# 7-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230044871)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 21-апрелиндеги № 52 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 21.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044871/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5740/edition/51695/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230044871/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө, 7-берене (21.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044871/st-7

---

1. «Эрдик» ордени менен Кыргыз Республикасынын жарандары адамдарды куткарууда, өлкөнүн коопсуздугун жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылууда, коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, табигый кырсыктар, өрт, кыйроолор жана башка өзгөчө кырдаалдар учурунда көрсөткөн жан аябас аракети, каармандыгы жана эрдиги үчүн, ошондой эле өмүр үчүн тобокелдик менен коштолгон шарттарда аскердик, кызматтык же жарандык парзын аткарууда жасаган тайманбас жана чечкиндүү аракеттери үчүн сыйланат.

2. «Эрдик» ордени төштүн сол тарабына «Курманжан датка» орденинен кийин тагылат.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230044871/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230044871/st-8)
