# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230044871)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 21-апрелиндеги № 52 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 21.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044871/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5740/edition/51695/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230044871/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө, 1-берене (21.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044871/st-1

---

1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын, ардак наамдарынын жана мамлекеттик сый акыларынын укуктук статусун, сыйлангандардын укуктарын жана милдеттерин аныктайт, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого, ардак наамдарын ыйгарууга жана мамлекеттик сый акыларды берүүгө байланышкан мамилелерди жөнгө салат.

2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары өзгөчө, коомдук маанидеги натыйжалар, коомдук турмуштун ар кандай чөйрөлөрүндөгү, анын ичинде мамлекетти жана демократиялык коомду коргоодо жана чыңдоодо, элдин биримдигин камсыз кылууда жана өлкөнүн социалдык-экономикалык, саясий, маданий жана руханий потенциалын арттыруудагы эмгектери үчүн сыйлоонун жогорку формасы болуп саналат.

3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен Кыргыз Республикасынын жарандары, Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары жана административдик-аймактык бирдиктери, ошондой эле Кыргыз Республикасына жана элге сиңирген эмгеги бар чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, чет мамлекеттердин юридикалык жактары сыйланат.

Кыргыз Республикасынын ардак наамдары Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын тиешелүү тармагын же иш чөйрөсүн өнүктүрүүгө кошкон көрүнүктүү салымы үчүн ыйгарылат. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сый акылары Кыргыз Республикасынын жарандарына көрүнүктүү ачылыштары жана илимий жетишкендиктери, мазмуну боюнча терең жана формасы боюнча айырмаланган чыгармачылык эмгектери үчүн ыйгарылат.

4. Мамлекеттик сыйлыктардын, ардак наамдардын жана мамлекеттик сый акылардын белгилеринин, аларга документтердин сыпаттамасы жана үлгүлөрү, ошондой эле мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого, ардак наамдарды ыйгарууга жана мамлекеттик сый акыларга көрсөтүүгө, мамлекеттик сыйлыктарды, ардак наамдарды жана мамлекеттик сый акыларды, алардын актыларын жана документтерин тапшыруу, эсепке алуу. сактоо жана эсептен чыгаруу, дубликаттарды берүү, мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жана ардак наамдарды ыйгаруу жөнүндө жарлыктарды жокко чыгаруу тартибине байланышкан жоболор Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.

5. Мамлекеттик сыйлыктардын жана ардак наамдардын аталыштары мамлекеттик тилде, мамлекеттик сый акылардыкы мамлекеттик жана расмий тилдерде белгиленет.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230044871/st-2)
