# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-апрелиндеги № 264 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-октябрындагы № 621 «Маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоо системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-апрелиндеги № 264 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-октябрындагы № 621 «Маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоо системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 264
- Кабыл алынган күнү: 20.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044846>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230044846/edition/51668/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230044846.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-апрелиндеги № 264 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-октябрындагы № 621 «Маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоо системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» токтому (20.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044846

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 20-апрели № 264

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-октябрындагы № 621 «Маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоо системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

Маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоо системасын жөнгө салууну өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-октябрындагы № 621 «Маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоо системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик бир жумалык мөөнөттө «Маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоо системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорун бекитүүгө киргизсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 24-апрелиндеги № 31 (3791) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
