2-берене
Күчүндө · 21.04.2026 редакциясы · 2-глава
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары болуп төмөнкүлөр саналат: ушул Мыйзам менен белгиленген «Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры» Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасы, «Эмгек Баатыры» Кыргыз Республикасынын артыкчылык даражасы, ордендер, медалдар.
2. Кыргыз Республикасынын төмөнкүдөй категорияларга бөлүнгөн мамлекеттик сыйлыктары уюштурулат:
1) жогорку категориядагы мамлекеттик сыйлык - «Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры» Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасы;
2) өзгөчө категориядагы мамлекеттик сыйлык - «Эмгек Баатыры» Кыргыз Республикасынын артыкчылык даражасы;
3) биринчи категориядагы мамлекеттик сыйлыктар:
а) I даражадагы «Манас» ордени;
б) II даражадагы «Манас» ордени;
в) III даражадагы «Манас» ордени;
г) «Курманжан Датка» ордени;
д) «Эрдик» ордени;
е) «Даңк» ордени;
ж) «Достук» ордени;
з) «Баатыр эне» ордени;
4) экинчи категориядагы мамлекеттик сыйлыктар:
а) «Ардак» медалы;
б) «Эне даңкы» медалы.
3. Кыргыз Республикасынын төмөнкүдөй ардак наамдары уюштурулат:
а) «Кыргыз Республикасынын эл мугалими»;
б) «Кыргыз Республикасынын эл врачы»;
в) «Кыргыз Республикасынын эл артисти»;
г) «Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу»;
д) «Кыргыз Республикасынын эл акыны»;
е) «Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү»;
ж) «Кыргыз Республикасынын жаратманы»;
з) «Кыргыз Республикасынын сыймыгы».
4. Кыргыз Республикасынын төмөнкүдөй мамлекеттик сый акылары уюштурулат:
1) Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы Касым Тыныстанов атындагы мамлекеттик сый акысы;
2) Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысы.
Берененин тексти 21.04.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230044871/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>