16-берене
Күчүндө · 21.04.2026 редакциясы · 3-глава
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, ардак наамдарын ыйгаруу жана мамлекеттик сый акыларын берүү кийин мамлекеттик сыйлыктарды, ардак наамдардын жана мамлекеттик сый акылардын төш белгилерин жана алардын документтерин тапшыруу менен Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан сыйлоо, Кыргыз Республикасынын ардак наамын ыйгаруу же мамлекеттик сый акысын берүү жөнүндө жарлыкты чыгаруу жолу менен жүргүзүлөт.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын, ардак наамдарын жана мамлекеттик сый акыларын Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча жана анын атынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы жана башка кызмат адамдары тапшыра алат.
3. Сыйланган адамга мамлекеттик сыйлык жана сыйлоону күбөлөндүрүүчү документ тапшырылат.
4. Кыргыз Республикасынын ардак наамына же мамлекеттик сый акысына татыктуу болгон адамга төш белги жана Кыргыз Республикасынын ардак наамын ыйгарууну же мамлекеттик сый акыны берүүнү күбөлөндүрүүчү документ тапшырылат.
Берененин тексти 21.04.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230044871/st-16" title="16-берене - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>