлөрдү тейлөө сапатына болгон талаптардын негизинде ЖКИ үчүн жылуулук энергиясына болгон тарифтерди кайра карап чыгат.
63. Керектөөчүлөргө экономикалык жактан негизделген баалар боюнча сапаттуу кызмат көрсөтүүгө таасир этүүчү жагдайлар келип чыккан учурда ЖКИ жылуулук энергиясына мурда белгиленген тарифтерди кайра карап чыгуу үчүн тарифтик өтүнмөнү алты айдан эрте эмес берет.
7. Отчеттуулук жол-жобосу
64. ЖКИ ушул Методикада белгиленген мөөнөттөрдө тарифтерди белгилөө процессинин алкагында жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттордун төмөнкүдөй түрлөрүн берет:
1) ушул Методиканын 1-тиркемесине ылайык техникалык-экономикалык көрсөткүчтөр жөнүндө отчет;
2) ушул Методиканын 2-тиркемесине ылайык эмгек акы төлөө фонду боюнча отчет;
3) ушул Методиканын 3-тиркемесине ылайык негизги каражаттарды оңдоо иштери жана техникалык тейлөө наркы;
4) ушул Методиканын 4-тиркемесине ылайык материалдык чыгымдардын наркы;
5) ушул Методиканын 5-тиркемесине ылайык транспорттук чыгымдар жөнүндө маалыматтар;
6) ушул Методиканын 6-тиркемесине ылайык административдик чыгымдар жөнүндө отчет;
7) ушул Методиканын 7-тиркемесине ылайык башка операциялык жана өндүрүштүк чыгашалар жөнүндө отчет;
8) ушул Методиканын 8-тиркемесине ылайык кредиттер жана зайымдар жөнүндө отчет;
9) ушул Методиканын 9а, 9б, 9в жана 9г тиркемелерине ылайык негизги каражаттарды сатып алуу, куруу, ээликтен ажыратуу жана жоюу жөнүндө отчет;
10) ушул Методиканын 10-тиркемесине ылайык амортизациялык чегерүүлөрдү эсептөө.
65. Ушул Методиканын 64-пунктунда көрсөтүлгөн отчеттор отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга ЖКИ тарабынан төмөнкүдөй мөөнөттөрдө берилет:
1) ар бир жылдын 30-апрелине чейин 1-квартал үчүн 1-7-пунктчаларда көрсөтүлгөн отчеттор гана;
2) ар бир жылдын 31-июлуна чейин 1-жарым жылдык үчүн 1-8-пунктчаларда көрсөтүлгөн отчеттор гана;
3) ар бир жылдын 31-октябрына чейин 9 айлык үчүн 1-7-пунктчаларда көрсөтүлгөн отчеттор гана;
4) кийинки жылдын 31-мартына чейин жылдык 1-10-пунктчаларда көрсөтүлгөн отчеттор.
66. Эгерде отчетторду берүүнүн акыркы датасы жумуш эмес эс алуу же майрам күнүнө туш келсе, ал биринчи жумуш күнгө жылдырылат.
67. Отчеттордун бир күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү коштомо кат менен отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга берилет. Берилген маалыматтарга ошондой эле жетекчилердин жана жооптуу аткаруучулардын колу коюлууга тийиш. Бардык документтер электрондук форматта да берилет.
68. Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарифтерди белгилөө процессинде ЖКИден кошумча маалыматты жана негиздемелерди берүүнү талап кылышы мүмкүн.
8. Ушул Методиканы бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
69. ЖКИ ушул Методикада белгиленген талаптарды сактабагандыгы үчүн административдик жоопкерчилик тартат. Методиканы бузууларга төмөнкүлөр кирет:
1) чыгашаларга мониторинг (текшерүү) жүргүзүү учурунда белгиленген продукцияга (жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө) жөнгө салынуучу тарифтерди (бааларды) жогорулатуу (төмөндөтүү);
2) белгиленгендер болгон учурда тарифтерге (бааларга) каралбаган үстөктөрдү, кошумча бааларды колдонуу;
3) продукциянын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) наркына иш жүзүндө аткарылбаган же толук көлөмдө аткарылбаган жумуштарды кошуу;
4) продукциянын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) өздүк наркынын эсебинен кошуп эсептелген каражаттарды багыты боюнча пайдаланбоо;
5) продукциянын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) наркына бекитилген ченемдерден жогору чыгашаларды (отунду сарптоо, КММ, жоготуулар) жана/же бир нече жылдарда иш жүзүндө түзүлгөн чыгашаларды кошуу;
6) чыгашаларга мониторинг (текшерүү) жүргүзүү учурунда белгиленген продукциянын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) наркын түзүүдө чыгашалардын беренелерин жогорулатуу;
7) чыгашаларга мониторинг (текшерүү) жүргүзүү учурунда белгиленген, макулдашууда коюлган көлөмдөргө салыштырмалуу продукциянын (жумуштун, кызмат көрсөтүүнүн) наркын төмөндөтүү (жогорулатуу);
8) жөнгө салынуучу товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) наркына ушул Методикада каралбаган чыгашаларды кошуу;
9) отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга тарифтерди (бааларды) белгилөөгө карата материалдарды бербөө же ушул Методикада белгиленген талаптарды бузуу менен берүү;
10) отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленбеген тарифтер (баалар) боюнча продукцияны (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуу;
11) жөнгө салынуучу продукциянын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) ар бир түрү боюнча тартылган чыгашаларды, кирешелерди жана активдерди өзүнчө эсепке алуунун, ошондой эле ушул Методика менен белгиленген эсепке алуунун жаңы беренелеринин жоктугу.
70. ЖКИде бул Методиканын талаптарынын сакталышын текшерүүнү отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган жүргүзөт.
71. Ушул Методика бузулган учурда мыйзамсыз алынган кирешенин суммасы муниципалдык ЖКИ учурунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын бюджетине жана калган бардык учурларда республикалык бюджетке чечим тапшырылган күндөн тартып 30 күндүк мөөнөттө же отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын чечиминде белгиленген мөөнөттө которулууга тийиш.
72. Ушул Методиканы бузуу менен алынган кирешени которуу жөнүндө чечим отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан кабыл алынат. Көрсөтүлгөн суммалар өз убагында которулбаган учурда мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн өнбөгөн калдыктын өлчөмүнүн 0,09% барабар өлчөмдө туум эсептелет. Эсептелген туумдардын жалпы суммасы эсептелген өндүрүүнүн суммасынын 100 пайыз өлчөмүнөн ашпоого тийиш. Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 37-беренесинде каралган учурларда туумдар эсептелбеши мүмкүн.
73. Башка контролдоочу органдар тарабынан аныкталган ушул Методиканы бузуу фактылары жана алар боюнча материалдар чечим кабыл алуу үчүн отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт.
74. Ушул Методиканы бузуунун натыйжасында мыйзамсыз алынган кирешенин суммасын аныктоо мүмкүн болбогон учурда, отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын чечими боюнча орточо айлык кирешенин суммасынан 25% өндүрүп алынууга тийиш.
75. Тарифтерди (бааларды) белгилөө үчүн материалдар берилбегендиги үчүн отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тиешелүү жазма буйрук чыгарат. Жазма буйруктун талаптары аткарылбаган учурда Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чаралар колдонулат.
76. Алынган кошумча кирешени которуу жөнүндө отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын чечими "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык даттанылышы мүмкүн.
Begin_nocompare
Жылуулук энергиясына тарифтерди эсептөө жана субсидиялардын өлчөмүн аныктоо методикасына 1-тиркеме
Техникалык-экономикалык көрсөткүчтөр жөнүндө ОТЧЕТ
20___-ж. _______________________________
(форма миң сом менен толтурулат)
№
Көрсөткүчтөр
Өлчөө бирдиги
1-кв.
2-кв.
3-кв.
4-кв.
жылдык
1. Жалпы маалыматтар
1.1
Казандардын саны
шарттуу бир.
1.2
Жылуулук трассасынын жалпы узундугу
км
1.3
Абоненттердин саны
абон.
1.3.1
Калк
абон.
1.3.2
Өнөр жай жана башка керектөөчүлөр
абон.
1.3.3
Бюджеттик керектөөчүлөр
абон.
1.4
Компаниянын персоналынын саны
адам
1.4.1
өндүрүштүк персонал
адам
1.4.1.1
оңдоочу жумушчулар
адам
1.4.1.2
линиядагы персонал
адам
1.4.1.3
эксплуатациядагы жумушчулар
адам
1.4.2
административдик персонал
адам
1.4.3
сатуу бөлүмүнүн персоналы
адам
1.4.4
башка персонал
адам
2. Жылуулук энергиясынын балансы
2.1
Жылуулук энергиясын иштеп чыгуу
Гкал
2.2
Жылуулук энергиясын сатып алуу
Гкал
2.3
Өздүк керектөөгө чыгым
Гкал
2.4
Жылуулук тармагын ысытуу
Гкал
2.5
Жылуулук тармагындагы жоготуу
Гкал
иштеп чыгуудан % менен
%
2.6
Пайдалуу берүү
Гкал
анын ичинде:
2.6.1
Калк
Гкал
анын ичинде:
2.6.1.1
80 м2 чейин
Гкал
2.6.1.2
80 м2 жогору
Гкал
2.6.1.3
Ысык суу менен камсыз кылуу максатына
Гкал
2.6.2
Өнөр жай жана башка керектөөчүлөр
Гкал
2.6.3
Бюджеттик керектөөчүлөр
Гкал
2.7
Жылуулук энергиясынын балансыздыгы
Гкал
3. Кирешелер жөнүндө маалыматтар
3.1
Тарифтер
сом/Гкал
анын ичинде:
3.1.1
Калк
анын ичинде:
3.1.1.1
80 м2 чейин
сом/Гкал
3.1.1.2
80 м2 жогору
сом/Гкал
3.1.1.3
Ысык суу менен камсыз кылуу максатында
3.1.2
Өнөр жай жана башка керектөөчүлөр
сом/Гкал
3.1.3
Бюджеттик керектөөчүлөр
сом/Гкал
3.2
Жылуулук энергиясын сатуудан түшкөн киреше
миң сом
анын ичинде:
3.2.1.
Калк
миң сом
анын ичинде:
3.2.1.1
80 м2 чейин
миң сом
3.2.1.2
80 м2 жогору
миң сом
3.2.1.3
Ысык суу менен камсыз кылуу максатында
миң сом
3.2.2
Өнөр жай жана башка керектөөчүлөр
миң сом
3.2.3
Бюджеттик керектөөчүлөр
миң сом
3.3
Башка кирешелер
миң сом
3.4
Субсидия
миң сом
3.5
Жалпы киреше
миң сом
4. Талап кылынуучу киреше
4.1
Жылуулук энергиясын өндүрүүгө кеткен отун чыгымдары (FC)
миң сом
4.1.1
Жылуулук энергиясын өндүрүү үчүн резервдерди толуктоого кеткен чыгымдар (FRC)
миң сом
4.1.1.1
жаратылыш газы
миң сом
4.1.1.2
көмүр
миң сом
4.1.1.3
мазут
миң сом
4.1.1.4
башка отун түрлөрү
миң сом
4.1.2
Жылуулук энергиясын өндүрүү үчүн жаратылыш газына кеткен чыгымдар
миң сом
4.1.3
Жылуулук энергиясын өндүрүү үчүн көмүргө кеткен чыгымдар
миң сом
4.1.4
Жылуулук энергиясын өндүрүү үчүн мазутка кеткен чыгымдар
миң сом
4.1.5
Жылуулук энергиясын өндүрүү үчүн башка отун түрлөрүнө кеткен чыгымдар
миң сом
4.2
Жылуулук жана электр энергиясын сатып алууга кеткен чыгымдар (EPC)
миң сом
4.2.1
Жылуулук энергиясын сатып алууга кеткен чыгымдар
миң сом
4.2.2
Электр энергиясын сатып алууга кеткен чыгымдар
миң сом
4.3
Толуктоочу сууну сатып алууга кеткен чыгымдар (WPC)
миң сом
4.4
Операциялык чыгымдар (ОМС)
миң сом
4.4.1
Эмгек акы төлөөгө кеткен чыгымдар (WGS)
миң сом
4.4.2
Оңдоо иштеринин жана техникалык тейлөөнүн наркы (MRC)
миң сом
4.4.3
Материалдык чыгымдардын наркы (МТС)
миң сом
4.4.4
Транспорттук чыгымдар (TFC)
миң сом
4.4.5
Административдик чыгымдар (ADM)
миң сом
4.4.6
Мүлктү ижарага алуу (PRC)
миң сом
4.4.6.1
Кыймылсыз мүлктү ижарага алуу
миң сом
4.4.6.2
Транспорт каражаттарын ижарага алуу
миң сом
4.4.7
Камсыздандырууга кеткен чыгымдар (INC)
миң сом
4.4.7.1
персоналды камсыздандыруу
миң сом
4.4.7.2
кыймылсыз мүлктү камсыздандыруу
миң сом
4.4.7.3
транспорт каражаттарын камсыздандыруу
миң сом
4.4.7.4
мүлктүн башка түрлөрүн камсыздандыруу
миң сом
4.4.8
Керектөөчүлөрдөн акча каражаттарын чогултуу үчүн кеткен чыгымдар (MCC)
миң сом
4.4.9
Орду толтурулбаган салыктар, алымдар жана жыйымдар (NFT)
миң сом
4.4.9.1
мүлк салыгы
миң сом
4.4.9.2
жер салыгы
миң сом
4.4.9.3
орду толтурулбаган башка алыктар, алымдар жана жыйымдар
миң сом
4.4.10
башка операциялык жана өндүрүштүк чыгымдар (OOC)
миң сом
4.5
Жөнгө салынуучу иш боюнча амортизациялык чегерүүлөр (DEPR)
миң сом
4.5.1
Амортизациялык чегерүүлөр
миң сом
4.5.2
Өзгөчө кырдаалдарда жоюлган активдердин калдык наркы
миң сом
4.6
Инвестициялык капиталга киреше (PRF)
миң сом
4.6.1
Капиталдын орточо салмакталган наркы (WACC)
%
4.6.2
Киреше салыгынын ставкасы
%
4.6.3
Активдердин жөнгө салуучу базасы (RAB)
миң сом
4.6.4
Жүгүртүү капиталы (WC)
миң сом
4.7
Кредиттер боюнча чыгымдар (LRC)
миң сом
4.7.1
Кредиттер боюнча чыгымдар (LRC)
миң сом
4.7.2
DEPR жана PRF
миң сом
4.7.3
LRC / (DEPR + PRF) коэффициенти
4.8
Мурунку тарифтик мезгилдеги чыгымдарды түзөтүү (PR)
миң сом
4.8.1
Технологиялык максаттар үчүн отундун наркын түзөтүү (FCR)
миң сом
4.8.2
Кредиттерди тейлөөгө кеткен чыгымдарды түзөтүү (LRCR)
миң сом
4.8.3
Башка кирешелер (OFI)
миң сом
4.9
Жылуулук энергиясынын ченемден ашыкча жоготууларын түзөтүү (LSR)
миң сом
4.10
Компанияларды башкаруу үчүн төлөм (MGF)
миң сом
4.11
Жөнгө салуу үчүн төлөм (RGF)
миң сом
4.12
Талап кылынган киреше, жалпы
миң сом
5. Жылуулук энергиясына тариф
5.1
Жылуулук энергиясынын өздүк наркы
сом/Гкал
5.2
Жылуулук энергиясын сатуу тарифи (салыктарды эсепке албаганда)
сом/Гкал
5.3
Киреше/Чыгымдар
миң сом
6. Жылуулук энергияга жана ысык сууга тарифтер
6.1
Жылуулук энергиянын өздүк наркы
сом/Гкал
6.2
Ысык суунун өздүк наркы
сом/куб.м
6.2.1
Толуктоочу суунун өздүк наркы
сом/тонн
6.2.2
Жылытууга кеткен чыгымдар
сом/тонн
6.3
Жылуулук энергиясына тарифтер
6.3.1
Калк үчүн жылуулук энергиясына социалдык тариф (80 м2 чейин)
сом/Гкал
6.3.1.1
Чыгашаларды жабуу деңгээли
6.3.2
Калк үчүн жылуулук энергиясынын тарифи (80 м2 жогору)
сом/Гкал
6.3.3
Тиричилик эмес керектөөчүлөр үчүн жылуулук энергиясынын тарифи
сом/Гкал
6.4
Ысык суунун тарифтери
6.4.1
Калк үчүн ысык суунун социалдык тарифи (эсептөө приборлору менен)
сом/куб.м
6.4.1.1
Чыгашаларды жабуу деңгээли
6.4.2
Калк үчүн ысык суунун социалдык тарифи (эсептөө приборлорсуз)
сом/адам
6.4.3
Тиричилик эмес керектөөчүлөр үчүн тариф
сом/куб.м
Жылуулук энергиясына тарифтерди эсептөө жана субсидиялардын өлчөмүн аныктоо методикасына 2-тиркеме
Эмгек акы төлөө фонду боюнча ОТЧЕТ (лицензияланган иш боюнча)
20___-ж. _________________________ (квартал)
(форма миң сом менен толтурулат)
№
Көрсөткүчтөрдүн аталышы
(квартал)
1
2
3
1
Орточо тизмедеги сан, анын ичинде
1.1
административдик персонал
1.2
өндүрүштүк персонал
1.3
сатуу бөлүмүнүн персоналы
2
Штаттык расписание боюнча орточо маяна, анын ичинде
2.1
административдик персонал
2.2
өндүрүштүк персонал
2.3
сатуу бөлүмүнүн персоналы
3
Эмгек акы төлөө фонду (ЭАТФ)
4
Кошумча төлөмдөр жана үстөктөр
4.1
4.2
4.n
5
Сый акылар
5.1
ЭАТФдан % менен
6
Башкалар
6.1
6.2
6.n
7
Сый акыларды жана башка төлөмдөрдү эсепке алуу менен ЭАТФ, анын ичинде
7.1
административдик персонал
7.2
өндүрүштүк персонал
7.3
сатуу бөлүмүнүн персоналы
8
Тизмеге кирбеген курамдын ЭАТФ
9
Жалпы ЭАТФ
9.1
анын ичинде айлык
10
Камсыздандыруу төгүмдөрү
10.1
Пенсиялык фонд
10.2
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду
10.3
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду
11
Жалпы ЭАТФ жана камсыздандыруу төгүмдөрү
Жылуулук энергиясына тарифтерди эсептөө жана субсидиялардын өлчөмүн аныктоо методикасына 3-тиркеме
Оңдоо иштеринин жана техникалык тейлөөнүн наркы (лицензияланган иш боюнча)
20____-ж. ________________________ (квартал)
(форма миң сом менен толтурулат)
№
Пландаштырылган иштердин аталышы
Суммасы
1
2
3
1
Капиталдык оңдоолор
1.1
Подряддык уюмдардын күчү менен капиталдык оңдоолор*
1.1.1
1.1.2
1.1.n
1.2
Чарбалык ыкма менен капиталдык оңдоолор*
1.2.1
1.2.2
1.2.n
2
Учурдагы оңдоолор
2.1
Подряддык уюмдардын күчү менен учурдагы оңдоолор*
2.1.1
2.1.2
2.1.n
2.2
Чарбалык ыкма менен учурдагы оңдоолор*
2.2.1
2.2.2
2.2.n
ЖАЛПЫ
Жылуулук энергиясына тарифтерди эсептөө жана субсидиялардын өлчөмүн аныктоо методикасына 4-тиркеме
Материалдык чыгымдардын наркы (лицензияланган иш боюнча)
20____-ж. _________________________ (квартал)
(форма миң сом менен толтурулат)
№
Учурдагы тейлөө үчүн материалдардын, чийки заттын, инструменттердин аталышы
Суммасы
1
2
3
1
Материалдар*
1.1
1.2
1.n
2
Чийки зат*
2.1
2.2
2.n
3
Башка материалдык-өндүрүштүк запастар*
3.1
3.2
3.n
ЖАЛПЫ
Жылуулук энергиясына тарифтерди эсептөө жана субсидиялардын өлчөмүн аныктоо методикасына 5-тиркеме
Транспорттук чыгымдар жөнүндө маалымат (лицензияланган иш боюнча)
20____-ж. ______________________
(форма миң сом менен толтурулат)
№
Транспорт каражатынын аталышы
100 кмга чыгашалар (мотосаат)
Күйүүчү майдын күнүнө чыгымы
Жумуш күндөрдүн саны
1 литр КММнын сом менен баасы
Жалпы
1
2
3
5
6
5
6
1
2
3
n
Жалпы
Жылуулук энергиясына тарифтерди эсептөө жана субсидиялардын өлчөмүн аныктоо методикасына 6-тиркеме
Административдик чыгымдар жөнүндө ОТЧЕТ (лицензияланган иш боюнча)
_________________ 20___-ж. (квартал)
(форма миң сом менен толтурулат)
№
Аталышы
Суммасы
1
2
3
1
Кеңсе товарларын, иш техникасы үчүн чыгымдалуучу материалдарды, факстар, принтерлер жана көчүрмө техникасы үчүн кагазды жана башкаларды сатып алууга кеткен чыгымдар
1.1
Кеңсе товарлары
1.2
Иш техникасы үчүн чыгымдалуучу материалдар
1.3
Факстар, принтерлер жана көчүрмө техника үчүн кагаз
1.4
Башкалар
2
Почта жана телекоммуникациялык чыгымдар
2.1
Почта чыгымдары
2.2
Телекоммуникациялык чыгымдар
2.3
Башкалар
3
Программалык камсыздоолорду тейлөө
3.1
Программалык камсыздоону тейлөө
3.2
Киберкоопсуздукту камсыз кылуу
3.3
Башкалар
4
Консалтингдик жана аудитордук кызмат көрсөтүүлөр
4.1
Финансылык аудит
4.2
Техникалык аудит
4.3
Консалтингдик кызмат көрсөтүүлөр
4.4
Методологиялык, ченемдик-укуктук жана башка документтерди иштеп чыгууга кеткен чыгымдар
5
Имараттарды, курулмаларды жана башка мүлктү кайтаруу үчүн чыгымдар
6
Кадрларды кайра даярдоого кеткен чыгымдар
7
Юридикалык жана нотариалдык чыгымдар
8
Экологиялык чыгымдар
9
Маркетинг жана жарнамага кеткен чыгымдар
10
Иш сапардык чыгымдар
11
Баалуу кагаздардын борбордук депозитарийинин жана баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын банк кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөм
12
Башка күтүлбөгөн административдик чыгымдар
Жалпы
Жылуулук энергиясына тарифтерди эсептөө жана субсидиялардын өлчөмүн аныктоо методикасына 7-тиркеме
Башка операциялык жана өндүрүштүк чыгашалар жөнүндө ОТЧЕТ (лицензияланган иш боюнча)
___________________ 20___-ж. (квартал)
(форма миң сом менен толтурулат)
№
Аталышы
Наркы
1
2
3
1
Башка операциялык чыгымдар*
1.1
1.2
1.n
2
Башка өндүрүштүк чыгымдар*
2.1
2.2
2.n
3
Башка негиздүү чыгымдар*
3.1
3.2
3.n
4
Күтүлбөгөн чыгымдар
ЖАЛПЫ
Жылуулук энергиясына тарифтерди эсептөө жана субсидиялардын өлчөмүн аныктоо методикасына 8-тиркеме
Кредиттер жана зайымдар жөнүндө ОТЧЕТ
___________________ 20____-ж. (квартал)
№
Кредиттик макулдашуунун аталышы
Кредиттик макулдашуунун номери
Кредиттик макулдашуу күчүнө кирген дата
Кредитти төлөө аяктаган дата
Жеңилдетилген мезгил
Кредиттин валютасы
Келишим боюнча кредиттин суммасы (кредиттин валютасында)
Жыл башындагы карыздын калдыгы
Жылдык пайыздык ставка (%)
Мезгилдин аягындагы карыздын калдыгы
а.и. узак мөөнөттүү карыз
учурдагы карыз
бардыгы
сумма негизделген
кошо эсептелген %
айып пулдар
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
1
млн.
млн. сом
2
млн.
млн. сом
Чет өлкөлүк кредиттер боюнча жыйынтык
-
-
-
1
млн. USD
2
млн. сом
Бюджеттик ссудалар боюнча жыйынтык
-
-
-
Бардыгы
Жылуулук энергиясына тарифтерди эсептөө жана субсидиялардын өлчөмүн аныктоо методикасына 9а тиркеме
Негизги каражаттарды сатып алуу жөнүндө ОТЧЕТ (лицензияланган иш боюнча)
1 _____________________ 20_____-ж.
(форма миң сом менен толтурулат)
№
Негизги каражаттын инвентардык номери
Негизги каражаттын аталышы
Негизги каражатты сатып алуу датасы
Пайдалуу колдонуу мөөнөтү (жыл)
Негизги каражаттын наркы (КНСсиз)
1
2
3
4
5
6
1
2
3
n
Жалпы
Жылуулук энергиясына тарифтерди эсептөө жана субсидиялардын өлчөмүн аныктоо методикасына 9б тиркеме
Негизги каражаттардын курулушу жөнүндө ОТЧЕТ (лицензияланган иш боюнча)
20____-ж. _______________________
(форма миң сом менен толтурулат)
№
Негизги каражаттын инвентардык номери
Негизги каражаттын аталышы
Негизги каражатты пайдаланууга берүү датасы
Пайдалуу колдонуу мөөнөтү (жыл)
Негизги каражаттын наркы (КНСсиз)
1
2
3
4
5
6
1
2
3
n
Жалпы
Жылуулук энергиясына тарифтерди эсептөө жана субсидиялардын өлчөмүн аныктоо методикасына 9в тиркеме
Негизги каражаттарды ээликтен ажыратуу жөнүндө ОТЧЕТ (лицензияланган иш боюнча)
20____-ж. ______________________
(форма миң сом менен толтурулат)
№
Негизги каражаттын аталышы
Негизги каражатты пайдаланууга берүү датасы
Негизги каражатты ээликтен ажыратуу (сатуу) датасы
Негизги каражаттын инвентардык номери
Негизги каражаттын баштапкы наркы
Топтолгон эскирүү
Топтолгон нарксыздануу
Негизги каражаттын баланстык наркы
Негизги каражаттарды ээликтен ажыратуу (сатуу) суммасы
Негизги каражатты ээликтен ажыратууга (сатууга) байланыштуу чыгымдар
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
1
2
3
n
Жалпы
Жылуулук энергиясына тарифтерди эсептөө жана субсидиялардын өлчөмүн аныктоо методикасына 9г тиркеме
Негизги каражаттарды жоюу жөнүндө ОТЧЕТ (лицензияланган иш боюнча)
20___-ж. __________________________
(форма миң сом менен толтурулат)
№
Жоюлган негизги каражаттын аталышы
Негизги каражатты пайдаланууга берүү датасы
Негизги каражатты жоюу датасы
Негизги каражаттын инвентардык номери
Баштапкы наркы
Калдык наркы
Жоюудан түшкөн кирешелер
Активди жоюунун негиздемеси/себеби
бардыгы
капиталдык чыгымдарга киргизилген
учурдагы чыгымдарга киргизилген
ээликтен ажыратылган (сатылган)
башка багыттар
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
1
2
3
n
Жалпы
Жылуулук энергиясына тарифтерди эсептөө жана субсидиялардын өлчөмүн аныктоо методикасына 10-тиркеме
Амортизациялык чегерүүлөрдү эсептөө (лицензияланган иш боюнча)
20___-ж. _____________________
(форма миң сом менен толтурулат)
№
Негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин топтору
Баштапкы наркы
20___-ж. "___" _______ карата калдык наркы
Амортизация ченеми (%)
Амортизацияны эсептөө методу
Амортизациянын суммасы
Калдык наркы
1
2
4
5
6
7
8
9
1
Негизги каражаттар
1.1
… (1-топ)
1.2
… (2-топ)
1.n
… (n тобу)
2
Материалдык эмес активдер
2.1
… (1-топ)
2.2
… (2-топ)
2.3
… (n тобу)
3
Жалпы
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндөЗакон · 31.07.2015 · № 210
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-февралындагы № 132 "Жылуулук энергиясына тарифтерди эсептөө жана субсидиялардын өлчөмүн аныктоо методикасын бекитүү…Постановление · 23.02.2026 · № 132
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон