8-берене
Күчүндө · 21.04.2026 редакциясы · 2-глава
1. «Даңк» ордени менен ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн адамдар сыйланат:
1) Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн деңгээлин жана элдин бакубаттуулугун жогорулатууга, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого өбөлгө түзгөн сиңирген эмгеги үчүн;
2) илим, билим берүү жана саламаттык сактоо жаатындагы сиңирген эмгеги үчүн;
3) мамлекеттик, кайрымдуулук жана коомдук иш жаатындагы, мыйзамдуулукту, укук тартибин, коопсуздукту жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоодогу сиңирген эмгеги үчүн;
4) улуттук маданиятты, искусствону, тарыхты сактоого, жайылтууга жана өнүктүрүүгө жана өсүп келе жаткан муунга патриоттук тарбия берүүгө кошкон салымы үчүн;
5) спортту илгерилетүүгө, колдоого жана жайылтууга сиңирген эмгеги үчүн.
2. «Даңк» ордени төштүн сол тарабына «Эрдик» орденинен кийин тагылат.
Берененин тексти 21.04.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230044871/st-8" title="8-берене - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>