Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаардык кеңешинин «Бишкек шаарынын аймагында жеке мобилдүүлүк каражаттарын жайгаштыруу үчүн аймакты берүүнүн жана аны пайдалануунун тартибин бекитүү жөнүндө» токтому
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 31-марты № 91 Бишкек шаарынын аймагында жеке мобилдүүлүк каражаттарын жайгаштыруу үчүн аймакты берүүнүн жана аны пайдалануунун тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 183 “Жеке мобилдүүлүк каражаттарын эксплуатациялоо менен байланышкан юридикалык жана жеке жактардын ишин жөнгө салуу тартибин бекитүү жөнүндө” токтомун ишке ашыруу максатында, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын аймагында жеке мобилдүүлүк каражаттарын жайгаштыруу үчүн аймакты берүүнүн жана аны пайдалануунун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.
2026-жылдын 13-апрелинде https://www.gorkenesh.kg/bshknyn-toktomdoru/29-sozyv/6485-91-bishkek-shaarynyn-ajmagynda-zheke-mobild-l-k-karazhattaryn-zhajgashtyruu-ch-n-ajmakty-ber-n-n-zhana-any-pajdalanuunun-tartibin-bekit-zh-n-nd.html расмий сайтында жарыяланды
Төрага
Б. Усеналиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Бишкек шаарынын аймагында жеке мобилдүүлүк каражаттарын жайгаштыруу үчүн аймакты берүүнүн жана аны пайдалануунун тартиби (Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 91…Порядок · 31.03.2026 · № 91