Куршаб айылдык кеңешинин Жердин максаттуу пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) ХХIV кезектүү отуруму
2024-жылдын 6-сентябры № 125
Жердин максаттуу пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө
Куршаб айылдык кеңешинин турак жай,өнөр жай, курулуш, жер, жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясы КР жер кодексинин №12 –беренесинин 2017-жылдын 1-июнундагы № 95, 2019-жылдын 30-июлундагы № 107 мыйзамдарынын редакциясына ылайык, жер багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени алдын ала карап, Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) ХХIV кезектүү сессиясынын күн тартибиндеги маселени угуп, талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Куршаб айылынын А. Камчыбеков көчөсүндө жайгашкан иден. код №5-06-11-1001-4655 калктуу конуш багытындагы жалпысы 700,0 чарчы метр Рахматилла уулу Талантбектин менчигинде турган жер тилкесинин 100,0 чарчы метрин Калкты тейлөө, соода сатык багытына өзгөртүүгө жана мыйзам талаптарына ылайык курулуш курууга макулдук берилсин.
2. Керектүү иш кагаздарын, документтерин даярдап берүү жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы турак жай, өнөр жай, курулуш, жер, жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага:
Б.Э.Жумаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.