# Куршаб айылдык кеңешинин 2024-жылдын 6-сентябры № 126 Жердин максаттуу пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Куршаб айылдык кеңешинин 2024-жылдын 6-сентябры № 126 Жердин максаттуу пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 126
- Кабыл алынган күнү: 06.09.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.09.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044866>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-54389/edition/51689/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.09.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Куршаб айылдык кеңешинин 2024-жылдын 6-сентябры № 126 Жердин максаттуу пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө токтому (06.09.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044866

---

КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) ХХIV кезектүү отуруму

2024-жылдын 6-сентябры № 126

Жердин максаттуу пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө

Куршаб айылдык кеңешинин турак жай,өнөр жай, курулуш, жер, жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясы КР жер кодексинин №12 –беренесинин 2017-жылдын 1-июнундагы № 95, 2019-жылдын 30-июлундагы № 107 мыйзамдарынын редакциясына ылайык, жер багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени алдын ала карап, Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) ХХIV кезектүү сессиясынын күн тартибиндеги маселени угуп, талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Куршаб айылынын Гафуржанов көчөсүндө жайгашкан иден. код №5-06-11-10014057 сандуу Нурматов Таласбекке тиешелүү 1700 чарчы метр жер тилкесинин жана иден. код 5-06-11-1001-4056 сандуу Каратаев Сейтбекке тиешелүү 1600 чарчы метр, жалпысы 3300 чарчы метр курулуш цех багытындагы жер тилкесин жеке турак жай багытына өзгөртүүгө жана курулуш курууга макулдук берилсин.

2. Керектүү иш кагаздарын, документтерин даярдап берүү жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы турак жай, өнөр жай, курулуш, жер, жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага:

Б.Э.Жумаев
