Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
23-берене
Күчүндө · 21.04.2026 редакциясы · 4-глава
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланган, ардак наамдарына татыктуу болгон адамдар мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актынын же сыйлоо жана ыйгаруу жөнүндө жарлыкты жокко чыгаруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгынын негизинде гана алардан ажыратылышы мүмкүн.
2. Мамлекеттик сыйлыктардан, ардак наамдардан ажыратуу Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан тиешелүү жарлыкты чыгаруу аркылуу жүргүзүлөт.
3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынан, ардак наамынан ажыратуу жөнүндө жарлык же сыйлоо жана ыйгаруу жөнүндө жарлыкты жокко чыгаруу тууралуу жарлык күчүнө кирген күндөн тартып ага карата мындай жарлык чыгарылган адам Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына, ардак наамдарына татыктуу болгон адамдар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген социалдык кепилдиктерге болгон укуктарын жоготот.
4. Мамлекеттик сыйлыктардан, ардак наамдардан ажыратылган адамдарга таандык мамлекеттик сыйлыктар жана ардак наамга төш белгилер, ошондой эле алардын документтери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте алып коюлууга тийиш.
Алып коюлган мамлекеттик сыйлыктар жана ардак наамга төш белгилер, ошондой эле алардын документтери мамлекеттик сыйлыктар фондуна өткөрүп берилет.
5. Сыйланган адам ага ылайык мамлекеттик сыйлыктан, ардак наамдан ажыратылган соттун өкүмүн реабилитациялык негиздер боюнча жокко чыгарууда бул жөнүндө чыгарылган Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы жокко чыгарылууга, ал эми Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгына, ардак наамына болгон укугу - калыбына келтирилүүгө тийиш.
Берененин тексти 21.04.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230044871/st-23" title="23-берене - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>