# Курама айылдык кеңешинин 2026-жылдын 27-январындагы № 7 "Курама айыл аймагынын Жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Курама айылдык кеңешинин 2026-жылдын 27-январындагы № 7 "Курама айыл аймагынын Жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 7
- Кабыл алынган күнү: 27.01.2026
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044820>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-54358/edition/51645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230044820.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Курама айылдык кеңешинин 2026-жылдын 27-январындагы № 7 "Курама айыл аймагынын Жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү тууралуу" токтому (01.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044820

---

Курама айылдык кеңешинин “1”апрель 2026-жылдагы № 25 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 27-январы № 7 Курама айыл аймагынын Жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 21-беренесине ылайык, Жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоорун элдик жыйындарда талкуулап жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын корутундусунун угуп Курама айылдык кеңешинин X-чакырылышынын 1-кезектүү сессиясы токтом кылат:

1. 2021-жылдын 15-октябрындагы № 18 Курама айылдык кеңешинин токтому жокко чыгарылсын.

2. Тиркемедеги Курама айыл аймагынын Жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына жүктөлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышы Курама айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т.Бейсембаевага жүктөлсүн.

5. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булактарында жарыялансын.

6. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

7. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

А.К. Джумагулов
