# 13-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230044871)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 21-апрелиндеги № 52 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 21.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044871/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5740/edition/51695/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230044871/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө, 13-берене (21.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044871/st-13

---

1. «Кыргыз Республикасынын эл мугалими» ардак наамы жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдерине, жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын окутуучуларына, мектепке чейинки, окуу-тарбиялык жана методикалык мекемелердин кызматкерлерине балдарды жана жаштарды окутууда жана тарбиялоодо өзгөчө көрүнүктүү сиңирген эмгеги, автордук программаларды, методикаларды жана билим берүү технологияларын иштеп чыккандыгы жана киргизгендиги, билим берүү чөйрөсүнө көрүнүктүү салым кошкондугу жана кесиптик ишинде жалпы элдик таанууга ээ болгондугу үчүн ыйгарылат.

2. «Кыргыз Республикасынын эл врачы» ардак наамы жогорку квалификациялуу врач-адистерге калктын ден соолугун сактоодогу, медицина илиминин жана техникасынын заманбап жетишкендиктерин пайдалануу менен дарылоо-профилактикалык жардамды уюштуруудагы жана көрсөтүүдөгү, диагностиканын жана дарылоонун заманбап ыкмаларын киргизүүдөгү өзгөчө эмгеги үчүн, ата мекендик медицинага көрүнүктүү салым кошкондугу, өзгөчө кесиптик чеберчилигин, жогорку моралдык сапаттарын жана жан аябастыгын көрсөткөндүгү жана кесиптик ишинде жалпы элдик таанууга ээ болгондугу үчүн ыйгарылат.

3. «Кыргыз Республикасынын эл артисти» ардак наамы жалпы элдик таанууга ээ болгон артисттерге, музыка аткаруучуларга, композиторлорго, дирижерлорго, режиссерлорго, хормейстерлерге, балетмейстерлерге, музыкалык, хордук, хореографиялык жана башка жамааттардын көркөм жетекчилерине көрүнүктүү көркөм образдарды, спектаклдерди, телеспектаклдерди, телефильмдерди, кинофильмдерди, концерттик, эстрадалык, цирк программаларын, музыкалык, телекөрсөтүү жана радио чыгармаларын түзгөндүгү үчүн ыйгарылат.

4. «Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу» ардак наамы ата мекендик адабиятка көрүнүктүү салым кошкон жана жалпы элдик таанууга ээ болгон жазуучуларга ата мекендик адабиятты өнүктүрүүгө сиңирген эмгеги, жогорку көркөм чыгармаларды жараткандыгы үчүн ыйгарылат.

5. «Кыргыз Республикасынын эл акыны» ардак наамы ата мекендик адабиятка көрүнүктүү салым кошкон жана жаппы элдик таанууга ээ болгон акындарга, ошондой эле төкмө акындарга поэзиялык чыгармачылыкты өнүктүрүүгө сиңирген эмгеги, жогорку көркөм чыгармаларды жараткандыгы үчүн ыйгарылат.

6. «Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү» ардак наамы жалпы элдик таанууга ээ болгон сүрөтчүлөргө живопись, скульптура, графика, монументалдык, жасалга-колдонмо искусствосунун көрүнүктүү чыгармаларын жараткандыгы үчүн ыйгарылат.

7. «Кыргыз Республикасынын жаратманы» ардак наамы мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон жаңы технологияларды, продукцияларды, техникалык чечимдерди жана башкаруу методдорун түзүүгө жана киргизүүгө алып келген көрүнүктүү новатордук салымы, өзүнүн натыйжалуулугун жана улуттук деңгээлде коомдук маанилүүлүгүн тастыктаган уникалдуу билим берүү, маданий жана социалдык практикаларды түзгөндүгү жана ишке ашыргандыгы үчүн ыйгарылат.

8. «Кыргыз Республикасынын сыймыгы» ардак наамы мамлекеттин жана коомдун алдында улуттук сыймыктын символу болуп калган жана кеңири коомдук жана (же) эл аралык таанууга ээ болгон өзгөчө жетишкендиктери, эрдиктери жана эмгектери үчүн, анын ичинде адамдардын өмүрүн жана ден соолугун сактоодо же болбосо өзгөчө маанилүү мамлекеттик тапшырмаларды аткарууда көрсөткөн каармандыгы, эрдиги жана жан аябастыгы үчүн, көрүнүктүү спорттук, чыгармачылык, илимий же кесиптик жетишкендиктери, коом жана мамлекет үчүн олуттуу социалдык, экономикалык же гуманитардык натыйжасы бар масштабдуу долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашыргандыгы үчүн ыйгарылат.

9. Кыргыз Республикасынын ардак наамына татыктуу болгондорго Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленген үлгүдөгү төш белги тапшырылат.

Төш белги Кыргыз Республикасынын башка төш белгилеринен мурун көкүрөктүн оң жагына тагылат.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230044871/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230044871/st-14)
