Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кара-Шоро айылдык кеңешинин “Кара-шоро айыл аймагындагы Шамал-Терек айылынын атын өзгөртүү жөнүндө” токтому
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясы
2024-жылдын 7-августу № 46
“Кара-шоро айыл аймагындагы Шамал-Терек айылынын атын өзгөртүү жөнүндө”
Кара-шоро айылдык кеңеши, Кара-Шоро айыл аймагындагы Шамал-Терек айылынын атын өзгөртүү боюнча Шамал-Терек айылынын жашоочуларынын 2024-жылдын 5-августундагы элдик жыйындын протоколунун негизинде, Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары- жооптуу катчы Шермамат уулу Бектурдун сунушун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Шамал-Терек айылынын атын өзгөртүү боюнча Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары- жооптуу катчы Шермамат уулу Бектурдун сунушу канааттандырылсын.
2. Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу ЖОБОго ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы № 353 токтомунун 7-пунктунун негизинде Шамал-Терек айылынын атын “Көлдүк” деп өзгөртүүгө макулдук берилсин.
3. Айыл аймактын жана айылдын атын өзгөртүү үчүн мамлекеттик мекемелер менен мыйзамдуу иш чараларды алып баруу жагы Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы Шермамат уулу Бектурга милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага:
Турдали у К.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы № 353 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы…Постановление · 29.12.2021 · № 353 · Күчүн жоготкон