# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230045011)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 23-апрели № 54 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 23.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230045011/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230045011/edition/51836/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230045011/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2-берене (23.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230045011/st-2

---

"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 7, 371-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 19-статьяда:

а) биринчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Визасынын, жашап турууга уруксатынын мөөнөтү аяктаган же болбосо жашап турууга уруксаты жокко чыгарылган, жүрүү укугун ырастоочу документтери (каттоо, эмгек ишин жүргүзүүгө уруксат, качкын деп таануу жөнүндө өтүнүчтү каттоо жөнүндө күбөлүк, тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган учурларда качкындын ырастамасы) жок болгон же болбосо мөөнөтү өтүп кеткен мындай документтерди пайдаланган, же болбосо мыйзамдуу жүрүү мөөнөтү аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынан чыгуудан баш тарткан, ошондой эле кирүүдө билдирилгенге шайкеш келбеген максат менен Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн, Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттик өтүүнүн эрежелерин сактабаган, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-1-беренесинде же 126-2-беренесинде каралган укук бузууну жасаган чет өлкөлүк жаран Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылат.";

б) үчүнчү бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-1-беренесинин 3-бөлүгүндө жана 126-2-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган укук бузууларды жасаган учурларды кошпогондо, чет өлкөлүк жарандарды Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартууда ички иштер органдары тарабынан аларга карага укук бузууларды четтетүү жөнүндө жазма буйрук чыгарылат.".

---

Мурунку берене: [126-2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230045011/st-126-2)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230045011/st-3)
