# Кең-Булуң айыл аймагынын Кең-Булуң айылдык кеңешинин 2026-жылдын 23-февралындагы № 1/XV-30 Кен-Булун айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө, Кен-Булун айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө жана 2027–2028-жылдарга бюджеттин божомолу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кең-Булуң айыл аймагынын Кең-Булуң айылдык кеңешинин 2026-жылдын 23-февралындагы № 1/XV-30 Кен-Булун айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө, Кен-Булун айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө жана 2027–2028-жылдарга бюджеттин божомолу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1/XV-30
- Кабыл алынган күнү: 23.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044807>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-54349/edition/51631/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230044807.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кең-Булуң айыл аймагынын Кең-Булуң айылдык кеңешинин 2026-жылдын 23-февралындагы № 1/XV-30 Кен-Булун айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө, Кен-Булун айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө жана 2027–2028-жылдарга бюджеттин божомолу жөнүндө" токтому (23.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044807

---

КЕҢ-БУЛУҢ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕҢ-БУЛУҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 23-февралы № 1/XV-30 Кен-Булун айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө, Кен-Булун айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө жана 2027–2028-жылдарга бюджеттин божомолу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 102,103-беренесинин негизинде, Кен-Булун айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Черненко С.Ннын «Кен-Булун айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө, 2026-жылга бюджетин бекитүү жана 2027–2028-жылдарга бюджеттин божомолу жөнүндө» маалыматын угуп жана талкуулап, Кен-Булун айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кен-Булун айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету киреше суммасы 112672,2 сом жана чыгаша бөлүктөрү боюнча жалпы суммасы 120 367,5 сом менен бекитилсин.

2. Кен-Булун айыл өкмөтүнүн 2026-жылга жергиликтүү бюджетинин болжолдуу планы 116 235,7 миң сом суммасында бекитилсин.

– Жергиликтүү бюджет – 107 451,7 миң сом, анын ичинде:

-Киреше бөлүгү боюнча – 107 451,7 миң сом -Чыгаша бөлүгү боюнча – 107 451,7 миң сом Анын ичинде бөлүмдөр боюнча: -Башкаруу аппараты – 30 879,7 миң сом; -Жайыт комитети – 1 162,1 миң сом; -Айылдык милиция бѳлүмү (ПОМ) – 44,0 миң сом; -Турак жай-коммуналдык чарба (ТКЧ) – 23 825,8 миң сом; -Спорт – 21 289,0 миң сом.

- Китепкана – 2 060,5 миң сом

-Клуб – 3 160,0 миң сом -Мектепке чейинки билим берүү уюму (МЧББУ) – 5 607,5 миң сом -Башталгыч мектеп – 802,9 миң сом -Орто мектептер – 14 889,2 миң сом -Социалдык камсыздоо – 3 731,0 миң сом Атайын бюджет: -Киреше бөлүгү боюнча – 8 784,0 миң сом -Чыгаша бөлүгү боюнча – 8 784,0 миң сом МЧББУ (атайын каражаттар) – 8 784,0 миң сом

3. Бюджет боюнча 46 042 697,59 сом өлчөмүндөгү эркин калдыктар төмөнкү бөлүмдөр жана беренелер боюнча бекитилсин:

«Аппарат» бөлүмү 70111: -2111-берене (үстөк акылар, ТТП, КТП, келишимдик төлөмдөр) – 1 200 000 сом -2121-берене (Социалдык фондго чегерүүлөр) – 127 300 сом -2215-берене (№3 мектептин ДБДсын иштеп чыгуу) – 1 800 000 сом -2215-берене (ичүүчү суу боюнча ДБД(ПСД) иштеп чыгуу) – 3 800 000 сом -2215-берене (парктар үчүн ДБД(ПСД) иштеп чыгуу) – 209 978,92 сом -Калктуу конуштардын арасында конкурс өткөрүү (кичи долбоор) – 200 000 сом Жайыт комитети бөлүмү 70429: -2215-берене (кредитордук карыз) – 129 365 сом «Турак жай-коммуналдык чарба» бөлүмү 70629: -2215-берене (Ивановка айылы, Станция Ивановка , Садовое айылы үчүн башкы планды иштеп чыгуу кызматы) – 3 442 900 сом -2215-берене (таштанды полигону үчүн экологиялык паспорт иштеп чыгуу кызматы) – 75 000 сом -3111-берене (Садовое айылында кичи-футбол аянтчасын куруу) – 3 762 018,81 сом -3111-берене (Чолпон айылында кичи-футбол аянтчасын куруу) – 4 488 124,50 сом -3111-берене (жарык берүүчү чырактарды сатып алуу жана орнотуу) – 445 000 сом -3111-берене (Садовое айылында 1,3 км жолду асфальттоо) – 10 000 000 сом -3111-берене (№2 орто мектеби үчүн даараткана куруу) – 1 244 607,18 сом. -3111-берене (ст.Ивановкадагы социалдык объектилердин 1,0 км жолун асфальттоо) – 8 500 000 сом МЧББУ бөлүмү – 70911: -3112-берене (жумшак инвентарларды сатып алуу) – 650 000 сом «Мектеп» бөлүмү – 70923: -3111-берене (№4 башталгыч мектеби үчүн даараткана куруу) – 1 244 607,18 сом -3111-берене (мектептер үчүн видеокамераларды сатып алуу жана орнотуу) – 720 000 сом -3112-берене (№1 орто мектебинин филиалы үчүн эмерек сатып алуу) – 475 000 сом -3112-берене (Ленин атындагы орто мектеп үчүн пардаларды сатып алуу) – 260 000 сом -3112-берене (жабдууларды сатып алуу) – 720 000 сом -3112-берене (Лайлиев атындагы орто мектеп үчүн жабдууларды сатып алуу, 2 152 000 сомдук долбоордун алкагында) – 1 183 600 сом -«Мурас» муниципалдык ишканасы – 443 560 сом -Чарбалык жана кеңсе товарларын сатып алуу – 355 636 сом -Жабдууларды сатып алуу – 549 000 сом -Сайтты тейлөө кызматы – 17 000 сом Атайын бюджет боюнча эркин калдыктар бекитилсин: МЧББУ (атайын) бөлүмү – 70911: -2218-берене (азык-түлүк сатып алуу) – 2 936 120,37 сом

4. Кен-Булун айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин штаттык расписаниеси бекитилсин:

-Спорт – 99 053 сом -Китепкана – 1 845 224 сом -Клуб – 1 000 631 сом -«Мурас» муниципалдык ишканасынын делегирлөө кызматкерлери үчүн – 2 207 418 сом

5. Кен-Булун айыл өкмөтүнүн 2026-жылга киреше бөлүгү №1 тиркемеге ылайык киреше булактары боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлсүн. 2026-жылга Кен-Булун айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгымдарын каржылоого каражаттар №2 жана №3 тиркемелерге ылайык бекитилсин.

6. Кен-Булун айыл өкмөтүнүн 2027–2028-жылдарга бюджетинин негизги параметрлеринин божомолу жактырылсын:

-2027-жылга киреше жана чыгаша боюнча божомол – 131 309 миң сом; -2028-жылга киреше жана чыгаша боюнча божомол – 142 730,0 миң сом.

7. 2026-жылга каржылоо иш жүзүндө түшкөн кирешелердин чегинде

жүргүзүлөрү белгиленсин. Мында биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча чыгымдар (эмгек акы, Социалдык фондго төгүмдөр, тамак-аш, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр) каржыланат.

8. Кен-Булун айыл өкмөтүнүн башчысынын 2026-жылга резервдик фонду 1% чегинде түзүлсүн.

9. «Билим берүү баары үчүн: билимге жаңы көз караш» долбоору боюнча Лайлиев атындагы орто мектебине 1 183,6 миң сом суммасы бекитилсин.

10. Чыгым беренелерин максаттуу пайдалануу үчүн жоопкерчилик Кен-Булун айыл өкмөтүнүн СЭО бөлүмүнүн башчысына жүктөлсүн.

11. Корголгон чыгым беренелери штаттык бирдиктерде бош орундардын болушуна жана ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышына байланыштуу азайтылышы же көбөйтүлүшү мүмкүн экендиги белгиленсин.

12. Муниципалдык мекемелердин бюджеттик жана атайын каражаттардын сметасында бекитилген суммалардан ашып түшкөн кирешелер толугу менен айыл өкмөтүнүн пайдаланууга калат, бирок бул айылдык кеңеш менен макулдашуу аркылуу жүргүзүлсүн.

13. Бюджеттик жана атайын каражаттарды казына системасынан тышкары пайдаланууга тыюу салынсын.

14. 2026-жылы Кен-Булун айыл өкмөтүнүн башчысына болжолдонгон кирешелерден ашыкча түшкөн каражаттардын эсебинен, кирешелердин чыгашалардан ашуусуна жараша, айылдык кеңеш менен макулдашуу аркылуу бекитилген бюджетке өзгөртүүлөрдү жана тактоолорду киргизүүгө укук берилсин.

15. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жашоо деңгээлин жогорулатуу максатында, арыздардын түшүшүнө жана турак-жай шарттарын текшерүүнүн жыйынтыгына жараша 3,0–10,0 миң сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлсүн.

16. Өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу кызматтык автоунаа үчүн ай сайын күйүүчү-майлоочу майдын лимити төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленсин: -айыл өкмөтүнүн башчысына – 300 литр;

-айылдык кеңештин төрагасына – 200 литр.

17. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен Кен-Булун айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлерине жана мекемелеринин

кызматкерлерине кызматтык айлык акыларды жана үстөк акыларды белгилөө укугу айыл өкмөтүнүн башчысына берилсин.

18. Жайыт комитетинен түшкөн акча каражаттары 100% өзүндө калтырылсын.

19. 2026-жылга атайын эсеп аркылуу ата-энелердин төлөмдөрүнүн

эсебинен мектепке чейинки билим берүү уюмдарында бир балага күнүнө тамак-аш үчүн төмөнкү нормалар бекитилсин: -Т. Абдуллаев атындагы МЧББУ – 90,90 сом -«Наристем» Ысык-Ата МЧББУ – 100 сом -«Малыш» Ысык-Ата МЧББУ – 100 сом -«Айлин» Ысык-Ата МЧББУ – 100 сом -«Берекем» МЧББУ – 90,90 сом

20. Кен-Булун айыл өкмөтүнүн 2026-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү программасы жана планы бекитилсин.

21.Токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигине жиберилсин.

22. Токтом каттоодон ѳткѳндѳн соң 3 күндѳн кийин күчүнѳ кирет.

23. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысына жана бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестициялар, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымына жүктөлсүн.

Төрага

М.С. Мурсалиев
