# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 16-апрели № 143 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 6-декабрындагы № 546 "Аз камсыз болгон жарандарды (үй-бүлөлөрдү) электр энергиясы үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн төмөндөтүү түрүндө колдоо чаралары жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 16-апрели № 143 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 6-декабрындагы № 546 "Аз камсыз болгон жарандарды (үй-бүлөлөрдү) электр энергиясы үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн төмөндөтүү түрүндө колдоо чаралары жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 16.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044837>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230044837/edition/51660/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230044837.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 16-апрели № 143 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 6-декабрындагы № 546 "Аз камсыз болгон жарандарды (үй-бүлөлөрдү) электр энергиясы үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн төмөндөтүү түрүндө колдоо чаралары жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (16.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044837

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2026-жылдын 16-апрели № 143 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 6-декабрындагы № 546 "Аз камсыз болгон жарандарды (үй-бүлөлөрдү) электр энергиясы үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн төмөндөтүү түрүндө колдоо чаралары жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Муктаж болгон үй-бүлөлөрдү социалдык колдоо системасын өркүндөтүү, социалдык маанилүү товарларга баалардын өсүү шартында аз камсыз болгон жарандарга (үй-бүлөлөргө) даректүү колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алуу менен токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 6-декабрындагы № 546 "Аз камсыз болгон жарандарды (үй-бүлөлөрдү) электр энергиясы үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн төмөндөтүү түрүндө колдоо чаралары жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пунктта:

- экинчи абзац "2022-жылдын 1-январынан тартып" деген сөздөрдөн кийин "2027-жылдын 1-январына чейин" деген сөздөр менен толукталсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү-бешинчи абзацтар менен толукталсын:

"- 2027-жылдын 1-январына чейин айына 700 кВтска чейин керектөөдө калк үчүн белгиленген тариф менен 1 кВтс үчүн 50,0 тыйын өлчөмүндөгү тарифтин ортосундагы айырманын өлчөмүндө электр энергиясын керектөөнүн төмөнкү көлөмдөрүнүн чегинде компенсация берүүнү караган электр энергиясы үчүн жеңилдиктердин ордуна 16 жашка чейинки балдары бар, "үй-бүлөгө көмөк" мамлекеттик жөлөкпулун алган муктаж үй-бүлөлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү механизмин киргизсин: жайкы мезгилде (1-апрелден 1-октябрга чейин) - айына 400 кВтс көлөмүндө; кышкы мезгилде (1-октябрдан 1-апрелге чейин) - айына 700 кВтс көлөмүндө.".

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 29 (3789) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
