# 12-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230044871)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 21-апрелиндеги № 52 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 21.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044871/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5740/edition/51695/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230044871/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө, 12-берене (21.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044871/st-12

---

1. «Эне даңкы» медалы менен алты баланы төрөгөн жана татыктуу тарбиялаган, балдардын ден соолугу, билими, дене бойлук, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсү жөнүндө талаптагыдай деңгээлде камкордук көргөн энелер - Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле жетим балдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн окуу-тарбиялык мекемелерде 15 жылдан ашык кынтыксыз иштеген аялдар сыйланат.

2. Ушул берененин 3-бөлүгүнүн 2 жана 3-пункттарында каралган учурларды кошпогондо, «Эне даңкы» медалы менен сыйлоо алтынчы бала бир жашка чыкканда жана калгандары тирүү болгондо жүргүзүлөт.

3. «Эне даңкы» медалы менен сыйлоодо төмөнкүдөй балдар эске алынат:

1) мыйзамда белгиленген тартипте асырап алынган балдар (асырап алынган кыздар), эгерде баланы (кызды) асырап алгандан кийин 3 жылдан ашык убакыт өтсө жана асырап алынган балдар (асырап алынган кыздар) энеси менен чогуу жашаса;

2) Ата мекенди жана анын мамлекеттик кызыкчылыктарын коргоодо, адам өмүрүн сактап калуу, мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыз кылуу боюнча жарандык парзын аткарууда курман болгондор же дайынсыз жоголгондор;

3) энеге жана балага көз каранды болбогон күтүлбөгөн жагдайлардын жана бөөдө кырсыктардын (жол-транспорт кырсыгы, эмгектик мертинүү же кесиптик оору, өзгөчө кырдаалда алган жаракат, айыккыс оорунун кесепеттери) натыйжасында каза болгондор.

4. «Эне даңкы» медалы төштүн сол тарабына «Ардак» медалынан кийин тагылат.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230044871/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230044871/st-13)
