# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-февралындагы № 132 "Жылуулук энергиясына тарифтерди эсептөө жана субсидиялардын өлчөмүн аныктоо методикасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-февралындагы № 132 "Жылуулук энергиясына тарифтерди эсептөө жана субсидиялардын өлчөмүн аныктоо методикасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 132
- Кабыл алынган күнү: 23.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230045051>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-54542/edition/51889/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230045051.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-февралындагы № 132 "Жылуулук энергиясына тарифтерди эсептөө жана субсидиялардын өлчөмүн аныктоо методикасын бекитүү жөнүндө" токтому (23.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230045051

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 23-февралы № 132

Жылуулук энергиясына тарифтерди эсептөө жана субсидиялардын өлчөмүн аныктоо методикасын бекитүү жөнүндө

Жылуулук менен камсыз кылуучу ишканаларды натыйжалуу башкарууну уюштуруу жана ишин оптималдаштыруу максатында, "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлеринин Кабинети токтом кылат:

1. Жылуулук энергиясына тарифтерди эсептөө жана субсидиялардын өлчөмүн аныктоо методикасы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Методикага ылайык 2026-жылдын 1-январынан тартып субсидиялардын өлчөмүн аныктасын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Касымалиев
