# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 351-VIII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 2-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 351-VIII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 2-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 351-VIII
- Кабыл алынган күнү: 02.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230045037>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/53-395/edition/51910/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230045037.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 351-VIII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 2-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (02.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230045037

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 2-апрели № 351-VIII

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 2-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 2-апрелиндеги жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:

"2025-жылдын 27-июнунда Минск шаарында кол коюлган Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги жана ага мүчө мамлекеттер менен экинчи тараптан Монголиянын ортосундагы Убактылуу соода макулдашуусун ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Укук бузуулар жөнүндө кодексине, "Тышкы миграция жөнүндө" Мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

М.А. Маматалиев
