12-берене
Күчүндө · 21.04.2026 редакциясы · 2-глава
1. «Эне даңкы» медалы менен алты баланы төрөгөн жана татыктуу тарбиялаган, балдардын ден соолугу, билими, дене бойлук, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсү жөнүндө талаптагыдай деңгээлде камкордук көргөн энелер - Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле жетим балдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн окуу-тарбиялык мекемелерде 15 жылдан ашык кынтыксыз иштеген аялдар сыйланат.
2. Ушул берененин 3-бөлүгүнүн 2 жана 3-пункттарында каралган учурларды кошпогондо, «Эне даңкы» медалы менен сыйлоо алтынчы бала бир жашка чыкканда жана калгандары тирүү болгондо жүргүзүлөт.
3. «Эне даңкы» медалы менен сыйлоодо төмөнкүдөй балдар эске алынат:
1) мыйзамда белгиленген тартипте асырап алынган балдар (асырап алынган кыздар), эгерде баланы (кызды) асырап алгандан кийин 3 жылдан ашык убакыт өтсө жана асырап алынган балдар (асырап алынган кыздар) энеси менен чогуу жашаса;
2) Ата мекенди жана анын мамлекеттик кызыкчылыктарын коргоодо, адам өмүрүн сактап калуу, мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыз кылуу боюнча жарандык парзын аткарууда курман болгондор же дайынсыз жоголгондор;
3) энеге жана балага көз каранды болбогон күтүлбөгөн жагдайлардын жана бөөдө кырсыктардын (жол-транспорт кырсыгы, эмгектик мертинүү же кесиптик оору, өзгөчө кырдаалда алган жаракат, айыккыс оорунун кесепеттери) натыйжасында каза болгондор.
4. «Эне даңкы» медалы төштүн сол тарабына «Ардак» медалынан кийин тагылат.
Берененин тексти 21.04.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230044871/st-12" title="12-берене - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>