10-берене
Күчүндө · 21.04.2026 редакциясы · 2-глава
1. «Баатыр эне» ордени менен жети жана андан көп баланы төрөгөн жана татыктуу тарбиялаган, балдардын ден соолугу, билими, дене бойлук, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсү жөнүндө талаптагыдай деңгээлде камкордук көргөн энелер - Кыргыз Республикасынын жарандары сыйланат.
2. Ушул берененин 3-бөлүгүнүн 2 жана 3-пункттарында каралган учурларды кошпогондо, «Баатыр эне» ордени менен сыйлоо жетинчи бала бир жашка чыкканда жана калгандары тирүү болгондо жүргүзүлөт.
3. «Баатыр эне» ордени менен сыйлоодо төмөнкү балдар да эске алынат:
1) мыйзамда белгиленген тартипте асырап алынган балдар (асырап алынган кыздар), эгерде баланы (кызды) асырап алгандан кийин 3 жылдан ашык убакыт өтсө жана асырап алынган балдар (асырап алынган кыздар) энеси менен чогуу жашаса;
2) Ата мекенди жана анын мамлекеттик кызыкчылыктарын коргоодо, адам өмүрүн сактап калуу, мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыз кылуу боюнча жарандык парзын аткарууда курман болгондор же дайынсыз жоголгондор;
3) энеден жана баладан көз каранды болбогон күтүлбөгөн жагдайлардын жана бөөдө кырсыктардын (жол-транспорт кырсыгы, эмгектик мертинүү же кесиптик оору, өзгөчө кырдаалда алган жаракат, айыккыс оорунун кесепеттери) натыйжасында каза болгондор.
4. «Баатыр эне» ордени төштүн сол тарабына «Достук» орденинен кийин тагылат.
Берененин тексти 21.04.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230044871/st-10" title="10-берене - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>