Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кара-Шоро айылдык кеңешинин “Чалк-Өйдө айылынын ички көчөсүнө стим грант аркылуу асфальт төшөөгө үнөмдөлгөн акча каражатынан өздүк салымды кароо жөнүндө” токтому
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясы
2024-жылдын 7-августу № 53
“Чалк-Өйдө айылынын ички көчөсүнө стим грант аркылуу асфальт төшөөгө үнөмдөлгөн акча каражатынан өздүк салымды кароо жөнүндө”
Кара-Шоро айылдык кеңеши, Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы №9 Мыйзамынын 6-беренесинин 1-пунктуна таянып АТРдин алкагында кызматкерлердин эмгек акысынан үнөмдөлгөн 3500,0 мин сомдон, Чалк-Өйдө айылынын ички көчөсүнө стим грант аркылуу асфальт төшөөгө өздүк салымга жумшоого Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Р.Сатыбалдыевтин сунушун угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы №9 Мыйзамынын 6-беренесинин 1-пунктуна ылайык АТР дин алкагында Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин 2024-жылга бекитилген эмгек акы төлөмдөрүнөн үнөмдөлгөн акча каражатын Чалк-Өйдө айылынын ички көчөсүнө асфальт төшөө стим грант проектисинин өздүк салымына жумшоого макулдук берилсин.
2. Кызматкерлердин эмгек акы төлөмдөрүнөн үнөмдөлгөн акча каражатынан Чалк-Өйдө айылынын ички көчөсүнө асфальт төшөөгө стим грант проектисинин өздүк салымына 1500,0 мин сом бекитилсин.
3. Өздүк салымга бекитилген акча каражаты Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн ЖКХ бөлүмүнүн 3111 беренесине 1500,0 мин сом жумшалсын.
4. Токтомдун аткарылышын Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы З.Токтосун кызына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “финансы жана экономика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага:
Турдали у К.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.