Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кара-Шоро айылдык кеңешинин “Какыр айылынын ички көчөсүнө стим грант аркылуу асфальт төшөөгө үнөмдөлгөн акча каражатынан өздүк салымды кароо жөнүндө” токтому
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясы
2024-жылдын 7-августу № 54
“Какыр айылынын ички көчөсүнө стим грант аркылуу асфальт төшөөгө үнөмдөлгөн акча каражатынан өздүк салымды кароо жөнүндө”
Кара-Шоро айылдык кеңеши, Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы №9 Мыйзамынын 6-беренесинин 1-пунктуна таянып АТРдин алкагында кызматкерлердин эмгек акысынан үнөмдөлгөн 3500,0 мин сомдон, Какыр айылынын ички көчөсүнө стим грант аркылуу асфальт төшөөгө өздүк салымга жумшоого Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Р.Сатыбалдыевтин сунушун угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы №9 Мыйзамынын 6-беренесинин 1-пунктуна ылайык АТР дин алкагында Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин 2024-жылга бекитилген эмгек акы төлөмдөрүнөн үнөмдөлгөн акча каражатын Какыр айылынын ички көчөсүнө асфальт төшөө стим грант проектисинин өздүк салымына жумшоого макулдук берилсин.
2. Кызматкерлердин эмгек акы төлөмдөрүнөн үнөмдөлгөн акча каражатынан Какыр айылынын ички көчөсүнө асфальт төшөөгө стим грант проектисинин өздүк салымына 1500,0 мин сом бекитилсин.
3. Өздүк салымга бекитилген акча каражаты Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн ЖКХ бөлүмүнүн 3111 беренесине 1500,0 мин сом жумшалсын.
4. Токтомдун аткарылышын Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы З.Токтосун кызына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “финансы жана экономика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага:
Турдали у К.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.