# Кара-Шоро айылдык кеңешинин 2024-жылдын 7-августу № 46 “Кара-шоро айыл аймагындагы Шамал-Терек айылынын атын өзгөртүү жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Кара-Шоро айылдык кеңешинин 2024-жылдын 7-августу № 46 “Кара-шоро айыл аймагындагы Шамал-Терек айылынын атын өзгөртүү жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 46
- Кабыл алынган күнү: 07.08.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044889>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-54410/edition/51712/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Шоро айылдык кеңешинин 2024-жылдын 7-августу № 46 “Кара-шоро айыл аймагындагы Шамал-Терек айылынын атын өзгөртүү жөнүндө” токтому (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044889

---

КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Шоро айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясы

2024-жылдын 7-августу № 46

“Кара-шоро айыл аймагындагы Шамал-Терек айылынын атын өзгөртүү жөнүндө”

Кара-шоро айылдык кеңеши, Кара-Шоро айыл аймагындагы Шамал-Терек айылынын атын өзгөртүү боюнча Шамал-Терек айылынын жашоочуларынын 2024-жылдын 5-августундагы элдик жыйындын протоколунун негизинде, Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары- жооптуу катчы Шермамат уулу Бектурдун сунушун угуп, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Шамал-Терек айылынын атын өзгөртүү боюнча Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары- жооптуу катчы Шермамат уулу Бектурдун сунушу канааттандырылсын.

2. Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу ЖОБОго ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы № 353 токтомунун 7-пунктунун негизинде Шамал-Терек айылынын атын “Көлдүк” деп өзгөртүүгө макулдук берилсин.

3. Айыл аймактын жана айылдын атын өзгөртүү үчүн мамлекеттик мекемелер менен мыйзамдуу иш чараларды алып баруу жагы Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы Шермамат уулу Бектурга милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

Төрага:

Турдали у К.
