Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаардык кеңешинин «Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 28-декабрындагы №2 „Бишкек шаардык кеңешинин регламенти жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 31-марты № 81 Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 28-декабрындагы №2 «Бишкек шаардык кеңешинин регламенти жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» жана Бишкек шаардык кеңешинин Регламентинин негизинде, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 28-декабрындагы № 2 «Бишкек шаардык кеңешинин регламенти жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Бишкек шаардык кеңешинин регламентине:
1) 4-главанын 2-параграфынын аталышындагы «орун басары» деген сөз «орун басарлары» деген сөзгө алмаштырылсын;
2) төмөнкү мазмунданы 28-1-пункту менен толукталсын:
«28-1. Өзгөчө учурларда шаардык кеңештин сессиясы Бишкек шаардык кеңешинин фракцияларынын сунушу боюнча коомдук башталыштагы төраганын орун басарын шайлай алат.»
3) 210-пунктунда:
- 3-абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Коомдук талкуунун жыйынтыгы боюнча келип түшкөн сунуштар тууралуу жыйынтык маалымат даярдалып, негиздеме-маалымкатта чагылдырылат, анда сунуштарды нормативдик укуктук актынын долбооруна киргизүүнүн же киргизбөөнүн себептери негизделет. Бул маалыматты даярдоо жана чагылдыруу токтом долбоорун иштеп чыгуучу тарабынан жүзөгө ашырылат жана камсыздалат. Жыйынтык негиздеме-маалымкат тиешелүү токтом долбоору Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында каралганга чейин шаардык кеңешке киргизилет.»;
- 4-абзацы алынып салынсын.
4) Төмөнкү мазмундагы 210-1-пункту менен толукталсын:
«210-1. Майыптыгы бар адамдардын укуктарына тийиштүү, коомдук талкуулоо үчүн жарыяланган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору демилгечи тарабынан Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңешке жиберилет.».
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2026-жылдын 13-апрелинде https://www.gorkenesh.kg/bshknyn-toktomdoru/29-sozyv/6492-81-bishkek-shaardyk-ke-eshinin-2012-zhyldyn-28-dekabryndagy-2-bishkek-shaardyk-ke-eshinin-reglamenti-zh-n-nd-toktomuna-zg-rt-l-rd-zhana-toluktoolordu-kirgiz-tuuraluu.html расмий сайтында жарыяланды
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы
Б. Усеналиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
- Бишкек шаардык кеңештин Регламенти (Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 28-декабрындагы № 2 токтомуна тиркеме)Регламент · 28.12.2012 · № 2
Шилтеме берет (1)
- Бишкек шаардык кеңештинин 2012-жылдын 28-декабрындагы № 2 "Бишкек шаардык кеңештин регламенти жөнүндө" токтомуПостановление · 28.12.2012 · № 2
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241