# 15-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230044871)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 21-апрелиндеги № 52 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 21.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044871/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5740/edition/51695/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230044871/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө, 15-берене (21.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044871/st-15

---

1. Мамлекеттик сыйлыктарга жана ардак наамдарга сунуштар Кыргыз Республикасынын Президентине төмөнкүлөр тарабынан киргизилет:

1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы;

2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттери, парламенттик фракциялары жана депутаттык топтору;

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси;

4) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы;

5) Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы;

6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү;

7) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик органдардын жетекчилери;

8) Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору;

9) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы;

10) Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы;

11) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы;

12) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы;

13) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы;

14) Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени);

15) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү;

16) Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери.

2. Өзгөчө учурларда ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кызмат адамдарынан сыйлоого өтүнүчтөр киргизилбестен, Кыргыз Республикасынын Президенти «Баатыр эне» орденинен жана «Эне даңкы» медалынан тышкары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоону жана ардак наамдарын ыйгарууну демилгелөөгө укуктуу.

3. «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалы менен сыйлоо жөнүндө өтүнүч жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти бекиткен тартипте демилгеленет.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жетекчилери «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалы менен сыйлоого өтүнүчтөрдү өз убагында демилгелөө боюнча чараларды көрөт жана буга карата жеке жоопкерчилик тартат. «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалы менен сыйлоо жөнүндө өтүнүчтөрдү демилгелөө сыйлоого мыйзамдуу негиздер пайда болгон күндөн тартып 3 айдын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

4. Соттуулугу жоюлбаган адамдарды мамлекеттик сыйлыктарга, ардак наамдарга же мамлекеттик сый акыларга сунуштоого жол берилбейт.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230044871/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230044871/st-16)
