Курама айылдык кеңешинин «Курама айыл аймагынын Жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-04-01.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Курама айылдык кеңешинин “1”апрель 2026-жылдагы № 25 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 27-январы № 7 Курама айыл аймагынын Жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 21-беренесине ылайык, Жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоорун элдик жыйындарда талкуулап жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын корутундусунун угуп Курама айылдык кеңешинин X-чакырылышынын 1-кезектүү сессиясы токтом кылат:
1. 2021-жылдын 15-октябрындагы № 18 Курама айылдык кеңешинин токтому жокко чыгарылсын.
2. Тиркемедеги Курама айыл аймагынын Жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышы Курама айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т.Бейсембаевага жүктөлсүн.
5. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булактарында жарыялансын.
6. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
7. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
А.К. Джумагулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Курама айылдык кеңешинин “1”апрель 2026-жылдагы № 25 "Курама айыл аймагынын Жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 01.04.2026 · № 25
- Курама айыл аймагынын Жергиликтүү жамаатынын Уставы (Курама айылдык кеңешинин 2026-жылдын 27-январындагы № 7 токтомуна)Устав · 27.01.2026 · № 7 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123