# 9-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230044871)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 21-апрелиндеги № 52 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 21.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044871/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5740/edition/51695/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230044871/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө, 9-берене (21.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044871/st-9

---

1. «Достук» ордени менен ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн адамдар сыйланат:

1) элдердин ортосундагы достук, социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттер менен ар тараптуу кызматташтыгын чыңдоо ишиндеги жетишкендиктери үчүн;

2) эл аралык, коомдук, кайрымдуулук жана гуманитардык иштеги жетишкендиктери үчүн;

3) өлкөнүн руханий жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө жана көбөйтүүгө кошкон жеке салымы, адам укуктарын жана анын социалдык кызыкчылыктарын коргоо боюнча активдүү иши үчүн;

4) өлкөнүн илимин жана экономикалык потенциалын өнүктүрүүгө, ошондой эле этностор аралык ынтымакты чыңдоого сиңирген эмгектери үчүн.

2. «Достук» ордени төштүн сол тарабына «Даңк» орденинен кийин тагылат.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230044871/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230044871/st-10)
